Жасалма интеллект учурда тездик менен өнүгүп жатканы маалым. Роботтор жумушчулардын ордун ыкчам түрдө алмаштырып жатат. Ушул себептүү жакын арада көптөгөн адамдардын жумушсуз калуу коркунучу бар. IBM эл аралык технология компаниясынын изилдөөсүнө таянсак, жакын арада экономикасы өнүккөн 12 өлкөдө 120 миллион адамдын жумушсуз калуусу күтүлөт. Кызыгы, маселени чечкенге кайра эле жасалма интеллект жардамга келет. Анткени роботтор автоматташтыруунун кийинки этабында кандай жумушчуларга муктаждык болорун айтып бере алат. Бул маалымат компанияларга алдын ала окуу программаларын даярдоого жардам бермекчи.
Перизат Музуратбекова
koom@super.kg