Улуу Британиянын Бленхейм хан сарайындагы 18 карат алтындан жасалган, баасы 1 миллион фунтка бааланган унитаз уурдалды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жарыялашты.
Маалыматка таянсак, аталган унитаз италиялык белгилүү сүрөтчү-концептуалист Маурицио Каттеландын эмгеги болуп саналат. Унитаз мындан 20 жыл мурун сүрөтчү-концептуалисттин жеке көргөзмөсүн өткөргөн учурда орнотулган. Көргөзмөгө коюлганы менен, аны көргөзмөгө келген көрүүчүлөр кадимкидей пайдаланып келишкен. Кылмышка шектүү катары 66 жаштагы жаран кармалды.
Дамира Арстанова
koom@super.kg