КАТАРАКТА – КӨЗДҮН ТУНАРЫП, КӨРБӨЙ КАЛЫШЫ

Болжол менен дүйнөдө жашы кырктан ашкан ар бир алтынчы адам көздүн оорусу болгон катарактадан жабыркайт. Бул дарт жанды кыйнап катуу оорутпай, билинбей өнүгө берет. Акыры сокурлукка жеткирет. Бирок адам учурунда чара көрсө, операция аркылуу көрүүсүн сактап кала алат. Мурун бул дарт менен көбүнчө улгайгандар ооруса, кийинки кездерде 35-40 жаштагыларда да көп кездешүүдө.

ДАРТ БЕЛОКТОРДУН АЗАЙЫШЫНАН БАШТАЛАТ
Катаракта
– байыркы грек сөзү, бизге которгондо «шаркыратма, шаркыратманын чачырандысы, торчо» дегенди билдирет.
Тактап айтканда, катаракта – бул чечекейдин (хрусталик) тунарып калуусу.


Жарык алгач карекке тиет, ал жарыкты карек биологиялык линза болуп саналган чечекейге өткөрүп берет. Чечекей жарыкты сындырып, артындагы торчо кабыкка багыттап, чогултуп берет. Торчо кабыктагы нервдер, макула (сары денече) жана башкалар жарык менен кошо чагылышкан элестерди мээге жиберет. Мээ аркылуу биз элестердин эмне экендигин так ажыратып билебиз. Мисалы, адам, мышык же тамак экендигин.
Чечекей – түссүз өңдөгү тунук зат, бирок кайсы бир себептерден улам ал тунарып, киргилт тартып баштайт. Тунаруу чечекейдин курамындагы белоктордун азайып, биологиялык касиеттерин жоготуп баштоосунан келип чыгат. Белоктор тоголоктошуп, жабышып, чечекейдин жарыкты торчо кабыкка өткөрүп берүүсүнө жолтоо болушат. Ошентип чечекей акырындап боз саргыч же бозоргон көгүш түскө өтө баштайт. Бул көрүнүштү эл арасында «көздү ак басты» деп коюшат. Алгач тунаруу төмөнкү деңгээлде болгондуктан көрүү анчалык бузулбайт. Бирок убакыттын өтүшү менен адам эмнени көргөнүн так ажырата албай баштайт. Убагында дарыланбаса сокурлукка жеткирет.
Катаракта адатта бир көздө башталып, анан экинчисине өтөт. Бир эле көздө кездешиши өтө чанда жолугат.

ДАРТТЫН 2 ТҮРҮ БАР

Тубаса т
үрү
Айрым балдар катаракта менен төрөлүшөт. Бул тукум куучулуктан же аял кош бойлуулуктун алгачкы 3 айында инфекциялык ооруга (кызылча, учук жана башка) чалдыгып, ал инфекция балага да өтүп кетишинен же аялдын кант диабетинен жабыркаганынан болот. Врач офтальмолог баланын көзүндөгү тунаруу канчалык деңгээлде экендигин аныктап, убактылуу дарылоо керек болсо дарылайт же операция сунуштайт. Операция баланын 6 айлыгына чейин жасалышы зарыл.

Кийин пайда болгон түрү
Буга төмөнкүлөр себеп болот:

  • Көздүн жаракаты (бир нерсенин көзгө тийиши)
  • Радиация, нурлануу, күн нуру
  • Компьютер алдында узак убакытка отуруу, смартфонду көп колдонуу
  • Уулануу (кээ бир дары-дармектерди узакка кабыл алуу)
  • Көздүн кайсы бир оорусунун өтүшүп кетүүсүнөн (увеит, глаукома ж.б.)
  • Айрым оорулар (мисалы, кант диабети, гипотериоз, экзема)
  • Туура эмес тамактануу жана туура эмес жашоо образы өздү витаминдер менен камсыздоочу азыктарды аз колдонуу)
  • Тамеки жана спирт ичимдиктери
  • Дары-дармектердин айрым түрлөрү
  • Экологиянын бузулушу
  • Улгаюу (зат жана кан айлануунун начарлашы)

ООРУНУН БЕЛГИЛЕРИ, ДИАГНОЗ

Оорунун белгилери

  • Жарыктан көздүн уялуусу
  • Заттарды жарым-жартылай, булаңкыр көрүү
  • Караңгыда жакшы көрбөй баштоо
  • Бир нерсенин экөө болуп көрүнүшү
  • Көз алдында так же «чымындын» пайда болушу
  • Заттардын сыртынан бозоруп, саргыч тартып көрүнүүсү
  • Заттардын четтери көрүнүп, ортолорунун көрүнбөй калуусу
  • Бир нерсени окуунун кыйындашы, окуганда тамгалар жылып жаткандай болуусу
  • Көк жана сыя көк өңдөрдү так ажырата албай баштоо
  • Көздүн талышы, бат чарчашы
  • Убакыт өткөн сайын көрүүнүн төмөндөй башташы

Диагноз

  • Көздү атайын лампа жана рефрактометр аппараты менен текшерүү
  • Каректи чоңойтуучу дарыны тамызуу менен көздүн торчо кабыкчасын текшерүү
  • Көздүн ички басымын аныктоо

ДАРЫЛОО: ЧЕЧЕКЕЙ БИР ГАНА ЖОЛУ АЛМАШТЫРЫЛАТ
Катарактанын баштапкы, жетиле элек, жетилген жана өтүшүп кеткен стадиялары бар. Алгачкы 3 стадиясында операция жолу менен дарылап айыктырууга болот. Өтүшүп кеткен катарактада чечекейдин кабыкчаларынын булачалары сүт өңдөнгөн суюктукка айланып жумшарып кетет. Чечекейдин ядросу тереңге чөгүп, ошол суюктукта ары-бери жылып калат. Оорунун бул түрүндө көрүүнү калыпка келтирүүгө мүмкүн эмес.
Баштапкы катарактада атайын көз айнек же линза тагынуу сунушталып, тамчылатуучу дарылар жана витаминдер жазылышы мүмкүн. Сунушталгандар ооруну күчөтпөй тура алат делгени менен, илимде алардын так таасири аныкталган эмес. Тескерисинче, дарт кийинки стадияга өтүп башташы мүмкүн. Андыктан дартты өтүштүрбөй дароо операция жолу менен дарылоо сунушталат. Операцияда чечекей алынып, ордуна интраокулярдык линза, башкача айтканда, жасалма чечекей салынат. Жасалма чечекей карек өткөрүп берген жарыкты сындырып, көздүн торчо кабыкчасына өткөрүп берип, адам соо кезиндегидей баарын көрө берет. Айта кетчү нерсе, жасалма линзанын сапаттуу, кымбатын салдыруу зарыл. Анткени чечекей бир гана жолу алмаштырылат. Сапатсызы көздү ириңдетип, көздөн айрылып калууга чейин жеткирүүсү мүмкүн.
Операция баш-аягы 20-50 мүнөткө чейин созулат. Операциядан кийин бир аз убакытка чейин көз кычышат, жаш агат, жарыктан уялат. Бирок көрүү бир нече күндө жакшырат. Операциядан соң көздөгү кан басым көтөрүлбөшү үчүн оор нерселерди көтөрбөө, оор көнүгүүлөрдү жасабоо, секирбөө керек. Врач көздү инфекциядан коргоочу жана көздүн кан басымын жөнгө салуучу дары-дармекти жазып берет. Эки көздө тең катаракта болсо бир учурда же бирөөсүн жасаткандан 1 айдан кийин экинчисин жасатуу сунушталышы мүмкүн.
Эскертүү: катарактаны дарылабаса көздүн начар көрүүсүнөн автокырсыктарга кабылуу, басып баратканда алдын көрбөй жыгылуу, кырсыктоо сыяктуу көрүнүштөргө кабылуу коркунучу бар. Андыктан оору белгилери билинер замат текшерилүү, дарылануу зарыл.

КАТАРАКТАНЫН АЛДЫН АЛУУ

  • Тамеки чекпөө, спирт ичимдигин ичпөө
  • Көз ооруса дароо дарылатуу
  • Ашыкча салмактан арылуу
  • Жылына 2 ирет көз дарыгерине текшерилүү
  • Түз тийген күн нурлары астында узакка жүрбөө
  • Күндөн коргоочу көз айнек тагынуу
  • Көз жаракатка кабылганда дароо дарыгерге текшерилүү
  • Иши компьютер менен байланышкандар убак-убагы менен көздү эс алдыруулары зарыл
  • Туура тамактануу
  • Көзгө пайдалуу азыктарды пайдалануу сунушталат. Мисалы, сабиз, черника, жаңгак түрлөрү, майлуу балык же балыктын майы, жумуртканын сарысы, жүгөрү, быштак, шпинат, кара шоколад, ашкабак, брокколи. Негизи жашылча-жемиштердин бардык түрүн жей берсе, көз витаминдер менен жабдылып турат.

Материалды даярдоого салым кошкону үчүн Улуттук госпиталдын көздүн микрохирургиясы бөлүмүнүн врач офтальмологу, медицина илимдеринин кандидаты Бактыгүл Мамытовага ыраазычылык билдиребиз.


Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
vikidiki
2019-09-30 17:29:19
Кийинки,азыркы поколенияга ото керек маалымат. Смартфондун Кулу болуп отургандарга.
+3
№ 882, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан