АЛТЫН ТРАМПЛИН. КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭКОНОМИКАСЫ КӨПТӨН КҮТТҮРГӨН ӨНҮГҮҮГӨ СТИМУЛ АЛДЫ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана ири инвестор «Кумтөр» алтын кенинин айланасындагы узак дебаттарга чекит койгон жана өлкөдөгү инвестициялык климаттын жакшыруусуна түрткү болгон макулдашуулар күчүнө киргендиги тууралуу маалымдашкан.

Август – Кыргызстанда адатта сенсацияларга бай болбосо да, бул ирет сюрприз болду. Жайдын акыркы декадасында өкмөт Centerra Gold менен жаңы стратегиялык макулдашуу ишке ашканын жарыялады.

Бул келишимдин күчүнө кириши кендин ишмердүүлүгү менен катар тоо-кен өнөр жайына да оң таасирин тийгизет. Мамлекетибизде инвесторлордун кызыгуусун арттырган бир катар кен аймактары бар. Компаниялар тиешелүү лицензияларды алганы менен, кен казуу иштерине каражатын жумшабай күтүп жатышат. Ал эми «Кумтөр» менен түзүлгөн келишим инвестициялык чөйрөдө оң таасирин бермекчи. Бул макулдашуу тараптардын ортосундагы ишенимди билдирип, кетирген кемчиликтерди оңдоп, келечекте алардын кайталанбашына мисал болуп калат,- дейт Тоо-кен-металлургиялык профсоюзунун Борбордук комитетинин башчысы Эльдар Таджибаев.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, «Кумтөр» кенин иштетүү мамлекеттин экономикасы үчүн зор мааниге ээ. Кенден жана ага тиешелүү тармактардан алынган салымдар ИДПнын жалпы үлүшүнүн 9 пайызын ээлейт. Эсептей келсек, «Кумтөр» кенине бардык чыгарылган өнөр жай өндүрүшүнүн бештен бир бөлүгү туура келет.

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында «Кумтөрдө» 9,37 тонна алтын өндүрүлгөн. Жыл башынан бери компания мамлекеттин эсебине салык жана милдеттүү төлөмдөрдү кошкондо 4,22 миллиард сомдон ашык каражат которгон,- деп эске салды Абылгазиев.

Стратегиялык келишимдин күчүнө кириши менен «Кумтөрдүн» өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы арта бермекчи. Инвестор менен өкмөттүн макулдашуусу экономикага жана ушул тармакка тиешелүү жактарга которулчу каражаттын
10 миллиард сомдон ашык суммага көбөйүшүн шарттайт. Бул сумманын жарымын мамлекет жакынкы айларда алууну көздөп турат.

Мурунку келишимге ылайык, 2026-жылга чейинки төлөмдөрдүн суммасы
87 миллион АКШ долларды түзчү. Бирок биздин өкмөт узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин бул сумманы, геологиялык чалгындоого жумшоолорду кошо алганда,
150 миллион АКШ долларына жеткизип, көбөйтө алды. Бул тараптардын иши конструктивдүү болуп, ушундай жыйынтыкка жетишкенин далилдейт,- дейт Кыргыз Республикасынын премьер-министри.

Күтүлгөндөй эле инвестициялык коомчулук бул жаңылыкты токтоолук ошол эле учурда оптимизм менен кабыл алды.

Стратегиялык келишимдин ишке киришин бизнес чөйрөсү жакшы кабыл алды. Өкмөт менен Centerra Gold’дун мамилеси Кыргызстандын бизнес-климатына түздөн-түз таасир этет. Бизнес чөйрөсү бүгүнкү күндө өлкөдөгү ири инвестордун айланасында эмне болуп жатканына көз чаптырып турат,- деп билдирет Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков.

Баа берүүдөгү токтоолук – өкмөт менен инвестордун макулдашууларга жетүүсүн узакка созулганы менен түшүндүрсө болот. Өкмөттүн да, ишкерлер коомунун да жеңиши катары кабыл алынып жаткан стратегиялык келишимге мындан эки жыл мурун, 2017-жылдын сентябрында эле кол коюлган. Бирок эки тараптуу пайдалуу макулдашууларга жетүүдө тоскоолдуктар – эки тарап тең аткара турган шарттар болгон.

Шарттардын бири – «Кумтөр» долбооруна байланыштуу бардык соттук териштирүүлөрдү токтотуу эле. Эске салсак, эл аралык арбитраждык сот, андан сырткары жергиликтүү сот процесстери кайсы бир деңгээлде бийлик менен инвестордун мамилесин гана оорлотпостон, кен ишканага да тоскоолдук жараткан. Бул териштирүү иштеринин көпчүлүгүн мурунку бийликтин алтын өндүрүшчүлөрү менен жүргүзгөн саясатынын мурасы десек болот.

Жооп катары компания Жаратылышты өнүктүрүү фондуна, Кыргызстанга өтө зарыл Онкология кызматын каржылоого, андан сырткары коомдогу маанилүү тармактарга каржылык колдоо көрсөтүүгө милдеттенди. Сөз аймактарды өнүктүрүү үчүн жаңыдан түзүлгөн Социалдык өнөктөштүк фондуна которулган 10 миллион доллар, андан сырткары «Кумтөр Голд Компанинин» дүң кирешесинен ай сайын 0,4% өлчөмүндө которулчу каражаты тууралуу. Кыскача айтканда, кендин иштеши өлкө аймактарындагы түрдүү долбоорлорду каржылаган булак болмокчу. Бул өз кезегинде экономиканын өсүүсүнө, аймактарда жаңы иш орундарын түзүүгө жана албетте, жашоо-турмуштун сапатын жакшыртууга алып келет.

Стратегиялык келишимдин күчүнө кириши Centerra Gold менен Кыргыз өкмөтүнүн ортосундагы тыгыз мамилени айгинелейт. Бул макулдашуунун күчүнө кирүү мөөнөтү бир нече жолу жылдырылып келсе да, ошол эле учурда тараптар бардык тиешелүү милдеттерин аткаруу боюнча бирдиктүү иш-аракеттерди жүргүзүп келген. Өкмөттүн келечектеги тоо-кен өндүрүү иштери менен долбоордун коммерциялык туруктуулугун камсыздоо ниетинин аркасында гана бир келишимге келе алдык-, дейт компаниянын президенти Скотт Перри.

«Кумтөрдүн» ишмердүүлүгүнүн экономика үчүн эффективдүүлүгү артат. Биз элдин кызыкчылыгында экологиялык коопсуздукту сактоо менен кендин бардык потенциалын колдонушубуз керек. Фонддордун иш-аракети президент Сооронбай Жээнбеков демилгелеген аймактарды өнүктүрүү долбоорлору менен бирдиктүү иш алып барат. Бул өз кезегинде аймактарда маанилүү долбоорлордун ишке ашуусун камсыздайт,- дейт Мухаммедкалый Абылгазиев.

Чиновниктер убадалагандай, инвестор бөлгөн акчаны фонддор ачык-айкын керектүү багытта колдонот. Алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөгө парламенттин, андан сырткары коомдук уюмдардын, эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү чакырылган. Айрым учурларда инвестициялык кирешелерди, акча каражатын кайтарып берүү механизми иштейт.

Социалдык өнөктөштүк фонду аймактарды өнүктүрүү, колдоо жана ишканаларды түзүү боюнча инвестициялык долбоорлорду каржылайт. Андан сырткары ал инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашуусун, биоартүрдүүлүктү арттыруу, экологияны сактоо жана өнүктүрүү багытында «жашыл» демилгелер боюнча иш-чараларды жүргүзөт. Фонддо байкоочу кеңеш да иш алып барат,- дейт өз сөзүндө экономика министри Санжар Муканбетов.

Жаратылышты өнүктүрүү фонду өз кезегинде «Кумтөрдөн» жыл сайын
3,7 миллион доллар каражат алат. Кыргызстандын премьер-министри билдиргендей, мындай ири суммадагы каражат экологиялык иш-чараларга алгачкы ирет которулуп жатат. Ошол эле учурда фонд бир гана жаратылышты коргоо иштери менен алектенбейт. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Эльдияр Шерипов билдиргендей, жаңы структура ресурстардын эффективдүү колдонулуусуна, айлана-чөйрөнү калыбына келтирүү жана жакшыртууга көмөк көрсөтмөкчү.

Фонддун ишмердүүлүгү, региондорду өнүктүрүү үчүн түзүлгөн структура сымал мультипликативдик касиетке ээ болот. Жаратылыш – Кыргызстандын эң маанилүү активи. Анын ар түрдүүлүгү жана байлыгы туристтик сектордун ошондой эле айыл чарбанын өнүгүүсү менен байланыштуу. Анткени республика өзүн экологиялык таза азык-түлүктөрдү чыгаруучу мамлекет катары позициялайт.

Дал ушундай бирдиктүү кадамдар жана талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салуу өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртуунун индикатору болушу керек. Бул Кыргызстанда иш алып барган инвесторлор үчүн маанилүү иш,- деп эсептейт Мухамметкалый Абылгазиев.

Жалпылап айтканда, бизнес жамааты божомолдогондой, стратегиялык келишимдин ишке кириши инвестициялык климаттын жакшы жакка өзгөрүүсүнө, демек, экономиканын өнүгүүсүнө алгачкы гана кадам болуп эсептелет.

«ЦЕНТЕРРА ГОЛД» КОМПАНИЯСЫНЫН МОНГОЛИЯДАГЫ БИЗНЕС БОЮНЧА РАСМИЙ КОММЕНТАРИЙИ

Ушул жылдын 13-сентябрында Кыргызстандын бир катар ЖМКлары монголиялык маалымат агенттиктерине шилтеме кылып, «Центерра Голд» компаниясы Монголия өкмөтүн геологиялык чалгындоо жана эксплуатациялоо лицензияларын жокко чыгаргандыгы үчүн сотко бергени жатат» деген маалымат таратышкан. Бул кабар чындыкка жатпайт жана расмий түшүндүрүүнү талап кылат.

«Центерра Голд» Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчү компания. «Центерранын» эки негизги активи – Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кени жана Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени, жана ошондой эле Түркияда «Оксут Голд» кенинде курулуш иштерин жүргүзүүдө. «Центерра Голд» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Канаданын Онтарио провинциясынын Торонто шаарында жайгашкан.

Буга чейин «Центерра Голд Инк» Монголияда эки туунду компанияга катталган бизнеске ээ болгон. Ал компаниялар «Centerra Gold Mongolia LLC» жана «Boroo Gold LLC» деп аталган.

2018-жылдын октябрында «Centerra Gold Inc.» монголиялык бизнесин толугу менен Сингапурда негизделген «OZD GROUP PTE Ltd.» менчик компаниясына саткан. Келишим боюнча бул эки компания - «Centerra Gold Mongolia LLC» жана «Boroo Gold LLC», толугу менен «OZD GROUP PTE Ltd.» компаниясына сатылган.

Келишим бүтүмдүн аткарылышы боюнча толук пресс-релиз менен шилтеме боюнча таанышууга болот

https://s3.amazonaws.com/centerragold/news/October2018/A6rvd5bxeVejnZsmpFAD.pdf

Ошентип, 2018-жылдын октябрь айынан бери «Centerra Gold Mongolia LLC» жана «Boroo Gold LLC» компаниялары «Центерра Голд Инк.» менен эч кандай байланышы жок жана азыркы учурда алар толугу менен «OZD GROUP PTE Ltd.» компаниясынын менчиги болуп эсептелет. Бул тууралуу «OZD GROUP PTE Ltd.» компаниясынын расмий сайтында көрсөтүлгөн (https://ozdgroup.com.au/our-portfolio#block-56422)

Тилекке каршы, учурда «OZD GROUP PTE Ltd.» өзүнүн милдеттенмесин аткарбай коомдук кайрылууларында «Центерранын» атын алышкан эмес, жана бул түшүнбөстүктөргө себеп болду. Буга байланыштуу «Центерра Голд» маселени чечүү үчүн «OZD GROUP PTE Ltd.» компаниясына кайрылды.

Кошумча маалымат үчүн бул жакка байланышууну суранабыз:

John W. Pearson

Vice President, Investor Relations

Centerra Gold Inc.

1 University Avenue, Suite 1500, Toronto, ON M5J 2P1

T +1 416-204-1241 | M +1 416-616-7180 | F +1 416-204-1954

Email: john.pearson@centerragold.com | centerragold.com
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 881, 19-25-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан