Кызыл жоолук жалжалым” тасмасында Аселдин ролун жараткан актриса Мадина Талипбек дагы бир эл аралык тасмага тартылды. Фильмди швейцариялык режиссёр Мария Брендли тарткан. Актрисага жаңы ролу тууралуу сурап байланышканыбызда төмөнкүлөргө токтолду.
– Жакында мен эл аралык швейцария-кыргыз кино долбоорунда роль аткардым. Келишимге ылайык, тасманын аталышын, сюжетин айта албайм. Жалпылап айтсам, турмуштан алынган окуялар чагылдырылган. Буюрса, кинонун бет ачары Швейцарияда өтөт.