Күндөн-күнгө парламенттик шайлоо жакындап келе жатат. Партиялардын иши кызып, эл керегине жарачу азаматтар шайлоого даярдануу менен алек. Анын арасында гезитибизди элдин сүймөнчүгүнө айланта алган Кылычбек Султанов да бар.
– Кылычбек мырза, мындан 2 жыл мурда “ЭрК” партиясынан кетип, саясатка аралашпай турганыңызды айттыңыз эле...
– Туура. Мындай чечимди мен ошол кездеги шарттардан улам кабыл алганмын. 24-марттагы окуялардан кийин көпчүлүк кыргызстандыктардай эле мен дагы чыныгы элдик бийлик орноду деп терең ишенгенмин. Бирок бул ишенимим 2007-жылкы шайлоодон кийин кумга сиңген суудай жок болду.
Ал кездеги шайлоого “ЭрК” саясий партиясынан аттанып, бийликтин жапайы бут тосууларына туш болдум. Ошондогу шайлоодо “Ата Мекен” партиясы 50 пайыздан ашык шайлоочулардын колдоосуна ээ болгонуна карабастан, бийлик элдин добушун менчиктештирип алганына баарыбыз эле күбө болгонбуз. Бул шайлоо мен үчүн жакшы тажрыйба болду. Анткени сыртынан байкоочу катарында эмес, саясатты ичинен кароого мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
Ошентип, үч жыл мурун депутатты эл шайлабай эле, бийлик шайлаганда менин саясаттан көңүлүм калган болчу. Анын үстүнө буга чейинки эки президенттин бийлигин карай келсек, эл азаматы болом деген саясатчылардын көбү Акаевдин тушунда өсүп чыгыптыр да, кулатылган бийлик башкарган аралыкта жаш саясатчылар өсмөк түгүл өлтүрүлүп жатпадыбы. Буга мисал катары Санжар Кыдыралиев, Руслан Шабатоевдерди айта алам. Мен мындай шартта саясат менен алектенүүнүн башка түрүн тандап алдым. Саясаттын ал жолу – “Супер-Инфо” гезитинин нускасын өстүрүү жана анын арты менен КТР сыяктуу маалымат булактары бербей жаткан чындыкты элге жеткирип туруу болчу.
– Эмне үчүн “Ата Мекен” партиясын тандап алдыңыз?
– “Ата Мекен” партиясын чыныгы элдик партия деп эсептейм. Бул партияны элибиздин жашоосун оңдоого багыт алган көп жылдык туруктуу позициясы үчүн тандадым. "Ата Мекенди" жетектеген Өмүрбек Текебаевдин майтарылбас духуна жана даанышмандыгына абдан чоң баа берем. Мен мамлекетибизди тиран эмес, даанышман адам жетектешин каалайм.
– “Ата Мекен” партиясына кошулсаңыз, сиздин саясий көз карашыңыз гезитке таасир бербейби?
– “Супер-Инфо” гезитинин эң негизги максаты – элдин ишенимине ээ болуу. Гезит элдин ишенимине бир партиянын эмес, элдин таламын талашкан учурда гана ээ боло алат. Демек, элдин таламын ойлогон кайсы гана саясий күч болбосун, гезитибиз менен жолу бир.