Жеңил салмак боюнча UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов америкалык мушкер Дастин Порьенин футболкасын 100 миң долларга сатты. Бул тууралуу спортчунун атасы Абдулманап Нурмагомедов социалдык тармакка жазып чыкты.
Эскерте кетсек, 8-сентябрга караган түнү Нурмагомедов UFC 242 мелдешинде Порьени муунтуу ыкмасы менен жеңип, чемпиондук курун сактап калган. Беттештен кийин мушкерлер бири-биринин аты жазылган футболкаларды алмашып кийишкен. Кийин Хабиб атаандашынын футболкасын аукционго коюп, түшкөн акчаны Порьенин кайрымдуулук фондуна которо турганын убадалаган.
Америкалык мушкер Хабибдин бул аракетине ыраазычылык билдирип, “эми биз көп адамдарга жардам беребиз” деди.
Кубан Жумамидинов
sport@super.kg