АЛЛЕРГИЯЛЫК ДЕРМАТИТ. САПАТСЫЗ КОСМЕТИКА, ИТ-МЫШЫКТАН АБАЙЛАҢЫЗ

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2018-жылы Кыргыз өлкөсү боюнча тери оорулары менен 112 570 адам катталган. Булардын көбү аллергиялык дерматиттен жабыр тарткандар. Эгер сиздин жылмакай териңизде бир күнү бүдүрчөлөр пайда болуп кычыштырып баштаса, ал аллергиялык дерматит болушу мүмкүн. Аталган дарттын жаралуусу, дарылоо ыкмалары тууралуу айтып беребиз.

АЛЛЕРГИЯЛЫК ДЕРМАТИТ - БУЛ ТЕРИНИН СЕЗГЕНҮҮСҮ

Дерматит – тери оорусу. Анын себореялуу (кебер каптагандай, кабырчыктуу), контакттык, аллергиялык жана атопиялык дерматит (псориаз) деген түрлөрү бар.

Аллергиялык дерматит – бул теринин аллергендерден улам сезгенүүсү. Курч кармаган жана өнөкөткө айланган түрү бар. Ооруну дарылап, айыктырбаса экземага өтүп кетет, ошондой эле ички органдардын иштөөсү бузулат.

Аллергендик зат алгачкы ирет организмге киргенде иммундук системде антителалар иштелип чыгып, ошол аллергенге сезимталдык жаралат. Кийинки ирет аллерген организмге киргенде териде аллергиялык реакция пайда болот. Башкача айтканда, аллерген организмге тери аркылуу гана эмес, тамак-аш, дары-дармек жана башка түрүндө да кирип, ооруну козгойт.

Аллергендер төмөнкүлөр:

  • Өсүмдүктөрдүн чаңчалары. Аллергияны чакыруучу өсүмдүктөр: алабата, шыбак, амброзия, чалкан, аюу балтыркан (борщевик), уулуу чырмоок, өлөң чөп (осока), примула, хризантема, нарцисс жана башка.
  • Жаныбарлардын жүнү, шилекейи.
  • Дары-дармектер.
  • Бардык дары-дармектер аллергиялык реакцияны пайда кылуусу мүмкүн. Көбүнчөсү курамында сульфаниламид заты барлар, витаминдер, антибиотиктер жаратат.
  • Тамак-аштар (көбүнчө тамак-аш боёгу, жыт жана даам берүүчү заттар кошулгандары), цитрус жемиштери, жер-жемиштер (эң коркунучтуусу кулпунай, андан кийинки орунда малина, кызыл карагат турат).
  • Тиричиликте колдонулуучу химиялык каражаттар (терезе, идиш жуучу жана башка).
  • Косметикалык жана парфюмериялык каражаттар (атыр, крем, жеке гигиена каражаттары, тиш пастасы, шампунь жана башка).
  • Курт-кумурскалардын чагуусу.
  • Металл (никель, кобальт, сымап, жез, хром).

Көбүнчө никель аллергияны чакырат. Ал сааттын корпусунда, арзан бижутерияда, чач кыпчыткычтарда, идиште жана башкаларда кездешет.

Кобальт чач жана татуировка боёкторунда, ал эми хром жууп-тазалоочу каражаттарда, бут кийим креминде жолугат. Сымап дезинфекциялоочу, жез болсо тыйындардын, курт-кумурскаларды жок кылуучу каражаттардын курамында кездешет.

  • Латекс (кол кап, презервативдер).
  • Формалин. Бул дезинфекциялоочу каражаттардын, парфюмериянын, тиш пастасынын, чач боёгунун, самындын курамында бар.
  • Чаң жана чаңда жашоочу кенелер.

ДАРТТЫН БЕЛГИЛЕРИ

  • Теринин кызарып, ачышып-кычышуусу.
  • Теринин калыңдап, шишип, кургашы (тери жарылышы да мүмкүн).
  • Тери үстүнө исиркектенген бүдүрчөлөрдүн чыгышы.


ДЕНЕНИН КАЙСЫ БӨЛҮГҮ КӨП ЧАЛДЫГАТ?

  • Кол (дезинфекциялоочу каражаттар, бензин, идиш-аяк жана кир жуучу каражаттар, шакек, билерик, кол үчүн кремдер, металл жана өсүмдүктөрдүн чаңчаларынан улам).
  • Бет жана моюн (дары май, косметика, цитрустардан улам).
  • Жука чурай (латекс презервативден).


ДИАГНОЗ

  • Кандын анализи
    1) Антителаны (IgE ) аныктоо үчүн
    2) Кандагы канттын өлчөмүн аныктоо үчүн
  • Тери үстүнө коюлуучу аппликациялык тесттер (бетине аллергендер сүртүлгөн жабышкак кагаз пластина). Бир пластинада 10 чакты же андан көбүрөөк аллерген болушу мүмкүн. Бул далыга жабыштырылып, 48 саат калтырылат. Адамдын терисинин кайсы аллергенге аллергиясы болсо тиешелүү пластина жабыштырылган жери кызарат же бүдүрчөлөр жаралуусу мүмкүн. Пластинаны алгандан кийин теринин кызарганы бат эле кетет.
  • Азыр “аллерготест” да колдонулат. Анда эң көп таралган 24 аллерген сүйкөлгөн 2 пластырь бар.
  • Заара анализи
  • Аллерголог жана иммунологдун да кеңеши керектелет
  • Калкан сымал без, өт баштыкчасы, ашказан-ичегини текшертүү


ДАРЫЛОО

  • Антигистаминдик дары, крем, гормоналдык дары майлар
  • Сезгенүүгө каршы дарылар
  • Диета
  • Эгер инфекция кошулуп кетсе антибиотик кошо жазылып берилет
  • Өнөкөт дерматитте санаториялык-курорттук дарылоо да сунушталат

Курч кармаган дерматитти дарылоо 1 айга жакын созулат. Дарылоо жакшы натыйжа бербей жаткан учурда иммунодепрессанттар (организмдин иммунологиялык реакциясын басуучу) жазылып берилет. Өнөкөткө өткөн түрүн дарылап айыктыруу кыйын. Андыктан оору белгилери билинер замат дарылануу зарыл.

БЕЙТАПТЫН ТАМАКТАНУУСУ ЖАНА ЖАШОО ОБРАЗЫ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК?

Биринчи орунда дартты чакырган аллергендерди четтетүү турат. Айталы, латекс кол каптан аллергия болсо, винилден жасалган кол кап кийүү оң. Никелге аллергия болсо, ал курамында бар нерселерди колдонбоо (сөйкө, шакек, топчу, кийимдеги сыдырма) зарыл. Металлдан жасалган тарак, кайчынын сабы жыгач же пластмасса болсо туура. Ачкычтарды кармалабоо зарыл. Косметика, чач боёкторду аларда курамын карап, сизде аллергия чакырчу заты жогун алуу керек. Кир жуучу порошоктордун гипоаллергендүүсүн алуу оң. Учурда арзан, сапатсыз косметикадан, кооздук жасалгалардан, идиш жуучу каражаттардан, чач боёктордон аллергия болгондор көп. Синтетикалык кийимдерди албоо сунушталат. Денеге жабышкан, тар кийим кийүүгө болбойт. Андай кийим териге сүрүлүп, аллергияны күчөтөт. Үйдүн ичи ысык болсо да кычышуу көбөйөт, бөлмөнүн температурасы +24 градустан ашпашы зарыл. Мончо, саунаны унутуңуз. Жуунганда дене жышкычты эмес, губканы колдонуңуз. Тамактанууга жакшы көңүл буруу кажет. Аллергендүү азыктарды (козу карын, спаржа, шпинат, помидор, буурчак, жаңгак, мейиз, кабак, жумуртка, бал, кызыл өңдөгү алма, цитрус жана башка) жебей, нан, булочка, макарон дегендерди азыраак жеген туура. Консерваланган азыктар болбойт! Аллергия чакыруучу заттар менен иштегендер (мисалы, чач тарачтар, ашпоздор, идиш жуугучтар) башка жумушка өтүүлөрү керек.

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
vikidiki
2019-09-09 14:07:14
Урматтуу Админ , "атопический дерматит" жонундо да мыылымат берип коесузбу? Тиешелуу аллерголог адистердин да кенешин алсаныздар жакшы болмок. Алдын ала рахмат!
0
admin_portal
2019-09-09 14:11:00
vikidiki, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
0
№ 879, 5-11-сентябрь, 2019-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан