СЫНЫК ИДИШТЕРДЕН АРЫЛГЫЛА! АШКАНАНЫ ЖЫЙНООНУН ЯПОНЧО ЫКМАСЫ

Ашкананы бир жолу, биротоло жыйнап коюуга болот. Ал үчүн ашыкча буюмдардан арылып, керектүүлөргө өз “үйүн” таап берүү керек. Андан соң колдонулган идишти кайра өз ордуна коюп жүрсөңүз эле ашкана чачылбайт.


ТАМАК-АШ ИЧИЛЧҮ ИДИШТЕР

  • Үйдөгү болгон идиш-аяктарды, кургак азык-түлүктөрдү бир жерге чогултуп, 3 категория боюнча жыйнаңыз: тамак-аш ичилчү идиштер, тамак-аш бышырууда колдонулуучу идиштер жана азык-түлүктөр. Алгач иреттөөнү тамак-аш ичилчү идиштерден баштайбыз.
  • Ашыкчалардан арылыңыз. Кокустан келип калган түгөйү жок, чети кетилген, буга чейин колдонулбаган жана эми дагы колдонулушу күмөн жараткан идиштерди жоготуңуз. Өзгөчө күндөрдө колдонулуучу идиштерди алып чыгып колдонууга коюңуз. Өзүңүздөн аябаңыз, ар бир идиш адамга кубаныч алып келүүсү зарыл. Кооз идиштен тамактаныңыз.
  • Идиш сакталчу шкафтын ичин 2ге бөлүңүз: ичүүгө ылайыкталган идиштер (мисалы, чыны, кесе, бокал жана башка) жана тамак-аш салууга арналган идиштер (тарелка, табак жана башка).
  • Эми калган идиштерди тиешелүү бөлүккө коюңуз. Коробкадагы идиштерди чыгарып, тизип койсоңуз көп орун бошойт. Шкафты ачканда баары көрүнүп, эмне керек болсо дароо таап алгандай болсун. Шкафты түп жагындагылар көрүнбөй калгыдай кылып толтурбаңыз. Текчелердин арасы кенен болсо, алардын арасын жакындатып, кошумча текче орнотууга болот. Идиштерди шкафка биринин үстүнө бирин коюп же идиш койгучка топ-тобу менен тигинен тизүү туура. Бул идиштерди бирден алып отурбай тобу менен алып чыгууга жеңил.

Ашкана шаймандары

  • Мунун да ашыкчаларынан арылыңыз.
  • Ашкана шаймандарын (кашык, вилка, бычак, чөмүч жана башка) цилиндр идишке тигинен салып (орунга үнөм) же коробкада жаткызып сактаңыз. Негизи, ичи бөлүктөргө ажыратылган жыгачтан жасалган поддонго салган оң.

Үбөлүк, калакча, күрөкчөлөр...

Булар да идишке тигинен же бөлүкчөлөрү бар ящикке салынат.

Мата салфеткалар

Столго колдонула элек мата салфеткаларды, декоративдүү кичинекей килемчелерди өзгөчө учурга сактабай алып чыгып койгула, пайдалангыла. Алар ашкана шаймандарынын жанына же тамак иччү столго коюлат. Ашкана сүлгүлөрүн бүктөп тигинен же түтүктөй кылып ороп, же топ-топ кылып коюу оң. Столдо орун аз болсо шкафта сактоо кажет.

ТАМАК-АШ ДАЯРДООДО КОЛДОНУЛУУЧУ ИДИШТЕР

  • Казан, кастрюль, көмөч казан, дуршлаг жана башкаларды бир жерге топтоңуз. Көңүлгө жаккандарын гана алып калып, калгандарынан арылыңыз.
  • Орунга үнөм болушу үчүн формасы окшош идиштердин чоңдорунун ичине кичирээктерин салып кийиштириңиз. Мисалы, чоң кастрюлдун ичине кичинесин салып. Капкактарын чогултуп, бир текчеге чогуу коюңуз.

Электр шаймандары

  • Тостер, вафельница, блендер, шире сыгуучу электр шаймандарын бир жерге чогултуп, жакпагандарын, бузук, эскилерин ыргытыңыз.
  • Кээде гана колдонула тургандарын шкафтын эң үстүнө же күндө колдонулуучу шаймандардын арт жагына коюңуз.

Контейнерлер

Сизге жакканын алып калып, санын тактап, ашыкчаларынан жана эскилеринен арылыңыз. Кичинелерин чоңдорунун ичине, капкактарын башка чоң контейнерге тикесинен салыңыз. Же капкактарды өзүнчө тикесинен коюп сактоого болот. Эгер шкаф кенен болсо, контейнерлерди капкагы менен жаап сактай бериңиз.

Кондитердик азыктарды бышыруучу калыптар

Эскилерин, колдонулбай тургандарын ыргытыңыз. Калгандарын жумшак пластик контейнерге, жумшак мата баштыкка же коробкага салып, шкафтын көрүнөө жерине коюңуз.

Бир жолу колдонулуучу буюмдар

Кагаздан жасалган тарелкалар, стакандар жана салфеткаларды бир идишке тикесинен салуу кажет. Анткени алар көбүнчө тобу менен колдонулат. Аты айтып тургандай эле, бир жолу колдонулуучу идиштерди колдонгон соң таштандыга ыргытуу керек.

Баштыктар

Желим жана кагаз баштыктарды биринин ичине салып же ар бирин түйүп сактоого болбойт! Түйүп коюлгандарын колдонуу керек болгондо аны чечүүгө мажбур болосуз. Ашыкча жыйнабаңыз, баштыкчаларды контейнерде сактоо керек. Аларды тегиздеп, бүктөп, тигинен коюңуз. Эгер бүктөөгө убактыңыз жок болсо, коробкага сактаңыз. Болгону баштыкчалардын ичине аба кирип, томпоюп калбагыдай болсун.

Жууп-тазалоочу каражаттар

Порошок, губка, идиш жуучу каражаттарды корзинкага же ящикке чогуу салып, раковинанын алдында сактоо керек. Саларда губканы катуу сыгууну унутпаңыз.

КУРГАК АЗЫК-ТҮЛҮКТӨР

  • Баарын бир жерге топтоңуз. Мөөнөтү өткөндөрүнөн арылыңыз.
  • Азыктарды категориясы боюнча сактаңыз: татымалдарды өзүнчө, күрүч, нокот, маш дегендерди өзүнчө, макарон түрлөрүн жана кант, набаттарды да өзүнчө. Тикесинен тура тургандарын тигинен койгула. Татымалдарды чакан банкаларга салуу оң. Шкафтын тартмаларын ачканда эмне бар экендиги дароо көрүнүшү керек.

Бат бузулуучу азыктар

  • Мөөнөтү өткөндөрүнөн кутулуңуз. Калгандарын контейнерге же чакан коробкаларга салып сактаңыз.
  • Муздаткычтын ичинин 30 пайыздайын бош калтыруу керек. Ал орун даярдала турган тамактын ашыгын сактоо үчүн керек.
  • Азыктар категориялар менен сакталат. Мисалы, сүт азыктары бир жерде чогуу, таттуулар, консервалар да ар башка жерде чогуу коюлат. Бул эмнелер бар жана эмнелер керек экендигин так билүү үчүн керек.


Булак: Мари Кондо “Сыйкырдуу жыйнаштыруу. Үйдү жана жашоону тартипке келтирүүнүн япончо искусствосу”.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Nevestkaa
2019-09-16 10:09:48
Баарында эле мындай кухонный гарнитур жок да.Ашканабыз чоң гарнитурубуз да кенен болсо го өзүбүз билет элек кантип ирээттешти.
+21
nazira...
2019-09-16 11:57:03
Nevestkaa, ырас эле
+6
demo009
2019-09-16 19:31:19
Nevestkaa,боорум эзилди
+3
-Kuzya9613
2019-09-16 19:07:54
Мындай гарнитур болсо мен деле ушинтмекмин
+6
Isikkolumkeremet
2019-09-17 11:44:37
Бул кенеш ушундай ашканасы.ушундай тартма.текче жана тээтигиндей идиштери бар туруп жыйналбай жаткандар учун тура корсо.мен байкабай эле....
+5
akmanai
2019-09-18 02:17:53
Кенеш учун рахмат. Мен буйруса жолдошума ушундай гарнитур сатып беруусун, же жасап беруусун суранам.
0
aiba_00
2019-09-18 10:52:37
Гарнитур заказ кылганда эске алчы нерселер бар экен мисалы капкактар эч жака батпай жинге тийет, ушундай заказ кылыш керек экен, коп пайдалуу жактары бар экен бул жерде.
+2
Asyl10
2019-09-18 17:56:26
Мындай кухонный гарнитурду ар биринин жолдошу сатып берсе кыргыздын кыз-келиндери аны кантип тыкылдытып колдонууну япондорго уйротуп, эки-уч тартмай,тумбаларын бошотуп, башка нерселерди да батырганга ынгайлатып алышат. Бизде тарелкаларды тигинтип жайнатып устуно кружкаларды койуп салса тумбага, "бул эмне кылганын? баарын жайлоого кой жайгандай жайып", деп тарелкалардын баарын биринин устуно бирин коморуп, кружкаларды уч бурчтук кылып кабаттап тизип эптуу эмес бош оорун калтырышмак.
+1
arno2008
2019-09-20 20:45:54
Кыргыздын идиши буга батпайт конок келет деп канча чыны ,табак жыйнайбыз,
+3
№ 880, 12-18-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан