(Башы өткөн сандарда)
– Киного барышты. Сүйүү тууралуу фильм экен. Андагы башкы каармандар да куду Эржан менен Аселдей кокустан жолугуп, бири-бирин жактырып калып, сүйүүсүн сактап калуу үчүн далай сыноону, бут тосууларды жеңишти. Айрыкча каарман кыз бактысы үчүн күрөштө көрбөгөн азапты көрүп, ата-энесинен укпаган жемени укту. Бирок көк бет экен, акыры түбү көздөгөнүнө жетип тынды. Эржан да, Асел да тасмадан өздөрүн көрүп отурушту. Деген менен жашоо Индиянын киносу эмес да. Асел экөөнүн сүйүүсү жаңыдан алоолоп баратканда бир заматта астын-үстүн түшүп, айнектей бырчаланып, карманар айласы жок экөө эки жээкте каларын ал кезде сезишкен жок.
Эржанга шылтоо эле табылбай турган, анын үстүнө биринчи жолугушуудан соң өзүнө ишеним пайда боло түшкөн. Аселди күндө жолугушууга чакырат. Кыз деле кылыктанып, жок шылтоону айтып жигитти убарага салгысы келбеди. Ал дагы Эржанга тартылып бара жатты. Экөө күндө шаар кыдыра сейилдеп, жетелеше киного барышат, балмуздак жешет. Арадан 4 эле күн өтсө да, экөө кадимкидей ынак, жакын болуп кетишти. Бүгүнкү сейилдөөдөн кийин бөлмөсүнө узатарда Эржан кыздын бетинен акырын өөп койду. Аселдин бети кызара түштү уялганынан. Анысын билдирбеске дароо бурулуп бөлмөсүнө кирип кеткиче шашты. Эржан болсо жашоого ыраазы, жатакананын жарыгы аз күңүрт коридору да көзүнө ажайып кооз көрүнүп кетти. Шаңыраңдап маанайы жарык бөлмөсүнө кирип барса, баары уктап жатышыптыр. Жигит бүгүнкү “эрдигин” күндөгүдөй досторуна мактанайын деди эле, болбой калды.
ххх
Эртеси Эржан менен Нурлан өздөрүнүн окуусуна кайтмак. Башка облус, башка шаар, башка адамдар, башка жатакана... Эржан кеткиси келбей, бир аз эле илинчек болсо эртең да калгысы келип турду.
Эртең менен көзүн ачса терезеден кирген күндүн нуру бетине тийип, моюну нымданып тердей баштаптыр. Айтпаса да белгилүү, бөлмөдөгү жигиттер Эржандан жолугушуу кандай өткөнүн, үтүр-чекитине чейин сөзсүз сурашмак, суроо артынан суроо жаай баштады:
– Ии, анан, сүйлө жигиттин гүлү. Жолугушуу кандай өттү?
– Таң аткыча эмнени сүйлөштүңөр?
–Сүйүп калдым, айым, күнүм, сенсиз жашоо жок дедиң да, ээ? Ха-ха-ха...
– Балдар, мен чын эле сүйүп калдым окшойт. Эмне, Аселдей аяштуу болсоңор жаманбы?- Эржан тамашалай, балдарды суроолуу тиктеп калды.
– Жок, жакшы дечи... Бирок...
– Бирогу жок эле, жакшы кыз экен. Анын үстүнө анын да менде көңүлү бардай...
Эржан досторунун бири Асел тууралуу жаман кабар айтып жиберчүдөй шашып кетти. Аны байкаган достору “койгула” дегенсип бири-бирин көз аркылуу тыйып, Эржандын көңүлүн көтөрүп коюшту.
– Болду анда. Аяш энебизге "тойго камына бериңиз" деп сүйүнчүлөйт окшойбуз. Асел чын эле жакшы кыздай көрүнөт...
Ушундай маанайда бөлмөдө бир топко каткырык жаңырып турду. Күн шашке болгондо Эржан менен Нурлан жолго чыгышты. Алдыда Нурлан бакылдап айдоочу менен кеп куруп бир нерселерди айтып берип баратат. Анда-санда кылчайып, арткы орундукта маанайы пас, ойлуу бараткан Эржанды тиктеп баш чайкап коёт. Эржан болсо Аселдин басканын, сүйлөгөнүн, күлгөнүн көз алдына элестетип, андан алыска кетип жатканына ичи ачышып келе жатты. Кайра “эмне эле болуп жатам?” деп ичинен өзүн жемелеп, “дареги бар го, кат жазып, телефон чалып турам да” деп өзүн-өзү сооротот. Кетерде Асел “кат күтөм, байланышып туралы” деп жылмайып коштошкон. Эмне кылса, окуусун Бишкекке которобу? Жок, жок, анда жума сайын дем алышта айылына барып ата-энесине каралаша албай калат. Түмөн түрдүү ойлордун курчоосунда Нурлан экөө эл жатар маалда батирине жетип келишти. Узак жол жүрүп чарчап келгенине карабай диванга сулк кулаган Эржан көзү илинбей көпкө жатты. “Асел сөзсүз меники болот. Аны эч кимге бербейм, экөөбүз баары бир чогуу болобуз” деп ичинен күбүрөнүп жатып уктап кетти.
ххх
Арадан 1 апта өттү. Күздүн суук шамалы чыйрыктырып, моюн-башын кымтыланып кыз баратты. Ойлуу. Канчалык алаксыйын десе да болбой Эржан менен өткөргөн 3-4 күн ичиндеги окуялар чууруп көз алдына тартыла берди. Асел үйдүн жалгыз кызы, эки агасынан кийин жарыкка келген үй-бүлөнүн кенжеси, эркеси. Атасын көрбөй калды. Аны Асел энесинин курсагында 7 айлык кезинде шахтада көмүр басып калып каза болгон. Бой жеткиче апасы ата да, апа да, эже да, курбу да болду. Жалгыз карындашыбыз деп эки агасы Аселдин көзүн карап турушат. Баары көзүн карап турса да Асел эркелебей, элпек болуп чоңойду. Апасы дайым “наны бүтүн болушу үчүн кыз киши сөзсүз жогорку окуу жайда окушу керек” дей берчү. Эки агасы чет жерде мигрант, жетишип-жетишпеген турмуштун айынан алар университетте окубай калышты. Айылда үйүндө бир жеңеси менен апасы бар. Асел келишимдик негизде окууга өткөн. Окуу акысын болсо жок дедирбей агалары төлөмөк болушкан.
– Эмне эле болуп баратам? Апам “окууңду бүтмөйүнчө жигит тууралуу ооз ачпа” дебеди беле? Апам байкуш курут-майын мага жөнөтүп, эки агам бөтөн жерде иштеп тапкан акчасын менин контрагыма төлөп жатышат.
А мен сүйүү деп...- өз оюнан өзү уялып кетти.
Эржан анын окууга болгон бүт кызыгуусун жоготуп, өзүнө багындырып, жашоосун таптакыр башка нукка буруп жиберчүдөй элестетип кетти. Бирок Эржанды унутуу же ага көптүн бири катары мамиле жасоого эрки жетпей турганын да сезип турду. Ушундай ойлордун жетегинде жатаканага кантип жеткенин байкабай калды.
Бөлмөгө кирери менен сүзмөнүн жыты мурунга урду. Кыздар кечки тамакка камынып жатышкан экен. Бурулайга айылдан азык-түлүк келиптир. Мындай күн жатаканада ачка-ток калып жашаган студенттер үчүн той эмеспи. Аңгыча бөлмөнүн эшиги ачылып, Максат Аселге кат берип кетти. Эржандан келиптир.
– Охоо! Бөлмөдөгү кыздар кызыга карап калышты.
– Жетип-жетпей жатып кат жазыптыр го жигит, эмне дептир, кел окуйлучу,- деп дароо үймөлөктөп калышты. Асел ыңгайсыз боло түштү. Катты кыздардын көзүнчө окуй алмак эмес. “Анан окутайын” деп шылтоолоп кагазды чөнтөгүнө салды. Асел Эржанды унутууга аракет кылууну, бүт көңүлүн окууга бурууну чечкен болчу.
ххх
Эржан Бишкекке жөнөгөн бир айылдашынан Аселге кат жазып жиберген. Ал кезде азыркыдай уюлдук телефон жок. Шаардык телефон аркылуу чалуу үчүн башка айылга телефон станциясына барыш керек болчу.
– Асел катымды алды бекен? Кат Максаттын колуна жетсе го ишеничтүү. Ал катты сөзсүз бергендир...- Эржан өзү менен өзү ушинтип ичинен сүйлөшүп калмай адат тапты.
ххх
Күндөр өтүп, ноябрь айы ортолоп калды. Эржан баягы жазган катынын жообун алган жок. Убакыт өткөн сайын Аселге деген сагынычы күчөп, ар түрдүү ойлорго кептелет. "Менде көңүлү жокпу, көңүлү жок болсо жолугушууга макул болуп, мени менен киного барбайт эле да. Анда эмне үчүн катка жооп жазып койбоду?.." Студенттик жашоонун да кызыгы кетип, супсак тартып баратты. Классташы, курсташы Нурлан да контрагын төлөй албай, окуусун убактылуу токтотуп, Орусияга иштегени кеткени жатат. Ал Бишкектен учат экен, аны узатууну шылтоолоп борборго барып келсечи. Эржан ушинтип чечти.
Туура 1 аптадан кийин Эржан менен Нурлан Бишкекте болушту. Нурландын алысыраак тууганынын үйүнө түнөп, эртеси классташын Орусияга узатты. Аэропорттон түз эле Асел жашаган жатаканага жөнөдү, келип эле сагынган Аселин жатаканадан таба албай калды. Эмне кыларын билбей коридордо турса Максат келип, таң калып учурашып калды:
– Ии, кайдан бу? Тынччылыкпы деги?
– Жаңы эле келдим. Аселге берип койсун деп сага кат жөнөттүм эле, алдың беле?
– Ооба, алгам. Ошол эле күнү бергем Аселге.
– Анан? Жообун берген жокпу?
– Берсе сага жөнөтөт элем да. Эмнегедир акыркы күндөрү Асел көрүнбөй калды. 2 апта мурун жолукканда маанайы жоктой көрүнгөн. Ооз учунан гана учурашкан болчу. Таң калып койгом. Андан бери көрө элекмин. Прокурордой эле суракка аласың го шумдук. Жүр, бөлмөгө киреличи.
Экөө ичкериге кирип, өткөн кеткенди кеп салып отурушту. Чынында Аселди Максат дагы жактырып калган болчу. Эржан кеткенден кийин Аселдин бөлмөсүнө болбогон шылтоо менен тез-тез барып, кызды кепке тартууга аракет кылып жүрдү. Эржандын каты колуна тийгенде да Аселге бербей эле коёюн деп кайра абийири чыдаган эмес...
(Уландысы кийинки санда)