ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 23-СЕНТЯБРДАН 29-СЕНТЯБРГА ЧЕЙИН



КОЙ (21.03-20.04)

Аптада майда жагымсыз нерселер, чыгашалар күтүлөт. Кас адамдар бирөөлөрдүн көзүнчө алсыз жактарыңызды айтып кыжырыңызды келтирүүсү мүмкүн. Жашоодо сизди эмнелер канааттандырбай жатса, ал нерселерди четтетүүнү ойлонуңуз. Бойдоктор ата-энелери же бир туугандары менен жолугуп, алардын жылуу мамилесине марыйт.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Жакын адамдардын бири убадасына турбай жардамдан баш тартат же жетекчилик менен айтышып каласыз. Жан дүйнөңүздү түшүнө турган адам менен таанышасыз. Мамилелер өтө жакын болуп кетип романга айланбашы үчүн чекти сактоо керек. Дем алыш күндөр үйдү жана тегерек четти тазалап, иретке келтирүү менен өтөт.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Кырдаалдардан улам маанай, мамилелер өзгөрүп турмакчы. Баарын боло турган көрүнүш катары кабылдап, ишиңизди бүтүрө бериңиз. Келечек максаттар тууралуу үйдөгүлөр менен маектешесиз. Жаңылыктардан кабардар болуп туруңуз, керектүүсү чыгат. Унаа же электр шайманын оңдотушуңуз ыктымал.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Жылдыздар активдүү адамдарга сынактан утууга мүмкүнчүлүк берет. Айрымдар башка жумуш караштыра башташат, буга чоң ишти бүтүрүү үчүн каражаттын жетишсиздиги түртөт. Жалгызсыроо сырдаш адам менен жолугууга жеткирет. Өзүңүзгө көбүрөөк кам көрүү керектигин бир окуядан улам сезесиз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Жалгыз бойлор чөйрөсүндөгү жылдыздуу адамга көңүл буруп, жолугуша баштоосу ыктымал. Иште харизманы пайдаланып өз пайдаңызга көп нерсени чечип алсаңыз болот. Жакындарыңыз сиздин демилгени колдошпосо чырдашуунун кереги жок. Жекече отуруп ойлоруңузду топтоп, сиз бүтүрө турган эмне иштер калганын тактаңыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Сиздин сураныч кабыл алынбай, кээ бир тааныштарга таарынасыз. Айрымдарда балдарын башка мектепке же бала бакчага которуу маселеси чыгат. Чала тааныш адамдардын биринин дос болууга жарай тургандыгы аныкталат. Үйдөгүлөрдүн маселесинен улам врачтын кеңешине кайрылууңуздар мүмкүн.

Алыстагы таанышыңыз кабар берет.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Тууганыңыз иш таап же чоң маселеңизди чечип берип, сизге күйө тургандыгын дагы бир ирет далилдейт. Бийиктикке чыгып бүтүрүүчү иштерде абайлабасаңыз, жыгылып жаракат алуу коркунучу бар. Апта аягында иштерди жыйыштырып коюп, жакшы жаңылык айткан досуңуздукуна жөнөйсүз.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Кечеге чакырык алып туугандар менен чай ичесиз. Аптада майдачыл болуп ар кимдин жинине тийүүдөн карманыңыз. Эч кимге ишеним артып карыз бербей туруңуз, кайтарылышы кыйын болуп калат. Кандай документ болсо да кол коёрдон мурун ичиндеги мазмуну менен тыкыр таанышып чыгуу сунушталат.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Үй-бүлө мүчөлөрүнүн кимисинин болсо да катасын көрүп калсаңыз аны улам чукуй бербеңиз. Бул нерсе өзүңүзгө эле түйшүк көбөйтөт. Чөйрөдө сизге кылыктанып, жагынгысы келген адам чыгат. Убактылуу азгырыкка берилбөө оң. Капыстан колуңузга акча тийип, керектүүлөрдү алуу үчүн базар кыдырасыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Маанилүү ишти бүтүрүүдө элдин эмес, адистин кеңешине таянып иш кылуу сунушталат. Бул бөөдө чыгым тартуудан сактайт. Сүйүктүүңүздүн сизди канчалык даражада колдоору бир кырдаалдан улам айкындалат. Өзүңүзгө көбүрөөк кам көрүү керектигин сезип, керектүү каражаттарды сатып аласыз.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Каржыны көбөйтүү максатында айрымдар өзүн жаңы иштен сынап көрүүгө киришет. Ар кадамды өтө тактап таштоо кажет. Иммунитетти көтөрүүнү ойлонуп, спортко, туура тамактанууга көңүл буруңуз. Шашылыш иш чыгып, түндөп жол жүрүүңүз ыктымал. Бир окуяда сиздин таламды талашчу адам чыгат.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Келишимдерди түзүүгө ыңгайлуу апта. Таанышыңыздын каткан сырын кокустан билип калып, андан кол үзсөмбү же мамилени улай берсемби деп ойлоносуз. Энергияңыз толук болгондуктан коркпостон оор иштерди колго алсаңыз болот. Сизге арнагандарын артынып коноктун келиши күтүлүүдө.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 23-29-сентябрга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 881, 19-25-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан