2022-жылы Катарда өтүүчү футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна тандоо турларынын алкагында Кыргызстан алгачкы жеңилүү ызасын тартты.
5-сентябрда тайпалык оюндардын алкагында Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын курама командасы менен оюн талаасына чыккан “Ак шумкарлар” 0:1 эсебинде атаандашына жеңилип калды. Оюн тууралуу Кыргыз курамасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин: “Азия Кубогундагыдай оюн көрсөтө алган жокпуз. Эмнеге мындай болгонун териштиребиз. Бизге тандоо турундагы ар бир оюн оңой болбойт”,- деп билдирди.
10-сентябрда тандап алуу оюндарынын 2-турдагы оюндары башталды. Анда F тайпасында Монголия менен Тажикстан Улан-Батор шаарында ойноп, бул оюн да 1:0 эсебинде Тажикстандын пайдасына чечилди. Тажикстан 2 ирет жеңишке ээ болуп, тайпада 6 упай топтоду. Ушул эле күнү Япония Мьянма курамасы менен кез келип, 2:0 эсебинде Япония утту. Кыргыз курама командасын F тайпасында алдыда Мьянма, Монголия, Япония менен болуучу беттештер күтүүдө. Кыргыз курама командасы 2-турдук оюндардан кийин 4-орунда келе жатат. Тайпадагы күрөш эми кызуу башталды. Кыргыз өлкөсү кийинки беттешти октябрь айында Мьянманы Бишкекте кабыл алат. Андан кийин Монголия менен конокто ойнойт. Бул беттештерде упай жоготсок тайпанын чыгуу мүмкүнчүлүгүнөн дээрлик ажырайбыз.
Перизат Музуратбекова
sport@super.kg