Кино тармагында ата изи менен кеткен режиссёрлордун бири Мирлан Абдыкалыков жакында “Жөө күлүк” тасмасын тартып, элге тартуулайт. Фильмдин дүйнөлүк бет ачары октябрда Түштүк Кореяда, Пусан фестивалында болот. Эсиңизде болсо, анын “Сүтак” тасмасы Кыргыз өлкөсүнөн биринчилерден болуп Орусиянын абройлуу “Ника” сыйлыгын алган. Ал эми бул тасмалардын продюсери Мирлан Абдыкалыковдун жубайы Алтынай Койчуманова. Бирин-бири толуктап, ийгиликтүү иштешип келе жаткан жубайлар биздин гезитке кызыктуу маек куруп беришти.
– Саламатсыздарбы, Мирлан, Алтынай? “Жөө күлүк” тасмасынын дүйнөлүк бет ачары болорун уктук. Тасманы тартып, аны элдин назарына коюу оңой эмес болуш керек. Сезимдериңиздер кандай болуп жатат?
Мирлан Абдыкалыков:
– Саламатсыздар, кино тартуу оңой эмес. Бул менин толук метраждуу экинчи тасмам. Биринчиси “Сүтак”, өзүңүздөр билгендей, көп сыйлыктарга татыды. Ал эми "Жөө күлүк" тасмасы 24-Пусан эл аралык фестивалынын "New Currents" сынак программасына кабыл алынды. Фестиваль 3-21-октябрь күндөрү Түштүк Кореяда өтөт. Бет ачарын кылганга чейин бир нече эл аралык фестивалдарга катышууга жөнөткөнбүз. Албетте, сүйүндүк, жүзүбүз жарык болуп сиз менен маектешип отурган учурубуз. Кыргыз өлкөсүндө "Жөө күлүктүн" бет ачары 17-октябрда болот.
– Алтынай, сиз көп тасмаларда продюсерлик кыласыз. Билишимче, кесибиңиз башка.
Алтынай Койчуманова:
– Кесибим боюнча экономистмин. Атам (ред.: кайнатасы режиссёр Актан Арым Кубат) Төлөндү Тойчубаев менен биргеликте “Ой-Арт” студиясын ачып, мени жумушка алышкан. “Кыргыз кино тармагын дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу мүмкүнбү?” деген ой менен жумушка орношком. Кино тармагы өзү кызыктуу болгондуктан, бул тармакта иштегенге аябай кызыгып калгам. Ошондон баштап кино тармагында эмгектенип келе жатам.
– Мирлан, атаңыз Актан Арым Кубаттын кесип тандооңузга салымы болдубу?
М.А.: – Менин кино тармагында билимим жок. Журналистика факультетинде окугам. Мектепти аяктап жатканда Кыргыз өлкөсүндө тасма тартылбай токтоп турган учур эле. Анан атам “кино тартылбаса да, телевидение көп убакыт жашайт болуш керек, тележурналист бол” деп Алматыга журналистика бөлүмүнө тапшырууга кеңешин берген. Ошондо тележурналистика менен кино окшош деген ой болгон эле. Бирок мен борбордо эле окуюн деп чечтим. Ошентип Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, телеканалдардын биринде иштеп жүрдүм. Кийин кино жаатына өтүп кеттим. Апамдын айтымында, атам 5 жашымдан эле кайсы жерде тасма тартса, ошол жакка алып кетчү экен. Балким, мени бир нерсе көрсүн дегенби же алып кетип апама жардам бергиси келгенби, ким билсин? Кандай ойлосо да атам мен үчүн жакшы иш кылган экен деп ойлойм. Анткени тасма талаасында жүрүп бул тармакты ийне-жибине чейин үйрөндүм.
– Атаңыз тасмаларынын көбүнө сизди тарткан. Уулу болгонуңуз үчүнбү же талантыңызданбы?
– Расмий тандоо болбосо да, үйдө атам кастинг кылып эле мени тандаса керек. Эсимде, бир жолу эжем экөөбүз отурсак “бакты туурагылачы” деди. Эжем тартындыбы, жакшы туурай алган жок. Мен эки колумду көтөрүп шуулдап, чайпалып, колумдагы чүкөлөрүмдү жалбырак кылып түшүрүп укмуш туурап бердим. Менимче, тандоодон ошондо өтсөм керек.
– Экөөңүздөргө тең суроо, автордук кино тартасыздар, бирок ага элдин кызыгуусу азыраак болуп калат, коммерциялык кино тартып элди чогулткан жакшы эмеспи?
А.К.: – Менин оюмча, автордук кино дагы, коммерциялык кино дагы болушу керек. Экөөнүн эки башка максаты жана талабы бар. Элге экөө тең керек, кээ бирөө жеңил тасма көргүсү келет, кээ бирөө орчундуу бир ойду берген тасманы көргүсү келет. Тасмалар тартыла бергени жакшы, кайсы бир мезгилде бир жылда бир да кино тартылбай калган. Азыр бир жылда 100 тасма тартылып жатат. Демек, элде талап бар, бул жакшы нерсе.
М.А.: – Автордук тасмалардын максаты – кыргыз элин дүйнөгө көрсөтүү. Мисалы, улуу муун Төлөмүш Океев, Болот Шамшиевдер тарткан кыргыз кереметтерин кийин Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Темир Бирназаров сыяктуу режиссёрлор улап кетсе, алардын көчүн улап биз бара жатабыз. Ал эми коммерциялык багытта тартылган тасмалардын да баркын билишибиз керек. Анткени кинотеатрлар иштен чыгып, эч ким барбай калганда азыркы жаш режиссёрлор кинону жандандырышты. Элге кинотеатрга барып кино көрсө болорун көрсөтүштү. Эки тармак тең жашаганга, өнүккөнгө татыктуу.
– Бири-биринин оюн толуктаган жубайлар кантип таанышып калышты экен?
М.А.: – Атам менен Төлөндү байке студия ачышып, ал жакта Алтынай иштеп калды. Атам “кеңсеге Алтынай деген кыз келет, жардамдашып, билбегендерин үйрөтүп тур” деди. Мен улам кирип, Алтынайдын абалын сурап жаттым. Ошентип азыркыга чейин жардам берип келе жатам (күлүп).
А.К.: – Мен жумушка киргенде эле атам тарткан тасмалардын баарын көрүп чыккам. Мирлан анын баласы экенин, актёр экенин билчүмүн. Ага режиссёрдун баласы, актёр катары кызыгуу бар болчу. Мирлан атамдын көп кинолоруна тартылгандыктан, отурган кабинетимде жалаң анын сүрөтү илинип турчу. Күндө бул жигиттин сүрөтүн карап отурчумун (күлүп).
– Сүйүү качан башталды?
М.А.: – Бир жолу киночулар биздин үйгө мейман болуп келип калышты. Казакстандан да келгендер бар эле. Коноктордун бири “Алтынай жакшы кыз, биз Казакстанга алып кетип калбасакпы” дегендей тамаша кеп айтты. Мен ичимден “Алтынайдыбы? Эмнеге?” деп бир кызыктай боло түштүм. Коноктор кеткенден кийин апам “Алтынай жакшы кыз, ка-ап, биз эле келин кылып алсак жакшы болмок” деп калды. Ага чейин Алтынайды эмгекчил, өзгөчө дүйнөсү бар адам катары баалачу элем. Ата-эне баары бир багыт берүүчүлөрдөн болот окшойт, апамдын сөзүнөн кийин ойлонуп калдым. Анан жактырышып, кыз-жигит болуп сүйлөшүп баштадык. Мен анда 24 жашта болчумун, мындай караганда жаш элем. Бирок Алтынайдай кыз менен олуттуу мамиле кылышым керек экенин так билчүмүн. Экөөбүз эмдиги жылы баш кошобуз деп сүйлөшкөнбүз. Бир жолу кечинде тамак ичип отурганда атам менен апама “мен үйлөнөм” дедим. Тымтырс. Бир аздан кийин апам “кимге?” деди. “Алтынайга” дедим. Апам сүйүнүп кетти, атам унчуккан жок. Эмоциясын дароо билдирбеген адам да. Эртеси чай ичип ишке кеткени жатсам атам “отурчу, сүйлөшөлү” деди. Отургузуп алып “эмки жылы дебей эле, күзүндө баш кошо бергиле” деди. Ошентип атам менен апам датабызды жылдырып салышты, биз баш кошуп калдык.
– Алтынай, сиздин сүйүү сүрөттөн башталдыбы?
А.К.: – Дубалда илинген Мирландын сүрөттөрүнүн ортосуна кээде шоколад, гүл кыстарылып калчу. Столумда турган гүлдөрдү көрүп “ким алып келди?” десем, Мирлан “Лидия Фёдоровна алып келсе керек” деп койчу. Баары бир Мирлан алып келгенин билчү элем. Мен үйдөн чыкпаган, жигит менен ишим жок кыз элем. Анан Мирландын жылуу мамилеси, романтикасы жүрөгүмдү жылыта баштады. Эң негизгиси, үй-бүлөсүндөгү сыйга аябай суктанчумун. Атам менен Мирландын сый мамилеси, апасынын жылуу, сонун мамилелери мага аябай таасир берген. Өзү да жакшы жигит, эмнеге болбосун деп ойлодум. Ошол боюнча бул жакта иштеп калдым.
– Маянаңызды көтөрүштүбү андан бери?
– Жок, тескерисинче, бекер иштеп жатам (күлүп).
– Мирлан, эркек балдар апасына окшоштуруп жубай тандашат дешет, кайнене-келин окшошпу?
М.А.: – Апам шайыр, ачык, жүргөн жерин майрам кылган адам. Алтынай көбүрөөк атама окшош, атам бир мүнөз адам.Көпкө ойлонуп, бир нерсе айтышы мүмкүн.
– Алтынай айым токтоо экен, үй-бүлөдө чарт-чурт болобу?
М.А.: – Кыйкырышып же былчылдашып кеткенден Кудай сактасын, андай учур боло элек.
А.К.: – Кээде талашып-тартышабыз.
– Балдарыңыздарга кандай тарбия бересиздер?
М.А.: – Сезимай, Назик, Айзирек аттуу үч кызыбыз бар. Улуулары 4-5-класста окушат, кичүүбүз 2 жашта. Кыздарга катуу айтып албайын деп көп учурда апасына тапшырам. Байкашымча, Алтынай кыйкырбайт, баарын акырын айтып түшүндүргөнгө аракет кылат. Чоң атасы менен чоң энесине аябай эркелешет.
А.К.: – Чоң ата, чоң эне мээримдүү болот эмеспи. Ал эми ата-эне тарбияга бир аз бекем болушу керек. Бирок кыздарымды эркин тарбиялайм, дайыма алардын пикирин угуп, суроолоруна жооп бергенге убакыт табам.
– Маегиңиздерге рахмат, бактылуу болуңуздар!
Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg