Назбийке Айдарова, актриса: «КЛИПТЕРГЕ ТАРТЫЛГЫМ КЕЛБЕЙТ. БААРЫ БИРИ-БИРИНЕ ОКШОШ»

Сиз бул кызды учурдагы кыргыз тасмаларынан, клиптерден да көп көрөсүз. Көбүнчө назик, жоош, мээримдүү кыздын ролун аткарган Назбийке Айдарова бул сандын апта каарманы. Актриса маектешүүгө бийчи жигити менен чогуу келип, жакшы жаңылыктары менен бөлүштү.

– Кандайсың, Назбийке? Кандай жаңылыктарың бар?
– Жакшы, рахмат. Сентябрдын аягында «Жамгырдан кийин» аттуу тасма эл сынына коюлат. Ала качуу маселесин чагылдырган бул кинодо мен башкы ролду ойнодум. Тасманын тартылып бүткөнүнө 2 жыл болуп калды, бирок монтаж эми бүтүп, көрсөтүлгөнү жатат. Фильмдин сценаристи, продюсери корей улутундагы америкалык Южиния Чанг, режиссёру Чыңгыз Нарынов. Мындан тышкары «Напарниктер» тасмасынын 2-бөлүгүндө башкы каармандын ролун ойнодум. Бул ролум буга чейин аткарып жүргөн назик, жоош кыздын образынан айырмаланат. Өзүм деле назик, жоош кыздын образын жарата берүүдөн тажадым.

– Клиптерге тартылууга да көп сунуштар түшсө керек?
– Клиптерге тартылган жакпайт. Азыр клиптер бири-бирине окшош. Көпчүлүгүндө сүйүшкөндөр урушуп, ыйлап, бири экинчисин таштап кетет. Айрым учурда ыр менен клип бири-бирине такыр төп келбей калат. Клипке тартылууга көп сунуштар түшөт. Мен көпчүлүгүнөн баш тартам. Кээде тааныштарыма жок дей албай тартылып берем. Өзгөчө клип болсо тартылмакмын. Мен чыныгы кыргыз кызынын образын чагылдырганды жактырам.

– Бир кезде актрисалык билим алууну көздөп жаттың эле?
– Билим ала элекмин. 5 жыл окуп, кийин кадр артында гана иштеп калгандарды көп билем. Себебин сурасам, окуп жүргөн кезде бизден ашып кетпесин дегенсип мугалимдер тасмага тартылууга тыюу салышат экен. Диплом алгандан кийин гонорардын аздыгынан актёр, актриса болбой, кадр сыртында иштеп калышат. Мисалы, жарык койгондор актёрлорго караганда жакшы акча табышат. Ошондуктан чет өлкөдөн билим алгым келет.

– Эң көп жана эң аз гонорарың канча болгон?
– Көп гонорарды «Жамгырдан кийин» тасмасынан алдым. Бирок канча экенин айта албайм. Эң азын алгачкы жолу тасмага тартылганда алгам. Ал «ЖинМэн» болчу. Анда мага 1000 сом берип, «биринчи жолу тартылып жатасың. Бул өзүңө эле керек» дешкен. Нааразы болгом. Анткени таң аткандан түнгө чейин ошол тасма менен жүрдүм, суукта калган учурларым болгон.

– Өзүңдү сулуулардын катарына кошосуңбу?
– Жок. Менден өткөн сулуулар бар. Кыргыздын бардык кыздары сулуу. Бийлеп жүрүп (ред. "Жаш-Кыял" бий ансамблинде бийлеген) чет жерлерге көп чыгып калдым. Ошондо казак жана кыргыз кыздарынын сулуулугуна суктангандарды көп көрдүм.

– Ачык кийинбейм деп калдың. Ага эмне себеп?
– Биздин эл андайды түшүнбөйт, көп сөзгө калам. Ал эмес, боёнуп алсам «аябай көп боёносуң, сага жарашпайт экен», «сулуу деле эмес экенсиң» деп жазгандар бар. «Жамгырдан кийин» тасмасында сойку кыздын ролун ойношум керек болчу. Мен «өтө ачык кийинбейм, эротикалык сценаларга тартылбайм» дегенден кийин сценарийди өзгөртүштү.

– Сенде көрө албастык, негизсиз сындарга карата иммунитет пайда боло элекпи?
– Жок. Мага карата айтылган бардык сөздү эстеп калам. Эл айткан сынга жараша «мындай сүрөт чыгарбаш керек, анчалык боёнбош керек» деп калам. Сөзгө калбайын деп аракет кылам. Кабыл албай коёюн десем деле ал сөздөрдү ойлоно берем.

– Апаң силерди жалгыз тарбиялаганын айтып каласың. Атасы менен чогуу жашабай калгандар ата мээримин башка эркектерден издейт дешет. Сенде да ошондойбу?
– Атамды акыркы жолу бала бакчадан көргөм. Андан кийин жазган да, чалган да эмес. Башкалардын атасы чалат, жазат же дем алыш күндөрү балдарын алып ойнотуп келет. Бизде андай болгон жок. Бул анын каалоосу болушу керек. Демек, биз менен байланышкысы келбеди. Керек болсок, бизден кабар алмак. Ооба, мен ата мээримин башкалардан издейм. Инимден, байкелеримден мээрим күтөм.

– Апаң тууралуу айтып берчи. Экөөңөр окшошсуңарбы?
– Апам экөөбүз эки башка адамбыз. Апам жоош, бирөө таарынтса жооп кайтара албай калат. Таш менен урса, аш менен ургандар бар го, апам ошондой. Мен андай эмесмин. Бирөө мага жаман сүйлөсө, мен да жаман сүйлөйм, беттен алыш керек болсо беттен алам.

– Маектешүүгө жигитиң менен ээрчишип келдиңер. Жеке жашооңдо өзгөрүүлөр болгону жаткан го?
– Үйлөнүү той жөнүндө ойлонуп жатабыз. Так кесе качан болорун айта албайбыз. Бирок ушул жылы үйлөнүп калышыбыз мүмкүн. Жигитим бийчи Саламат Абдрахманов. Буга чейин «Тумар КР» тобунда бийлеп жүргөн.

– Жакшы. Экөөңөр кантип табышып калдыңар?
– 4 жылдан бери таанышпыз. Алгач дос катары сүйлөшүп, жолугуп жүрчүбүз. Кыз-жигит болуп сүйлөшө баштаганыбызга 1 жарым жыл болуп калды. Алгач таанышканда эле экөөбүздө тең сезимдер ойгонуптур, аны кийин билдик. Бирок экөөбүз тең бири-бирибизге айткан эмеспиз. Саламат сезимдерин, эмоцияларын ичине катып жүргөн жигит. Анын сүйүнгөнүн, капа болгонун өзүң сурамайынча биле албайсың. Ошентип, ал сезимдерин айтпай жүрө берди. Мен болсо «кыздар биринчи айтпайт» деп күтүп жүрдүм.
Саламат чет өлкөгө көп чыкчу. 2 жыл мурун Германияга көп убакытка кетип калды. Ошондо анын айтышын күтүп жүрө бербей, өзүм сезимимди билдирүүнү туура көрдүм. 14-февраль күнү «Сен мага жагасың» деп СМС жазсам, ал «сен да мага жагасың. Көп жолу айтайын деп айта албай койдум» деп жооп берди. Келгенден кийин да 1 ай эч нерсе дебей жүрдү. 1 айдан кийин гана кыз-жигит болуп сүйлөшүү сунушун киргизди.

– Саламаттагы кайсы сапаттар сени өзүнө тартты?
– Саламат акылдуу, токтоо, таза, тыкан, эмоциясын билдирбеген жигит. Ошонусу менен жагат. Жардам сурасам эч качан баш тартпайт. Бирөө жакшы көрбөсө, сен аны көбүрөөк жакшы көрө бересиң го. Башында Саламат мени байкабай жүргөндөй сезилгендиктен сезимим күчөп кетсе керек деп ойлойм.

– Бактылуу болгула!


Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Sagidko88
2019-09-23 10:11:22
мага жагат ушул кыз) айрыкча кулгону сонун жарашат.
+6
Shokoladka94
2019-09-23 10:23:38
Супсулуу кызсын
+5
Jelena09
2019-09-23 15:25:27
Ильяз кудретовдун омур ай клибиндеги кызбы?билгендер айтып койгулачы.ото сулуу жана жылдыздуу кыз экен,бактылу
+2
patrol-kg
2019-09-23 23:47:53
Jelena09,Да ошол кыз
0
№ 881, 19-25-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан