Volocopter компаниясы учуучу такси кызматы боюнча долбоорун ишке ашыруу үчүн акча топтоп жатат. Инвесторлордун катарын Daimler, Intel, Volvo, Geely компаниялары толукташты. Volocopter компаниясынын учуучу аппараттарынын алгачкы моделдери буга чейин Дубайда жана Лас-Вегаста тааныштырылган.
Акыркы маалыматтарга таянсак, компания инвесторлордон 85 миллион евро топтогон. Компаниянын билдиргенине караганда, алгачкы учуучу техникалар 3 жылдан кийин пайдаланууга берилет. Алгач Velocity модели ишке кирмекчи. Ал 200 килограмм жүктү ташый алган эки орундуу учак болот.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg