ДОСТУККА КЫЯНАТ (Кыйышпас достор, достуктун бузулушу, сүйүү үч бурчтугу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Бул күндөрү Асел сыркоолоп, шаарда эжесинин үйүндө болду. Жатаканага келери менен “Эржан издеп келип кетти” деген жаңылыкты укту. Бөлмөнүн босогосун аттаганда эле курбусу Бурулай сүйүнчүлөдү.

– Асел, сен жокто Эржан келди. Эмне деди дебейсиңби?

– Чын элеби? Эмне деди? Сыртынан сыр алдырбаганы менен, Аселдин жүрөгү дүкүлдөп кетти.

– Сени катуу сүйүп калыптыр жигит. Тобо, “Аселсиз жашоомду элестете албай калдым” дейт.

– Жигиттин баары эле ошол да. Бүгүн акылын жоготуп сүйөт, эртең башканы жактырып калса сени заматта унутушат...

– Андайлар бар дечи. Бирок Эржан...

– Көрөбүз. Жашырганда эмне, Эржан мага деле жакты. Бирок кыз-жигиттик мамиле сабактан алагды кылат экен. Жигит толтура го, маңдайга жазылган бирөө тургандыр... Асел өзүн-өзү ушинтип сооротуп, Бурулайга жылмайымыш болду.

– Мейли, өзүң билесиң. Бирок кийин Эржандай жигит таппай жүрбө,- деп тамашалады Бурулай.

Жүрөгүң эңсегенди акыл менен тыюу кандай кыйын, ээ? “Сүйүүнү унутам” деген убада Аселди кыйнады. Эржан издеп келгенин уккандан бери аны көбүрөөк эстеп, атүгүл дагы келер бекен деп күттү. Арадан күндөр өттү, келген жок. Күндөрү күтүү менен өтө баштады. Канчалык өзүн алаксытса да, болбоду. Түндө ойгонуп алып, Эржандын атына далай кат жазды. Бирок аягына жетпей, же жазып бүтүп кайра кагазды тытып салат. Бул күндөрү Эржандын досу Максат кызды өзүнө имерүү жолун издеп жатты. Асел Максаттын көңүл буруусуна маани бербеди. Тескерисинче, андан Эржан тууралуу сурайт, сөз кылат, анын жакшы жигит экенин айтат. Андай учурда Максаттын жүрөгүн кызганыч ээлейт. Күндөр өтө берди. Бир ай, эки ай... Асел эми чындап кабатырлана баштады.

 

ххх

Жүрөккө кантип буйрук бересиң? Максат Аселди сүйүп калды, анын жүрөгүнө ачкыч издеп убара. Кээде “досумдун сүйгөнүнө сөз айтып, анын көзүн кантип карайм?” деп өзүн жемелейт. Деген менен жүрөгү акылына баш бербей, Максатты жетелеп баратты. Ошондой күндөрдүн биринде Максат Аселди концертке чакырып калды.

– Асел, бүгүн филармонияда концерт болот дешти. Чогуу барып келсек кантет?

Бул сунушту айтуу Максат үчүн азап болсо, Аселге күтүүсүз эле. Таң кала карап калды эле Максат көзүн ала качып кетти.

– Бош болсоң барып келсекпи деп... Кыз “уятың жок экен?” деп айтып жибереби деп коркту. Ал кезде киного, концертке эки-экиден жетелешип көбүнчө кыз-жигиттер барышчу. Аселдин атайын даярданып концертке барбаганына көп болгон. Анын үстүнө бүгүн дем алыш, "тар бөлмөдө камалып отура бергенде эмне" деп ойлоду ичинен. Максаттын сунушуна макул болду.

– Мейли, жакшы болот. Бурулайды да кошуп алалы,- деди Асел бейкапар. Максатка “Бурулайды кошуп алалы” деген жери жакпай калса да, “экөөбүз эле баралычы” деп айта албай койду. Ал күнү үчөө концерттен кийин көпкө сейилдеп жүрүштү. Бул Максаттын Аселге ыргыткан алгачкы кайырмагы болчу. Ал эми Аселдин дүйнөсүндө Максатка кичинекей да орун жок эле.

 

ххх

Бишкекке барып Аселге жолуга албай келгенден бери Эржандын маанайы жок. Сабактарды көп калтырчу болду. Зарыл жумуштар чыгып калды деп суранып айылына кетти. Айылдагы жай турмуш, өз үйү бир аз алаксытканы менен Эржан кадимкидей түнт тартып кетти. Эне да, анын бул абалын биринчи апасы байкады.

– Келгениңден бери маанайың жок, балам. Окууңда бир нерсе болдубу?

– Жок, апа, жакшы баары,- ачыгын айтууга батынбады.

Эржан апасына абдан жакын, андан эч нерсе жашырчу эмес. Экөө абдан сырдаш. Адатта Эржан шаардан келгенде түн бир убакка чейин өткөн-кеткенди сүйлөшүп отурушат. Бирок бул жолу апасына ичиндеги уйгу-туйгу абалын айткысы келбеди. Уулунун бир нерсе жашырып жатканын эне жүрөгү сезди, бирок айт деп кыйнаган жок. Ичинен тынччылык эле болсун деп күбүрөнүп койду. Айылда 2 апта жүрүп, шаарга кайтып келди. Күндөр өтүп, кыш келди. Сезимдери такыр эле тынчтык бербей койду, бир күнү Эржан Аселге жолукмакка Бишкекке аттанды. Январь айы болчу, таксиде кеч күүгүмдө баягы студенттик жатаканага жетип келди. Толкунданып, жүрөгү дүкүлдөгөнү кулагына угулуп жатты. Досу Максаттын бөлмөсүнө барса эшик бек, Аселдин бөлмөсүнө жөнөдү. Кирип барса Максат кыздарга гитарада ырдап берип, кашайып так Аселдин жанында отуруптур. Эржандын кызганыч сезими ойноп кетти. Кайра дароо “досум эмеспи, кантип кыянаттык кылсын?” деди ичинен. Кыздар күлүп-жайнап тосуп алышты, дасторкон жайылды. Асел менен Эржан улам бири-бирин тиктейт. Эржанга кыз мурдагыдан да сулуу, ажарлуу көрүндү. Асел да сагыныптыр, Эржандын моюнуна асыла кучактагысы келип турду. Ошол эле учурда катына жооп жазбаганы үчүн өзүн күнөөлүү да сезип жатты.

 

ххх

Экөө жетелеше сейилдегени чыгышты. Эркелешти, бири-бирине сүйүү сөздөрүн арнап, сагынычтарын тарата албай жатышты. Алгачкы өбүшүү да ушул күнү болду. Жигиттин ысык илеби кыздын бүт денесин жибитип, Асел ушул мүнөттөрдө өзүн абдан бактылуу сезип турду. Эки жарты бир бүтүнгө айланып, кучакташкан эки караан жарыгы жок тротуарда көпкө турушту.

– Жаным, мен сени аябай сагындым.

– Мен да сагындым. Тез-тез келип турчу, - кыз кылыктана жооп узатат.

– Эми бат-баттан келип турам, сөз берем.

– Кетериң менен кайра сагынам го.

Мындай жолугушуулар көп болду. Бишкекке келип-кетүү Эржанга маселе деле болбой калды. Сабактан тышкары иштеп, жол киресин таап, Аселге белек ала келгенге да жетишет. Кайра кетеринде Эржан “Аселге көз сала жүр” деп Максатка дайындайт. Асел Эржанды жактырарын билсе да Максат сезимдерин башкара албай калды. Кызганычы чектен ашып, Эржанды жек көрүп баратты. “Эмне, менин сүйүүгө акым жокпу? Сүйүү үчүн күрөшсөм эмнеге болбойт? Эржандан эмнем кем, аракет кылсам, балким, Асел мени да жактырып калар?” деп ойлонду бир күнү. Жигит сезимин ачык билдирүүнү чечти. Соо кезинде Аселдин көзүнө тике карай алмак эмес, кызуу болуп келгенде сөз баштады. Асел бөлмөсүндө жалгыз болчу.

– Аселя, Эржандан башка адамды сүйө алат белең?

– А эмнеге башканы сүйүшүм керек?- кыз суроого суроо менен жооп берди.

– Эржан сени таштап кетсечи?

– Эмне болгон сага, Макс? Кайдагыны айтып...- кыз жактырбай тиктеп калды.

– Эржандын башка сүйгөнү бар айылда. Кудалашып коюшкан, сага көптөн бери айта албай жүргөм...

Максат эртең эмне болорун ойлонбой калпты урдуруп жатты. Эптеп кызды ишендириш керек эле.

– Унчукпай коё албадым. Досум деп анын былыгын жашырсам, эртең сенин бетиңди кантип карайм? Билем, эртең Эржан муну моюнга албайт, жалган дейт. Бирок, ишенип кой, сени алдап жүрөт.

Максат Аселди ишендирүүгө болушунча аракет кылып, бир топтон кийин бөлмөдөн чыгып кетти. Кыз ишенип-ишене албай нес болуп турду. Башка бирөө айтса “койчу” деп басып кетмек, Эржандын жакын досу айтып жатат. Кыз оюнда Максат кантип Эржанга душмандык кылмак эле, чын болушу мүмкүн деп ойлоду.

"Мен сени түбөлүк сүйөм, биринчи да, акыркы да сүйүүм сенсиң. Биз бактылуу болобуз" дебеди беле? Ушул сөздөр мээсинен кетпей жатты. Асел Эржан тууралуу апасына да айткан.

– Кызым, мен үчүн сенин бактың баарынан кымбат. Эржаның баркыңа жетет деп ишенсең мен эмне дей алам? Болгону окууңду бүтмөйүнчө турмушка чыгам деп ооз ача көрбө,- деген апасы.

 

ххх

Эржан апасына Асел тууралуу айтып, мактап бүткөн. Окууну бүтөрү менен ага үйлөнөм деп чечкен. Бишкекке көптөн бери бара элек, кат аркылуу кабар алышып турушат. Эмнегедир акыркы күндөрү Аселге жазган каттарынан жооп келбей калды.

"Сыркоолоп калдыбы? Же жазган катым жетпей жатабы?" деген түрдүү ойлор келип жатты. Сабакта отурушкан. Бир маалда жанында отурган тайпалашы Кайрат эсин жоготуп кулап түштү.

– Кайрат, эмне болду? Көзүңдү аччы?

– Суу, суу алып келгиле!

– “Тез жардам” чакыргыла!

Аудиториянын ичи ызы-чуу түшүп калды…

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 882, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан