МАРАДОНА ООРУКАНАДАН ЧЫГАТ

Белгилүү футболчу Диего Марадона жакынкы убактарда ооруканадан чыгат. Ал 29-мартта денсоолугунун айынан өзүнүн мекени болгон Аргентинанын борбору Буэнос-Айрестеги Гуэмес клиникасына жаткырылган болчу.

Диегонун ооруканага жатканы жеке жашоосуна байланыштуу. Анткени, ал акыркы кездерде мурунку жубайы Клаудиа менен тил табышпай, аны менен мамилеси жакшы болбой, кездешпей калган. Экөөнүн ортосун кара мышыктын аралоосунун себеби финансылык маселелерге барып такалат. Жеке жашоосундагы чыңалган мамиледен улам Диего көп убактысын түнкү клубдарда жана ресторандарда өткөрүп, өзүнүн талантын сыйлаган адамдар менен бирге ченемсиз ичимдиктерди ичип, тынымсыз тамеки тартып калган. Мындай жашоо образы акыры анын денсоолугуна залакасын тийгизип, натыйжасы ооруканага алып келген. Дарыгерлер ага “алкоголдук гепатит” деген диагноз коюшкан. Диегонун ооруканада экендигин уккан Клаудиа 1-апрелден бери ага каттап жатат.
Диего оорукандан чыккан соң Швейцариянын «La Prairie» клиникасына барып, 10-15 күн реабилитациялык курстан өтмөкчү.
Эскерте кетсек, 2000-2004-жылдары кокаинге азгырылуу аз жерден Диегону өлүмгө алып келген эмес эле. 2005-жылы Диегонун ашказанына операция жасалган.
Диего – футбол тарыхындагы эң улуу футболчу. 1986-жылы дүйнө чемпионатында Аргентинанын курама командасын жалгыз өзүнүн голдору менен жеңишке жеткирген. Арадан 4 жыл өткөндөн соң ошол эрдигине тете ийгилик жаратканы менен аргентиналыктар Германиядан утулуп калышкан эле.


УЕФА ПОЛИЦИЯ БӨЛҮМДӨРҮН АЧАТ

УЕФА жетекчилиги кийинки сезондон баштап өзгөчө полиция бөлүмдөрүн ачат. Анын кызматкерлери Европанын футбол та­­лаа­ларындагы коопсуздук үчүн кам көрмөкчү.

Мындай чара көрүүгө футбол күйөр­мандарынын өз ара жана полиция кызматкерлери менен кагылышуусу түрткү болду. Чемпиондор лигасындагы «Рома» жана «Манчестер Юнайтед», ошондой эле «Тоттенхэм» жана «Севилья» командаларынын ортосундагы оюндан чыккан мушташ кошумча коопсуздук аракетин көрүүгө түрткү болгон. Кошумчалай кетсек, УЕФАнын президенти Мишель Платини футболдогу зомбулукка каршы күрөш боюнча спорттук полиция структурасын түзүү демилгесин мурда эле көтөрүп чыккан. Мындай пикирин ал Евросоюздун башчысы Жозе Мануэль Баррозу менен болгон жолугушууда билдирген эле.


ЖО КАЛЬЗАГЕНИН ЭМКИ АТААНДАШЫ ДЕНИС ИНКИН

Экинчи орто салмактагы (76,2 килограмм) дүйнөнүн жеңилбес чемпиону улуу британиялык Жо Кальзагенин эмки атаандашы россиялык боксчу Денис Инкин болмокчу.

Денис – профрингде 30 ирет беттешүүгө чыгып, анын баарында тең жеңишке ээ болгон көкжал. Инкин акыркы жолу рингге 2006-жылы 21-октябрда Германияда Марио Файт менен чыгып, 7-раундда аны нокаут менен уткан эле. Бул жеңиш ага WBC версиясы боюнча интерконтиненталдык чемпиондук наамды алып берген.
Кальзаге акыркы ирет рингге үстүбүздөгү жылдын 7-апрелинде Питер Манфредо менен чыгып, аны техникалык нокаут менен утуп алган эле. Ушуну менен ал дүйнө чемпиону наамын 20-ирет коргоп калган.
Эскерте кетсек, 35 жаштагы Кальзагенин менеджерлери ага атаандаш катары бокстун дүйнөлүк жылдыздары эсептелген Жермейн Тейлор, Винки Райт жана Миккель Кесслерди сунушташкан. Бирок, алар беттешүүдөн баш тартышкандыктан, 29 жаштагы новосибирскилик Дениске токтолушкан. Денис алардын сунушун четке каккан эмес.


РОССИЯ ДЭВИС КУБОГУ ҮЧҮН ТУРНИРДЕ ЖАРЫМ ФИНАЛГА ЧЫКТЫ

Россиянын Москва шаарынын “Лужников” стадионунда өткөн Дэвис Кубогу үчүн мелдештин чейрек матчында Россиянын теннис боюнча курама командасы француздардын үстүнөн жеңишке жетишип, жарым финалга чыкты. Мелдеш 6-апрелде старт алган.

Командага чечүүчү упайды Марат Сафин алып берди. Бирок, курама команданын капитаны Шамиль Трапищев бул ирет да беттештин чыныгы баатыры болуп кала алды.
Эскерте кетсек, акыркы 5 жылда россиялык теннисчилер француздарды 3 ирет уткан.
Бул жолку оюндун жүрүшүнө келсек, унаа коюлуучу жайлардын тардыгынан стадиондун тегерегине чоң кызматтагы адамдар гана машинасын токтотууга мүмкүнчүлүк алышып, катардагы адамдар унааларын дээрлик бир чакырымга чейинки алыстыкта токтотууга аргасыз болуп жатышты.
6-апрель күнү күтүлбөгөн окуя болду. Анткени, жеңет деп эч ким күтпөгөн француз Поль-Анри Матье россиялык биринчи теннисчи Николай Давыденкону утуп алууга жетишти. Ал эми Ришар Гаске менен ойноп жаткан Михаил Южныйдын колдору менен булчуңдары жакшы иштебей коркунуч туудурду. Антсе да чымырканган Михаил атаандашын жеңүүгө жетишти.
7-апрель күнү жуптан ойноодо Игорь Андреев менен Николай Давыденко француз Микаэл Ллорд жана Себастьян Грожан менен беттешип, утуп чыгышты. 8-апрелде Давыденконун ордуна чыккан Андреев француз Грожанга жеңишти тарттырып жиберди.
6-7-апрелде да кортко чыкпаган Марат Сафин 8-апрель жекшемби күнү Поль-Анри Матьени утуп, команданын жарым финалга чыгышына салымын кошту.
Дэвис Кубогунун рейтингине көз салсак, Россия 29,670.0 упай менен алдыда болсо, 18,121.3 упай менен Аргентина 2-орунда, ал эми 17,748.8 упай менен Хорватия 3-орунда келе жатат.
Эми жарым финал 21-23-сентябрда өтөт жана анда Россия Германия менен беттешет.


МЫКТЫЛАРГА СПОРТ “ОСКАРЫ» ТАПШЫРЫЛДЫ

Россиялык жеңил атлетчи, таяк менен бийиктикке секирүү боюнча дүйнөнүн рекордчусу Елена Исинбаева «Жылдын спортчусу» деген наамга ээ болду.

Ушундай эле наамга теннисчи Роже Федерер дагы татыктуу болуп, 3-ирет спорт “Оскарына» ээ болуп отурат. Амели Моресмо «Жылдын жетишкендиги» номинациясына татыктуу болду. «Жылдын командасы» наамы 2006-жылы өткөн футболдук чемпионаттын жеңүүчүлөрү италиялык курамага берилди. «Жылдын адамы» номинациясы америкалык серфингист айым, дүйнөнүн 8 жолку чемпиону Келли Слэйтерге ыйгарылды. Спорт тармагындагы жетишкендиги үчүн ардактуу сыйлык Германиядагы футболдук чемпионаттын уюштуруу комитетинин башчысы Франц Бекенбауэрге тапшырылды. Ал эми немец моно-лыжачысы Мартин Браксенталер майыптар арасында жылдын спортчусу болду. Сыйлыктарды бөлүштүрүү үчүн түзүлгөн калыстар тобу 44 адамдан турган. Алардын бардыгы спортто чоң-чоң жетишкендиктерге ээ болуп, «тирүү легенда» аталгандар. Наам тапшыруу аземи Барселонада Испаниянын королу Хуан Карлостун катышуусу менен өттү.


Жергиликтүү жаңылыктар

ФИФА КЫРГЫЗСТАНГА 1 МИЛЛИОН ДОЛЛАР БӨЛҮП БЕРЕТ

Эл аралык Футбол федерациясы жакынкы 4 жылда Кыргызстандагы футболдун өнүгүүсүнө 1 миллион доллар бөлүп берет. Бул тууралуу Бишкекке келген федерациянын президенти Йозеф Зепп Блаттер билдирди.

Буга чейин биз маалымдагандай, Блаттер менен Азия Футбол конфедерациясынын лидери Мохамед Бин Хамам март айынын аягында эки күндүк сапары менен Бишкекке келген. Меймандар республиканын президенти Курманбек Бакиев, Кыргызстандагы Футбол федерациясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, Көкжар кичирайонунда жаңы курулуп жаткан стадионго барып кетишти. Бул стадион ФИФАнын «Гол» долбоорунун алкагында салынып жатат жана анын курулушу үчүн эл аралык федерация 400 миң доллар бөлүп берген. Эми ушундай эле стадион Ош шаарында курулмакчы. Кыргыз Футбол федерациянын президенти Амангелди Муралиевдин айтымында, бул жолу ФИФА кыргызстандыктарга өлкөдөгү инфляцияны жана курулуш материалдарынын кымбатташын эске алып, бир кыйла көбүрөөк каражат бөлүп берет.
Учурда Кыргызстанда жаш футболчуларды тарбиялоо менен 120 машыктыруучу алек экендигин кошумчалай кетели.


НАРЫНДЫК «ДОРДОЙ» КИПРДЕ

Футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугун жеңип алган “Дордой” клубу Жер Ортолук деңизиндеги Кипр аралында апрель айынын 5инен баштап жүрүүдө.

Бул жерде “Дордойчулар” апрелдин 18ине чейин 3 достук беттешүү өткөрөт. Команданын башкы машыктыруучусу Борис Подкорытовдун айтымында, Кипрдеги бул чогулуу АФК президентинин Кубогуна даярдык көрүү этабы катары саналат.


ВЕЛОЖАРЫШЧЫ ВАККЕР ТҮРК КЛУБУН ТАНДАП АЛДЫ

Кыргызстандык веложарышчы Евгений Ваккер 15-апрелде экинчи дивизиондогу түрк клубу үчүн чыга баштайт.

10-июнга чейин Ваккер өзүнүн командасы менен бирге Европадагы жарыш боюнча турне жасап, жалпысынан 15 өлкөнү айланып өтмөкчү. Спортчунун машыктыруучусу Эркин Акрамов Евгений тууралуу: “Дохада өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль алгандан кийин Евгенийге түрк жана немец клубдарынан сунуштар түшө баштаган. Евгений түрктөрдү тандап алды. Командадагы анын жаңы өнөктөштөрү негизинен казак балдары» деп белгилейт.
Эскерте кетсек, Евгений учурда 32 жашта. 1992-жылы Кыргызстандан Германияга кеткен. Антсе да 15 жыл бою ал чемпионаттарга Кыргызстандын атынан чыгып келген. Мисалы, 1994-жылы Хиросимадагы, 1998-жылы Бангкоктогу, 2002-жылы Пусандагы чемпионаттарда күмүш медалга татыктуу болгон.

Даярдаган Медер Тентимиш уулу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 232, 13-19-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан