АТАКТУУЛАР ЫҢГАЙСЫЗ АБАЛДА КАЛГАНДА...

Өнөр адамдарында гана эмес, ар бирибиздин жашообузда бирде бетибизди кызарткан, бирде күлкүбүздү чыгарган окуялар болуп турат. Бир жылмайып алыңыз, окурман. Бул ирет эл көзүндөгү адамдардын сиздин күлкүңүзгө арзый турган кызыктуу окуяларын топтодук.

Айнура Салахидинова, ырчы: "МЕНИН АЙЫМДАН КОНЦЕРТ БОЛБОЙ КАЛГАН"

– 2006 же 2007-жыл болсо керек. Нарындын Ак-Талаасындагы бир айылга концерт коюп барганбыз. Концерт башталарда эшиктин алдынан билет сатып, элди киргизип бирөө турушу керек болду. Ал жакка эркектер турса, мушташ болуп кетпесин деп Айгүл Чалова экөөбүздү кезек-кезеги менен тургузмай болушту. Концерттин башында Айгүл ырдамак. Ошондуктан эшиктин оозунда мен турдум. Уюштуруучулар “электриктин баласы келсе киргизип кой, жарыкты көзөмөлдөп турат” дешти. Ар кандай эл келди. Биринин акчасы жетсе, бириники жетпейт. Айрымдар “ушуну менен кирип кетейинчи” деп тооктун жумурткасын, айрымдар бир чака алма көтөрүп келишкен. Баарына эле боорум ооруп киргизип жаттым. “Электриктин баласымын” деп бир бала келди, киргиздим. Дагы бирөө ошентип келди, киргиздим. Андан кийин дагы бир “электриктин баласы” кирди. Төртүнчү бала келгенде “баарыңар эле электриктин баласы боло бересиңерби? Эмне алдап жатасыңар? Электриктин баласымын деп үчөө кирди. Акча алып келгиле” деп аны киргизбей койдум. Тигил бала жини келип, сүйлөнүп, “концерт башталганда жарык өчүп калса таарынбагыла” деп кетип калды. Зал толо эл. Биз концертти баштадык. Биринчи ыр ырдалып жатканда эле жарык өчүп калды, аны оңдогонго эч ким жок. Көрсө, мен чыныгы электриктин баласын киргизбей коюптурмун. Ага чейинкилери алдап кирип кетишиптир. Сахна артына өтүп байкелерге баарын айтып бердим. Жарыкты күйгүзө албай койдук. Ошентип менин айымдан эртеси күнү бекер концерт коюп бергенбиз.

Эркин Эгембердиев, актёр: "САХНАДА ШЫМЫМ ШЫПЫРЫЛЫП..."

– Анда 1-курста окуп жаткан кезим болчу. “Ормон хан” спектаклин ойноп сахнага чыкмакпыз. Бизден жогорку курстарда окугандар жакшы кийимдерди тандап кийип кетишчү. Биз алардан артканын кийчүбүз. Анда арык, 64 килограмм кезим. Кийимдердин чоң өлчөмдөгүлөрү калыптыр. Далбаңдаган шым менен шалбыраган көйнөк кийүүгө туура келди. Калкан көтөрүп алсак билинбей калат деп өтүккө шымды кыстарып кийип алганбыз. Сахнадан шымым шалбырап ылдый түшө берди. Улам көтөрүп коём. Бир колумда кылычым, бир колумда калканым бар. Спектаклде Ормон хан хандыкка көтөрүлгөндө желдеттер алдыга чыгып, калканды, кылычты өйдө көтөрүп “Ормон, Ормон” деп кыйкыра турган жери бар эле. Ошол учурга келгенде “Ормон” деп кыйкырган сайын шымым ылдыйлап түшө берди. Катуу кыйкырганда шымым шыпырылып түшүп, ичимдегинин баары көрүнүп калды. Эл, сахнанын артында тургандардын баары кыраан каткырыкка түшүп жатып калышты. Элестеткиле, тарыхый, эски заман чагылдырылган спектакль коюлуп жатат, шымым шыпырылып “Dolce & Gabanna” деген жазуусу бар ич кийимчен турганымды. Эптеп артымды калкан менен жаап чуркап кетип калайын десем, шыпырылган шымыма чалынып баса албай кыйналгам. Ошондогу бетимдин кызарганы, ичимдин күйгөнүн эстесем, азыр күлкүм келет. Азыр да айланамдагылар ошол окуяны эстеп каткырып калышат. Айрымдар “шымы шыпырылган бала ушунча чоңойдубу?” деп таанышат.

Актан Рыскелдиев, актёр: "КЫЗЧА БОЁНУП КӨЧӨГӨ ЧЫГЫП КЕТКЕМ"

– Бир жолу “Эл эмне дейт?” долбоорун тартуу учурунда аялдын образын жараткам. Кимдин образы экени эсимде жок. Айыл өкмөтүнүн эсепчисинин ролун ойносом керек. Бир күн кечке чейин тартуу учурунда грим менен жүрдүм. Оозум, көзүм, кашым, бетим боёлгон. Тартуу аяктагандан кийин шашып башка иштериме жөнөп калдым. Унаа айдап кетип баратып жол чыракка токтосом, эл мени башкача карай берди. Бирок ага маани берген жокмун. Анткени жолдо жүргөндө эл мага көңүл буруп, айрымдар “Актан, кандай?” деп кол булгалап өтүшөт. Анан күзгүнү карап кыздардай боёнуп алганымды көрүп чочуп кеттим. Көрсө, парикти чечип, кийимимди алмаштырып, бирок гримди өчүрбөй эле көчөгө чыгып кетиптирмин. Элестеткиле, чачы кыска, боёнуп алган эркектин борбордук аянт жакта унаа айдап жүргөнүн. Уялып кеттим. Шыр эле унаамды жолдун жээгине токтотуп, боёкторду өчүрүп, өзүм өзүмө бир сыйра каткырып алып жолумду улагам.

Мүзүр Мамбетов, ырчы: "САХНАДАН КУЛАП, ШЫЛДЫҢ БОЛГОМ"

– Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринде концерт коюп жатканбыз. Концерт сонун болуп жаткан. Ырдап бүтүп, жакшы сөз сүйлөп, элди күлдүрүп коюп өзүмө ыраазы болуп сахнадан кетип бараткам. Сахнадан түшөйүн деп бир бутумду тепкичке таштаган бойдон элдин алдына узунумдан түшүп сулайып жатып калдым. Көрсө, сахнадан түшкөн жерге отургуч сыяктуу эле өзүнчө тепкич коюп коюшуптур. Ордумдан ыргып туруп эле чуркаган боюнча сахнанын артына өттүм. Денемдин ооруганын айтпагыла. Уялганымдан эл алдында үн чыгара алган жокмун. Сахнанын артына өткөндө бир кыйкырып алдым. Ошондо жамбашым шишип, буттарым көгөрүп калган. Ушундай окуяларга дайыма эле мен кабылып жүрөм.

 

Перизат Музуратбекова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
altynka95
2019-09-23 10:48:59
Айнура Салахидинова дайыма эле ушул окуясын айта берет го
+1
ainura220888
2019-09-23 11:05:45
Бириникине да кулгон жокмун.
+2
Nurmatova.
2019-09-23 11:15:33
ainura220888,кулкулуу эмес ынгайсыз абалдары деп туратго.
+1
Jasa
2019-09-23 19:03:03
Бактияр Токторовчу? Сурабадынарбы эн эле ынгайсыз ошол болду го байкуш
+17
Shef87
2019-09-23 21:10:04
Мм
0
vikidiki
2019-09-23 23:49:22
Актандыкы кулкумуштуу болуптур.
0
mikana
2019-09-24 11:41:44
Эркин Эгембердиев супер актёр дайыма күлдүрүп жүрөт
+2
bond02
2019-09-25 18:01:53
Темир Назаровчу?
0
pero5184
2019-09-29 16:31:40
Боёнуп көчөдө жүргөнүнө ичим эзилди
0
№ 881, 19-25-сентябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан