ИНДИЯДА ЖҮРӨГҮ КӨРҮНҮП ТУРГАН ЫМЫРКАЙ ТӨРӨЛДҮ

Индиянын Харьяна штатында сейрек кездешкен жүрөктүн эктопиясы аттуу оору менен бала төрөлдү. Анын жүрөгү көкүрөгүнөн сыртка чыккан абалда төрөлгөн. Daily Mail басылмасы жарыялаган видеодо ымыркайдын көкүрөгүнөн сыртка чыгып турган жүрөктүн кадимкидей бүлкүлдөп согуп жатканын көрүүгө болот. Учурда ымыркай оорукананын жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жатат деп жазышат басылмалар.

Жүрөктүн эктопиясында жүрөк адамдын көкүрөк клеткасынын ичинде эмес, дененин тышында өөрчүйт. Мындай кемтик менен төрөлгөн балдар 1 жылга чейин гана жашап каза болуп калышат. Аталган оору менен төрөлүп, эң көп жашаган америкалык Кристофер Уолл аттуу адам болгон. Ал өмүрүнүн аягына чейин бир нече операцияны башынан өткөрүп, 34 жашка чыгып каза болгон.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 882, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан