Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өкмөттүн отурумунда “Түркмөн алабайы” китебинин бет ачарын өткөрүп, алабай породасы тууралуу жазган ырын көркөм окуп берди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка таянсак, өлкө башчысы чыгармасын отурумга катышкандардын сынына коюп, тартынбай өз ойлорун айтууну суранган. “Бул чыгармада кылымдардан бери түркмөндөрдүн жандоочусу болуп келе жаткан алабай породасындагы иттин мүнөзүн, күчүн, кожоюнуна канчалык берилгендигин сүрөттөгөм. Отурумдун соңунда аталган китепти белекке алсаңыздар болот”,- деген түркмөн лидери.
Белгилей кетсек, Гурбангулы Бердымухамедов буга чейин түркмөн ашканасы, килеми, музыкасы, макал-лакаптары, спорту, жылкысы тууралуу бир нече китеп жазган.
Дамира Арстанова
koom@super.kg