АНАСТАСИЯ ЗАВОРОТНЮК РАК ИЛДЕТИ МЕНЕН КҮРӨШҮҮДӨ

Өткөн жумада Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, «Менин татынакай бала багуучум» («Моя прекрасная няня») сериалында бала багуучу Виканын ролун жаратып калың журтка таанылган актриса Анастасия Заворотнюк акыркы стадиядагы баш мээнин шишиги дарты менен алышып жатканы маалым болду. Актрисанын азыркы абалы мындан 4 жыл мурун ушундай илдеттен каза тапкан ырчы Жанна Фрискени эске салууда.

БАЛА КЕЗДЕН АКТРИСАЛЫКТЫ САМАГАН
Актриса, телеалпаруучу Анастасия Заворотнюк 1971-жылы 3-апрелде Астрахань шаарында чыгармачыл үй-бүлөдө төрөлгөн. Атасы телережиссёр, апасы Орусиянын Эл артисти болгондуктан Кудайдын куттуу күнү үйүндө чыгармачыл инсандар конок болот эле. Бала кезден зирек, тың Настя актриса деген сөзгө тили келбесе да, актриса болом деп кыялданчу. Андыктан атайын музыкалык мектепте окуп, театрдан сабак алып, бош убактысында бий менен алектенчү. Бирок мектепти аяктаганда эмнегедир актриса болуу оюнан кайтып, Астрахань шаарындагы Мамлекеттик педагогикалык институттун тарых факультетине тапшырат. Чыгармачылык канына сиңип калган адам тарых сабагы менен чектелип калмак беле, бир жылга жетпей окуусун таштап, Москвадагы Көркөм академия тетрына тапшырат. Ошол жактан Настянын актрисалык карьерасы башталат. Алгачкы жолу 1991-жылы ал тартылган «Машенька» аттуу тасма жарыкка чыгып, 20 жашында Настянын актрисалык жолу башталат.

АТАГЫН ЧЫГАРГАН СЕРИАЛ
2004-жылы Анастасиянын жашоосун толугу менен өзгөрткөн коңгуроо болгон. Аны жаңы комедиялык сериалга чакырышканда мынчалык популярдуу сериал болот деп үч уктаса түшүнө кирбесе керек. Катардагы кастинг деп ойлоп тандоого барып ага чейин 1500 актриса келгенин билет. Ал кезде ырчы Жанна Фриске «Түнкү күзөт» тасмасында башкы каармандын ролун ойноп, атагы таш жарып жаткан маал болчу. "Менин татынакай бала багуучум" сериалындагы баш каарман Виканын ролуна алгач Жанна Фриске каралып жаткан. Бирок Заворотнюк кастингге келгенде жетекчилик аны тандашкан.
Сериал актрисага күтүлбөгөн атак алып келип, күйөрмандары көбөйгөнү менен, анын экинчи тарабы да бар болчу. Күнүнө 12-16 саат тасма талаасында жүрүп жаңы сүйүүгө жолугуп, экинчи жолдошу Дмитрий менен ажырашып кеткен. Виканын ролу үчүн актриса «Золотая Оспа, «Тэфи» сыйлыктарын алган. Андан кийин «Код апокалипсиса» жана башка тасмаларда тартылган.

АНАСТАСИЯ ҮЧҮН ЖУБАЙЛАРЫН ТАШТАГАН МЫРЗАЛАР
Сулуу, энергиясы ашып-ташкан актрисага көз арткандар четтен чыккан. 1993-жылы 22 жашында актриса биринчи жолдошу бизнесмен Олаф Шварцкопф менен таанышат. Олафтын айтымында, актрисаны бир көрүп сүйүп, таанышканына 4 күн болгондо колун сураган. Анастасия аны аз билгенине, ортосундагы 12 жаш айырмачылыкка карабай макулдугун берип, экөө никеге туруп, Германияга көчүп кетишет. Бирок бир жылга жетпей жолдошу менен ажырашып, актриса Орусияга келе берген. Алардын ажырашуусуна көпчүлүк Анастасиянын боюнан баласы түшүп калганы себеп болгонун айтышкан. Олаф «Анастасия мага боюмдан түшүп калды деп айтканына ишенгем. Кийин аборт жасатканын билдим» деген. Жолдошу актрисаны үйүнө камап, кол көтөргөнү тууралуу да маалымат бар.
Мекенине кайтып карьерасын уланткан Анастасия бизнесмен Дмитрий Стрюков менен таанышып, жүрөгүнө чок салат. Дмитрий жубайы менен ажырашууга шашып, жолугушуунун 4-күнү актрисанын колун сурайт. Сүйүшкөндөр баш кошуп, улуу кызы төрөлгөндө Америкага көчүп кетишет. Настя бирде АКШда кыймылсыз мүлк агенттиги менен алектенсе, кайра Орусияга келип карьерасын улантып турган. 2000-жылы экинчи уулу Майк төрөлөт. Бирок америкалык кыялдар ишке ашпай, 2006-жылы Дмитрий менен курган үй-бүлөсүнө чекит коюлат. Ага «Менин татынакай бала багуучум» сериалындагы актёр Сергей Жигунов, экинчиси актрисанын сериал менен алек болуп, үй-бүлөсүнө көп көңүл бурбагандыгы себеп болот. Тилекке каршы, элге аңыз болуп айтылган экөөнүн сүйүүсү көпкө созулган эмес. 2008-жылы Настя «Муз доору» теледолбооруна алып баруучу катары чакырылып, ал жактан муз бийчиси Пётр Чернышев менен сүйүү оту тутанып кетет. Ошентип, Сергей да унутулат. Пётр жубайы менен ажырашып, ошол эле жылы Анастасияга баш кошот. Былтыр актриса менен жолдошу ЭКО ыкмасы менен кыздуу болушкан.

РАККА ЭКО СЕБЕП БОЛГОНБУ?
Ушул жылы 13-сентябрь күнү орусиялык массалык маалымат булактарына актриса Анастасия Заворотнюктун рак илдети менен күрөшүп жатканы тууралуу маалымат тарады. «Московский комсомолец» басылмасына чыккан маалыматка ылайык, актриса быйыл жазында германиялык клиникалардын биринде текшерүүдөн өтүп, ага «баш мээнин шишиги» диагнозу коюлган. Ошол жактан башына операция жасалган. 25-июнда актриса апасы менен Орусияга келип, 26-июнь түнү башы катуу ооруп, кан басымы көтөрүлүп, «Тез жардам» менен ооруканага жеткирилгени белгилүү болду.
Учурда актрисаны Москвадагы заманбап медициналык онкологиялык борбордо дарыгерлер тыкыр көзөмөлдөп турушат. Актриса өзү дем ала албай калганынан улам жасалма дем алдыруучу аппаратта жаткырылганы маалым болду. Актрисанын комага түшкөнү, дарылоо токтотулганы да айтылууда.
Актрисанын диагнозу көпчүлүккө 2015-жылы баш мээ шишигинен каза тапкан ырчы Жанна Фрискени эске салууда. Интернет желесинде бул коркунучтуу илдет актрисада балалуу болуу үчүн өткөн процедуралардын (ЭКОнун) натыйжасында пайда болгон деген божомолдор жазылууда.
Актрисанын соңку абалы тууралуу акыркы маалыматты продюсер Андрей Разин таратты. Анын айтымында, Заворотнюк комада жатат. Анын жакындары суук кабарга даяр экенин билдирди.


Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
aiba_00
2019-09-24 13:00:05
Жаман болуптур жабышкан оору жанын алып тынат го,
0
mela
2019-09-25 00:32:58
Комага тушпоптур....Бир калыпта дешти го....Каргышка ,коз жашка калган экен.
+1
№ 881, 19-25-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан