Facebook социалдык тармагы колдонуучулардын жеке жашоосун жакшыртууга жардам бермекчи. Бул тууралуу аталган социалдык тармактын негиздөөчүсү Марк Цукерберг жазып чыкты. Ал жаңы кошула турган функция Facebook Dating деп аталып, адамдардын таанышууга, түгөй табуусуна жардам берүүгө багытталарын айтат.
Бул функциянын кызматынан колдонууну каалагандар өз баракчасынын түзүмүн карап чыгып, бардык колдонуучуларга ачык кылып коюу керек. Facebook Dating функциясын 18 жаштан жогорку колдонуучулар гана колдоно алат. Бул функция Instagram социалдык тармагы менен да байланыштуу. Мамиле курууну каалагандар колдонуучунун Инстаграм баракчасын таап алуусуна да оңой болмокчу.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg