Экөөбүз коштоштук. Бүгүн түркүн түстөр менен кооздолгон экөөбүздүн дүйнөбүз талкаланды, өзүбүз ураттык. Бири-бирибизден айрыла албай, тыбырчылаган сүйүүбүздүн аягы ушул экен.
Муну кабыл ала албай мен убара. Кабыл алууга, мындай бурулушка даяр эмес болчумун. Сен берген энергия менен жашап, сенин жаныңда жүргөндө гана сезилген көркөмдүк менен жашоого көнүп келаткан элем. Анан эле тарс-турс, бац!.. Бардык нерсе чарт-чурт этип, туш-тарапка чачылып, өзүм талп этип жерге кулагандай болдум.
Cени менен сахна тааныштырды. Мен театрда 5-6 жыл иштеп койгондо сен жаңы жумушка келдиң. Эмнегедир көпчүлүк учурда режиссёрлор сүйүшкөндөрдүн ролуна экөөбүздү тандашчу. Клиптерге, тасмаларга да чогуу тартылып калдык. Ошондон улам кесиптештер да экөөбүздү жарашыктуу жуптар деп көп тамашалап калышчу. Ушундан уламбы, сен экөөбүз жакын болуп кеттик.
Бир ирет биз жумуштан кеч чыктык. Жеткирип коюуну сунуштадым. Адаттагыдай тамашалашып жатып эле сага тийишмекке өттүм. Сен да тамашаларыма кылыктанып жооп берип жаткансың. Каршылык көрсөтпөсүңдү билип ошол жерден эле белиңден кучактадым...
Мага сен идеалдуу көрүндүң. Ар бир кыймылың, сүйлөгөнүң, күлгөнүң, баары жагат. Ашыктыгым күчөй берди. Барган жеримде сени гана сөз кыла берем. Мен ушунчалык сени менен «ооруп» байланып калгам. Сулуулугуңа, кылыктарыңа арбалып, жаныңдан карыш жыла албай калгам. Бир иш-чарада жаныңдан чыкпай, сүйлөшкөн адамдарыма сени гана мактай бергенимди өзүм байкабай калыптырмын. Ал иш-чарага жубайымдын курбусу да келген эле. Ооба, мен үй-бүлөлүүмүн, 3 баланын атасымын. Бирок бул факт мени токтоткон жок. Үй-бүлөм сүйүүмдүн тышындагы өзүнчө дүйнөдөй, экөөнүн бири-бири менен байланышы жоктой сезилчү.
Экөөбүздүн жаңы гана курулуп келаткан дүйнөбүздү ураткан ушул иш-чара болду. Ушул түнү биздин үйдө чогуу түтүн булаткан 8 жыл ичиндеги алгачкы чоң чатак болду. Мен өзүмдүн убактылуу бакытымдын ичинде жүрө берип, эч нерсени байкабай калыптырмын. Өзүмдүн аракеттеримден эч кандай туура эмес иш көргөн эмесмин. "Аялым мени сүйөт, ал эч качан менден кете албайт" деп ойлочу экенмин. Ал эле эмес, анын мага таарынып же ызы-чуу салары оюма келбептир. Анткени ал ар дайым мага сылык сүйлөгөн, дайыма мени колдоп, көкөлөткөн, сабырдуу жубай эле. Бул түнү анын башка жүзүн көрдүм. Көрсө, аялдар керектүү жерде желмогуз, керектүү жерде периште боло алышат экен. Кырылыштык. Үйдөгү идиш-аяк талкаланды, көз жаштар акты, ачуу сөздөр айтылды. Ошондо гана эсиме келдим. Эмне кылып жатканымды ошондо сездим.
«Айжан жакшы адам. Аны кесиптешим катары гана жакшы көрөм» деп актана бердим. Өзүм алдасам да, көзүм алдай албады. Алсыз, айласыз анын алдында турдум. Балдарымды карап, алардан алыс жашап калышым мүмкүн экенин ойлогондо дүйнөм аңтарылып кетти. «Бүтүрөм, кетпе» деп жалдырадым, башка айлам жок болчу. Жубайым ошол эле түнү Айжан менен жолугуумду, бул баракты жабуумду талап кылды. Жолуктум. Баарын түшүндүрүп, айлам жок экенин, балдарым үчүн сени менен коштошушум керек экенин айттым. Ушул жол баарыбыз үчүн туура деген чечим кабыл алдым. Алдымда көз жашыңды төгүп гана туруп бердиң. Бир жумушта иштеп, сахнада чогуу ойноп, дайыма сени көрүп жүрүп коштошо алмак эмесмин, ага алым жетпейт болчу. Андыктан жумуштан кетүүнү чечтим. Жүрөгүмдөгү мени куйкалап жаткан өрттү канча убакытта өчүрө алам? Сенсиз жашоого көнүш үчүн канча күн, ай, жылым кетет? Кайрадан сени издеп өзүмдү кыйнабаймынбы? Мурункудай куштун уясындай үй-бүлөмдүн ынтымагын, жылуулугун кайтара аламбы? Көкүрөгүмдү мага тынчтык бербеген ушуга окшогон толтура суроолор жеп жатат. Алдыда мени жөн гана мурдагы Айдарды өзүмө кайтарып алуу үчүн, сенсиз, жаңы жашоону баштоо үчүн кылышым керек болгон чоң аракет күтүп турат. Мындан кийин ушундай катага жол бербейм деп өзүмө сөз берип жолумду уладым.
Айдар