Жеңил салмак категориясындагы UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов Инстаграм баракчасында катталуучулары эң көп Орусиядагы колдонуучу аталды.
Анын баракчасына жазылгандардын саны кескин түрдө өсүп жатат. Ал катталуучуларынын саны боюнча ырчы Ольга Бузовадан ашып өткөн. Буга чейин Бузова катталуучуларынын саны боюнча алдыңкы орунда тургандыгы менен белгилүү.
Учурда Бузованын Инстаграм баракчасына 16 миллион 318 миң адам катталган. Ал эми Нурмагомедовдун баракчасына жазылгандардын саны 16 миллион 515 миңге жетти.
Хабиб Нурмагомедовдун баракчасына жазылгандардын саны анын UFC 242 турниринде америкалык Дастин Порьени жеңип, чемпиондук курун коргоп калгандан кийин көбөйө баштаган.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg