БИЗНЕСКЕ ГАНА НАСЫЯ БЕРГЕН ФИНАНСЫ КОМПАНИЯЛАРЫ ЭЛДИ ЖАКЫРЧЫЛЫКТАН ЧЫГАРУУДА

Ысык-Көл облусунун калкын социалдык жана экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча «Кумтөр Голд Компани» ишканасы бир катар эффективдүү иштерди алып барып жатканы баарыбызга маалым. Компаниянын колдоосу менен кандай чакан жана орто бизнестер иштеп жатканын жеринен көрүү үчүн Ысык-Көл облусуна сапар тарттык.

БАРДЫГЫ АКЧАЛАЙ КОЛДООДОН БАШТАЛАТ

Кандай гана бизнес баштаба, ага салым үчүн баштапкы каражат болушу керек. Арабызда каражат алып келерине көзү жеткен долбоору бар, бирок аны ишке ашырууга каражаты жок жүргөндөр жүздөп саналат. «Кумтөр Голд Компани» бул багытта аймакты өнүктүрүү үчүн жеке ишкерлерге төмөндөтүлгөн пайыздар менен насыя берүүчү коомдук фонддорду түзгөн. Бул долбоордун Ысык-Көл аймагы боюнча координатору жана «Кумтөр Голд Компани» ишканасынын Жети-Өгүз районундагы өкүлү Кеңешбек Дүйшөнбиев чакан насыя берүүчү агенттиктер тууралуу айтып берди:

– Эң алгачкы агентство 2006-жылы Жети-Өгүз районунда ачылган. Анын бүгүнкү күндөгү кредиттик портфели 120 миллион сомду түзөт. Ал жакшы жыйынтыктарды бере баштаганда 2011-жылы «Тоң финанс» деп Тоң районунда ачылган. Анын кредиттик портфели бүгүнкү күндө 82 миллион сомго жетти. Эң акыркысы 2012-жылы Балыкчы шаарында ачылган. Анын жалпы портфели 57 миллион сом. Ошентип бул долбоордун иштеп баштаганына быйыл 13 жыл толду. Бул аралыкта чакан насыя берүүчү компаниялардын кызматынан 8000 үй-бүлө пайдаланып өздөрүнүн майда жана орто бизнестерин баштоо мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушту. Мунун натыйжасында чакан насыя берүүчү агенттиктердин 13 жылдагы акча айлантуусу 1 миллиард 140 миллион сомго жетти.

«ТОЙ ӨТКӨРӨМ, БАШКА КРЕДИТТИ ЖАБАМ ДЕГЕНДЕРГЕ НАСЫЯ БЕРИЛБЕЙТ»

– Башка чакан насыя берүүчү компаниялардан айырмаланып, биздин агенттиктер ар дайым насыя алуучулардын түзгөн ишканаларын же бизнесин көзөмөлдөп турат. Той өткөрөм, унаа же кыймылсыз мүлк алам, башка банктагы насыямды жабам деген максатта келгендерге кредит берилбейт. Эгер андай багыттарга жумшоо үчүн насыя берилсе анда компания элди жакырчылыктан чыгаруунун ордуна, тескерисинче, карызга батырып, жакырланткан болуп жатпайбы. Биздин компаниялар насыяны максаттуу пайдаланууга гана берет. Башка майда насыя берүүчү компаниялардын багыты коммерциялык болуп, үстөк пайыздары 25-30 пайызга чейин болсо, биздин компаниялар орточо 10-12 пайыздык үстөк менен насыя берет. Насыянын максималдуу мөөнөтү 4 жылга жана суммасы 500 миң сомго чейин. Аймактар боюнча алып карасак, Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы тургундар алган каражатты айыл чарба багытына көп жумшашат. Ал эми Балыкчы шаарындагылар көбүрөөк соода-сатык жана кызмат көрсөтүүчү ишканаларга багытташат.

Насыя алуунун шартына келсек, кардар кепилдик үчүн күрөөгө кыймылсыз мүлк коюусу керек. Эгерде азыраак өлчөмдөгү насыя ала турган болсо, жер тилкесин коюп ала берсе болот. Башында айтып өткөндөй, кардарлар алган каражатты эмнеге жумшап жатканын көзөмөлдөп турабыз. Анын биринчи этабында атайын насыя боюнча иш алып барган адистерден көзөмөл жүргүзүлөт. Кийинки этапта компаниянын жетекчилиги көзөмөл кылат жана негизги көзөмөлдү «Кумтөр Голд Компани» түзгөн атайын көзөмөлдөөчү кеңеш жүргүзөт. Мындан тышкары ички жана сырткы аудиттер жүргүзүлүп турат.

«БИЗДИН ҮСТӨК ПАЙЫЗ ӨЛКӨ БОЮНЧА ЭҢ ТӨМӨН»

Сапарыбызды Балыкчы шаарына бурдук. Жогоруда кеп кылган чакан насыя берүүчү компаниялардын бири «Балыкчы финанс» коомдук фондуна баш бактык. Анын жетекчиси Руслан Букар уулу жасап жаткан иштери боюнча буларга токтолду:

– Башында «Кумтөр Голд Компани» тарабынан 15 миллион сом бөлүнгөн. 2012-жылдын январь айында ачылган компаниябыз Балыкчы шаарынын жашоочуларына төмөн пайыздар менен насыя берип келет. Кардарларыбыз айыл чарбага, өндүрүш жана кайра иштетүү, соода-сатык тармагына жана кызмат көрсөтүү багыттарына жумшоо үчүн насыя алышат. Бизнеси жүрүшүп жаткан үй-бүлөлөр менен катар алар ачкан кичи ишканаларда иштеген адамдар да жумуш орундары менен камсыз болушууда. Ачылгандан бери 7 жыл аралыгында бизден насыя алып иштеткен кардарлардын саны 1375 кишини түздү, ал эми 726 адам жумуш орундары менен камсыз болду. Ошондой эле компания жергиликтүү бюджетке дагы өз салымын кошууда, анда милдеттүү төлөм катары жылына 1 миллион сомдой салык төлөйбүз. 10 жана 12 пайыздык үстөк менен кредит берген өлкө боюнча банк дагы, майда насыя берүүчү компания дагы жок болсо керек. Демек, биздики эң төмөн пайыздар менен насыя берген компания.

Насыяны Балыкчы шаарынын бардык каалоочу тургундары ала алышат. Негизги талап башка банктан алган насыясы болбошу керек. Учурда 1500дөй адам насыя алабыз деп кезек күтүп турушат. Бардык насыя алуучу кардарлар алган каражатын жаңы ишкана ачууга же иштеп жаткан бизнесин кеңейтүүгө жумшоо үчүн каражат алышат.

«БАЛЫКЧЫ ФИНАНС» НАСЫЯ БЕРИП, БРУСЧАТКА ЧЫГАРЫП ЖАТАМ»

Чакан насыя берүүчү компаниянын иш жыйынтыгын көрүү максатында ишкерлердин бирине бардык. Өзүн кошкондо 3 адамды жумуш менен камсыз кылып пескоблок, таман таштын түрлөрүн чыгарып иштеп жаткан ишкер Кылычбек Асанбеков ишмердүүлүгү тууралуу буларды айтты:

– Балыкчы шаарынын «Тазалык» муниципалдык мекемесинде иштечүмүн. Ошол жакта иштеп жүрүп тротуарларга төшөлчү материал чыгарган цех ачкам. Бул багытта тажрыйба топтоп калгандан кийин биротоло мекемеден иштен кетип, өзүмдүн таман таш чыгаруучу ишканамды ачууга белсендим. Албетте, иш баштар алдында финансылык тартыштык болуп, оюма насыя алуу келди. Шаардагы банктарды кыдырып, кайсы жактан үстөк пайызы төмөн насыя алса болот деп издеп жүрүп, «Балыкчы финанс» тууралуу угуп калдым. Мага компаниянын түзгөн шарттары дал келип, 4 жылдык мөөнөткө 500 миң сом насыя алып, Орусиядан керектүү станокторду алып келдим. Учурда пескоблоктун стандарттуу жана түстүү түрлөрүн, таман таштын түрлөрүн жана жол чекелерине орнотуучу бордюрларды чыгарып жатам. Цех жайгашкан аймак досумдун жери болгондуктан ижара акысын төлөбөйм. Ал эми материал чыгаруучу кумду атайын буюртма менен алып келем. Биздин пескоблоктор жана таман таштар абдан сапатуу болгондуктан шаар ичинен чыкпай эле сатылып кетет. Менден тышкары 2 киши иш менен камсыз болгон. Алар иштеген ишине жараша айлык маяна алышат. Нааразы болушпаса керек, ошол себептен бул жактан кетпей, ачылгандан бери туруктуу иштешет. Келечекте станоктордун санын көбөйтүп, ишкананы дагы кеңейтсем деген планым бар.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 882, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан