«Боз салкын» тасмасындагы үстүнө жыйылган төшөк кулап кеткен жеңени көрбөгөн адам болбосо керек. Андан кийин «Мегатой-2» тасмасында жеңенин ролу, телеканалдардан берилип жаткан «Үй-бүлөлүк окуялар» сериалында мээримдүү эненин ролу менен белгилүү болгон Гүлжамал Мамытбекова менен маектештик. Актриса жашоосундагы урунттуу окуяларды айтып берди.
«ТЕАТР ЖӨНҮНДӨ ТҮШҮНҮГҮМ ЖОК БОЛЧУ»
– Мен Ак-Талаанын кызы болом, кичинекей кезимде ата-энем чабанчылык жашоодон качып Нарынга көчүп барышыптыр. Үйүбүздө чыгармачылыкка жакын киши болгон эмес. 9-классты аяктап каникулда жүргөндө кошунам жолугуп «актёрлукка тапшырганы жатам, чогуу барып келеличи» деп калды. Анда театр жөнүндө түшүнүгүм жок болчу. Окуучуларды театр режиссёру Аман Жапаров кабыл алып жаткан экен. Күтүлбөгөн жерден мени да түртүп киргизип жиберишти. Кирсем «ырдайсыңбы?» дешти, «жок» дедим. «Бийлейсиңби?» дегенинен бийлеп бердим. «Монолог, тамсил, этюд айтасыңбы?» дешти, өмүрү тааныштыгым жок да, «билбейм» деп туруп бердим. Менден бир шыкты байкаштыбы, айтор, өтүп кеттим. Алгач массовкага катышып, бийлеп жүрүп, кызыгуу артып, театрсыз жашай албай калдым.
Бир эле учурда училищеде окуп ашпозчулук, андан кийин техникумда билим алып бухгалтерлик кесипке ээ болдум. Айлык албасам да Нарын музыкалык драма театрына барып-келип жүрдүм. Кийинчерээк актёр Табылды Актандын театрында иштеп, бул жаатта билим албасам болбойт деп, Кыргыз драма театрынын астындагы 2 жылдык студияны бүтүрдүм.
«БАЙКЕ, МЕНИ ЭЛЕ АЛЫП АЛБАЙСЫЗБЫ ДЕДИМ»
– Бишкектен эмгек жолумду Арсен Өмүралиев атындагы шаардык театрдан баштадым. Мунум апама жакпай, «Бишкекте үйүң жок, кантип жашайсың? Андан көрө Нарынга келип иште» деп айнытып баштады. Арсен агайга «иштебейт окшойм» десем, «мага баары бир. Кетсең аккордеондун жанында ырдаган кыз болосуң» деди эле, кайра ойлонуп калдым. Ошондо Эгемендүүлүк күнүнө карата «Ала-Тоо» аянтында концертке даярдык жүрүп жаткан. «Катышкан актёрлорго 1000 сомдон берет экен» деген сөздү угуп, акчаны алып, анан кетейин деп чечтим. Аянтка барсам Москвадан окууну бүтүп келген супсулуу 20 бала жүрөт. Баарыбыз теңбиз да, аралашып калгандан кийин тамаша иретинде «силерде нарындык бойдок балдар барбы?» десем, Нурдөөлөт (ред. Копоев) баш болгон 4-5 баланы айтышты. «Ак-Талаадан барбы?» десем Илимди (ред. Калмуратов) көрсөтүштү. Ага «Ак-Талаанын каягынан болосуз?» десем, тамашалай «Бишкегинен» деп керсейип койду. Керсейген бала экен деп жактырган жокмун. Кийинчерээк ага-карындаш катары жакшы сүйлөшүп кеттик. Бир ирет репетиция учурунда Илимге «байке, мага ылайыктуу экенсиз, мени эле алып албайсызбы?» десем, жаныбызда турган Аскат Сулайманов менен Назым (ред. Мендебаиров) байке бизди кол алыштырып, Илимге «бул кызды алсаң өлө жыргайсың» деп калышты. Буйрук экен, жактырышып, 3 айдан кийин баш кошуп алдык.
«8 ЖЫЛ ДЕГЕНДЕ БАЛАЛУУ БОЛДУК»
– Илим менен сүйлөшөрүмдү, турмушка чыгам деген планымды апама айткан эмесмин. Илим 12-февралда үйлөнөбүз деп жаткан. 3-февралда досу Тата Улан театрга келип «Илим ооруп жатат, жүрү» деп мени алып кетти. Жатаканасына барсам, Москвадан окууну бүтүргөн балдар топтолушуптур. Көрсө, ал биздин үйлөнүү тойдун башталышы экен. «Ай, ушинтип эле кетип калабызбы?» десем, «ооба да» деп күү менен жолго чыгып кеттик. Достору «Илим Москвадан окуп келди, шумдук той берсе керек» деп ойлошчу экен (күлүп).
Илим экөөбүз көп жыл балалуу боло албай жүрдүк. Эки чүрпөбүз катарынан чарчап калды. Адам үмүт менен жашайт экен да. 8 жыл дегенде үнүбүз Кудайга жетип, балалуу болдук. Көптөр «эми балалуу болуп жатсаңар, ортодо ажырашып жүрдүңөрбү?» деп сурай беришет. Биз үмүт кылып, Кудайдан тилеп жашадык. Кудайга шүгүр, азыр эки уулубуз бар. Экинчибиз ара төрөлгөн, аны төрөгөндө каралашкан деле киши болгон жок. Мени тыңыткан да, кол-кабыш кылган да Илим болду. Айылга жамандык-жакшылыкка барарда «балдар менен жүдөйсүң» деп дайым аларды алып калат.
«БОЗ САЛКЫНДА» СЦЕНАРИЙДЕ КҮЙӨӨМ ЖОК БОЛЧУ»
– Шаардык театрда иштеп жүргөндө «Боз салкын» тасмасына кастинг жарыяланып калды. Кастингге барсам актрисалар көкүлдөрүн чыгарып жоолугун кооз салынып жүрүшөт. Мен келин деген мындай болот деп тасырайтып жоолук салындым да, ролумду аткарып, өтүп кеттим. Негизи мен тасмада «ай, көрүндүгүн бергиле» деген жерин айтып, бир күн эле тартылмакмын. Сценарийде күйөөм жок, бир кадрга «илинип калган» келин болчумун. Тартылуу учурунда Камчы Сарыбаев айылында экен. Биз ага кошуна айылда тартылып жатканыбызды угуп, съёмкага келиптир. Экөөбүз жашташпыз, бири-бирибизди жакшы билебиз. Камчыны көрүп, «менин күйөөм болуп албайсыңбы?» деп тамашалашкам. Режиссёр Эрнест (ред. Абдыжапаров) байке мени коштоп, «мен силерге эркиндик берем, каалагандай ойной бергиле» деп койду. Экөөбүз «минтип коёлу, тигинтип коёлу» деп көп жерин импровизация кылганбыз. Асемага шорпо сунган актёр съёмкага келбей калып, анын ордуна бизди коюп, ролубуз кеңейип кеткен. Ошентип, 1 күнгө пландалган съёмкам 1 айга созулуп кетти. Ролум үчүн 1200 сом гонорар алгам. Чынында ал кезде мага гонорар маанилүү эмес болчу. Тасмага тартылганыма кубангам. Агай «кинонун көркүн ачкан силер болдуңар» деп жүрдү. «Боз салкындан» кийин «Үй-бүлөлүк окуялар» деген сериалга тартылып келем, ошол аркылуу мени айыл-апа жакшы таанышат.
«КЭЭДЕ АКТРИСАЛЫКТЫ ТАНДАБАЙ КОЙСОМ БОЛМОК ДЕП КЕТЧҮМҮН»
– Кээде «актрисалыкты тандабай койсом болмок» деп ойлоп кетчүмүн. Анткени билесиздер да, актёрлордун жашоосу жеңил эмес. Бизге чынында көптүн деле кереги жок. Актёрлор аз эле айлыкка дердеңдеп иштешет. Мурунку жылы башка театр кызматкерлеринин айлыктарын көбөйтүшпөдү беле. Ошондо деле 10 миң сомго жетпеген акча алышат. Аны да «иттей көп болот экен» деп сүйүнүп жүрүшөт. Бизде көпчүлүк батирлеп жашашат. Ипотекага аракет кылалы десек, айлыгыбызды угуп күлүшөт. Биздин айлык ипотека алганга да жетпейт экен. Ошого өкмөттөгүлөр бизге көңүл буруп койсо деген ой.
Өткөндө бир таанышымды театрга чакырсам келип, «ай-ий, спектакль деген ушундай болот турбайбы. Мен илгеркидей ак экран тартылып, ошол жактан көрсөтөт деп ойлопмун» дейт. Тилекке каршы, спектакль деген эмне экенин түшүнбөгөндөр азыр деле бар. Эл театрга көбүрөөк келип, руханий байлык алса дейм. Анан да бир кыялым бар, эл көнгөн жеңенин образынан чыгып, өзүм олуттуу башкы каармандын ролун жараткым келет.
Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg