Адамдар байыртадан эле жашаган үйүнүн жайлуу болушуна аракеттенип жана кооздоп келет. Бул табигый көрүнүш. Анткени адам өмүрүнүн көп бөлүгүн үйүндө өткөрөт. Учурда үйдүн ичин кооздоп-жасалгалоодо эмнелер модада? Алардын баалары, артыкчылыктары жана кемчиликтери кандай? Үй ичин жасалгалоодо бул макаланын сизге пайдасы тиет деп ишенебиз.
ФОТО ТУШ КАГАЗ
Түрлөрү бир топ. Мисалы, кагаз, винил, текстиль (сүрөт жибек, зыгыр буласынан жасалган кездеме, кендир, вискоза же жасалма жибек бетине түшүрүлөт, текстиль туш кагаздар 15-20 жылга чейин кызмат кылат), флизелинден жасалган жана клейи өзүнөн чыккан (самоклеющиеся) түрлөрү бар.
Бардык бөлмөлөр үчүн колдонулат.
Сүрөтү, оюм-чийими, сызыктары вертикалдуу же горизонталдуу жайгашуусуна жараша шыпты бийик же бөлмөнү кең кылып көрсөтүүгө болот.
Баасы – 1 чарчы метри 800 сомдон 2000 сомго чейин.
Артыкчылыгы:
Кемчилиги:
Жаш балдардын бөлмөсүнүн дубалынын бир бетине мультфильм каармандары же жер шарынын картасы тартылган фото туш кагаздарды жабыштырса болот. Өспүрүм курактагыларга өзү сүйгөн футбол командасынын же ырчынын сүрөттөрүн фото туш кагаз кылып чыгартып, тагып берсе болот.
Учурда телевизордун арт жагына фото туш кагаз тагуу жайылууда.
ЖЫГАЧ ПАННОЛОР
Кандайдыр бир заттын, геометриялык элементтин, жаныбарлардын формасында (мисалы, балык, канаттуу, музыкалык аспап) жана абстракция түрүндө да жасалат. Адатта паннонун формалары кандай имаратка же бөлмөгө тагуу керектигине жараша тандалат, мисалы, ашкана, кире бериш же бөлмөлөр аралык тосмо ордуна. Дарактын бутактарын диаметрин анча чоң кылбай кесип алып, бир нерсенин бетине жабыштырып панно түзсө да болот.
Баасы – 1 чарчы метри 1500 сом жана андан өйдө.
Артыкчылыгы
Кемчилиги
ФАЦЕТ
Фацет – күзгүдөн жасалган панно, мисалы, күзгү төрт бурчтуу, ромбик, трапеция, гүл формасында кесилет же күзгү бетине бир нерсенин элеси тартылат. Башкача айтканда, күзгү тандалып алынган фигура түрүндө кесилип алынып, кырлары чыгарылып, кайра аларды кураштырып жабыштыруу менен бүтүн күзгүгө айландырылат. Лампочканын жарыгы же күндүн нуру күзгү бетине тийгенде түркүн түс болуп чагылышат.
Фацет имараттын, бөлмөнүн ичин кенен, жарык, кооз көрсөтөт. Фацетти дубал, жыгач бетине да курулуш клейи менен чаптоого жана четин рамкалоого болот.
Фацет кире бериш, ванна бөлмөсүнө, шкафтын бетине, ашкананын фартугуна (ашкана гарнитурунун ылдыйкы жана өйдөкү бөлүгүнүн ортосундагы ачык жер) жабыштырылат.
Баасы: 1 чарчы метри – 5000 сом жана андан өйдө.
Артыкчылыгы
Кемчилиги
ЛЕПНИНА
Лепнина – бул архитектурадагы рельефтүү кооздук. Гипстен, полиуретандан (синтетикалык полимердик материал) жасалат жана бөлмөнү, имаратты стилдүү көрсөтөт. Лепнинадан архитектуралык кооздук жасалгалар: колонна, карниз, арка, картуш, кессон, пилястр, шып розеткасы, молдинг, бөлмөлөр аралык арка жасаса болот. Өсүмдүк, оюм-чийим түспөлүндөгү кооздуктарды жасоого да мүмкүн. Лепниналар менен каминдин, бранын, күзгүнүн жана терезенин тегерек-четтери, бөлмө шыбы, дубал да жасалгаланат.
Лепнинанын даярлары бар жана адам өзү жасап алса болот. Өзү жасаганда калыбын даярдап, ага гипс аралашманы куюп, катырып, кийин керектүү жерге монтаждап тагуу керек. Лепнина дубалга курулуш клейи же шуруптардын жардамы менен жабыштырылат.
Баасы: Кыргызстанда сатылган полиуретан лепниналардын узундугу 2 метр, туурасы 70 сантиметр жана баасы 200-1500 сомго чейин.
Гипс лепниналардын узундугу 1 метр, туурасы ар түрдүү өлчөмдө, баасы 200-1300 сомдун тегереги.
Гипс лепнинанын артыкчылыгы
Кемчилиги
Полиуретан лепнинанын артыкчылыгы
Кемчилиги
Материалды даярдоого салым кошкондугу үчүн архитектор-дизайнер Талгат Жусупбек уулуна ыраазычылык билдиребиз.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg