“Супер-Инфо” гезити Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы менен биргеликте “Суперфутбол-2019” турнирин өткөрөт. Футбол боюнча Улуттук курама команданы колдоо максатында уюштурулуп жаткан бул турнирде Саясат, Шоу-бизнес, Көк бөрү, ЖМК өкүлдөрүнөн турган 4 команда ат салышат.
Мелдеште Улуттук курамдын бардык оюнчулары конок болушат.
Бул санда шоу-бизнес өкүлдөрүнүн намысын коргоп, каршылаштары менен топ талаша турган оюнчулар, алардын футбол талаасындагы позициясы менен тааныштырабыз.