КЫТАЙ: ШИҢЖАҢДА ЭКОНОМИКАЛЫК ӨНҮГҮҮНҮН ЖАНА УЛУТТУК БИРИМДИКТИН ЖАҢЫ БӨЛҮМҮ ЖАЗЫЛУУДА

1952-жылы Шиңжаңдын экономикасынын жалпы көлөмү 791 миллион юань болсо, 2018-жылы бул көрсөткүч 1,2 триллион юанга жеткен. Буга жараша 1952-жылы ИДПнын көлөмү киши башына 166 доллардан болсо, 2018-жылы 49 миң долларга, башкача айтканда, 37,7 эсеге көбөйгөн. Орточо эсеп менен жыл сайын 5,7 пайыз. Шиңжаңда импорт жана экспорттун жалпы көлөмү 20 миллиард АКШ долларын түзөт. Быйылкы жарым жылдыкта катталган туристтердин саны 75 589 болду. Ал эми 2014-жылдан 2018-жылга чейинки аралыкта райондо жашаган 23,147 миллион адам толугу менен жашоо-шартын жакшыртып, жакырчылыктан чыкты.

Жаңы Кытай мамлекети негизделген 70 жыл аралыгында Кытай менен бирге Шиңжаң да бутка туруп, коммунисттик Кытай менен өнүгүү жолунда бирге болду. Жыйынтыгында Тянь-Шандын түндүк жана түштүгүндө болуп көрбөгөндөй чоң өзгөрүү болду.

Азыркы учурда түндүк-түштүк чеги аркылуу өтүп, ички жана сырткы чек араны кошо турган заманбап бирдиктүү транспорт тармагы жетиштүү деңгээлде жолго салынган. Ал эми автомагистралдардын облустун аймагындагы бардык муниципалитеттерди бириктирип, кыштактарды аралап өтүү көрсөткүчү 99,74 пайызга жетти. Аймактагы ачык темир жолдун узундугу 5959 чакырымды түзөт. Шиңжаң Кытай мамлекети менен биргеликте жогорку темир жол жана метро дооруна кирип барды. Учурда Шиңжаңда 16 мамлекеттин 21 аймактык шаарларын жана жергиликтүү 81 шаарды аба жолдору аркылуу тейлеген 21 жарандык аэропорт иштейт.

РАЙОНДУН КУРУЛУШ ТАРМАГЫНДАГЫ ТЕРЕҢ ИНТЕГРАЦИЯ

1950-жылга салыштырмалуу 2018-жылы Шиңжаңдагы импорттук жана экспорттук сооданын жалпы көлөмү 1481 эсе көп болгон. 2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында аймакка келген эс алуучулардын саны 75,89 миллионду түздү. Бул алардын саны 46 пайызга өстү дегенди билдирет жана жалпы бир жылдын жыйынтыгы менен келген туристтердин саны 200 миллиондон ашат деп күтүлүүдө.

Акыркы жылдары Шиңжаң Улуу Жибек Жолунун экономикалык аймагында өзөктүк аймакты куруу иштерин жылдыруу боюнча алдын ала жыйынтыктарга жетишүүгө басым жасап, аймактагы жайгашуу артыкчылыктарын толук колдонду.

Кытайдын мамлекеттик кеңешинин маалымат кызматы Шиңжаң инфраструктураны өнүктүрүүдө жана мамилелерди бекемдөөдө тыгыз иш алып барганын билдирет. 5 жыл ичинде 925 чакырым узундуктагы жаңы темир жол кошулган, чогуу салынган 2013 чакырымдык темир жол 2022-жылы 8000 чакырымдан ашат деп күтүлүүдө. Андан сырткары Шиңжаңда 9 аэропорт кеңейтилген. Үрүмчүдөгү аэропорт мурда 20 миллион жүргүнчүнү тейлеп келген болсо, жаңылангандан кийин 44 миллион адамга чейин тейлей алат. Келечекте ал Кытай менен Батыш жана Борбордук Азияны байланыштырган эл аралык хаб болуп калмакчы.

2014-жылдан баштап Кытайдын Шиңжаң автономиялык аймагы (2451) орточо эсеп менен жылына 100 пайызга өстү жана Борбор Азия, Европадагы 19 мамлекеттин 26 шаарынын деңгээлине жете алды. Ошол эле учурда Шиңжаң өндүрүштүк кубаттуулук жаатында эл аралык кызматташтыкты бекемдөө үчүн «импортко» жана «андан чыгууга» басым жасаган.

Кийинки кадам тышкы өнүктүрүү жолу аркылуу Шиңжаңдын экономикасын өстүрүүгө көмөк көрсөтүү болуп саналат. Чек арада жайгашуу артыкчылыктарын колдонуу менен Шиңжаң мындан ары да чек ара аймактарында жигердүү иш алып барып, тышкы чек аралардын ачык-айкындуулук деңгээлин жогорулатуусу зарыл.

ЭЛДИН ЖАШОО-ШАРТЫН ДАЙЫМА ЖАКШЫРТУУ

1978-жылы Шиңжаң тургундарынын кирешеси 119-319 АКШ долларын түзчү. 2018-жылы бул сумма 11 975-32 764 долларга көтөрүлдү, башкача айтканда, жылына 12,2-12,3 пайызга жогорулаган. Элдин жашоо-шарты жакшырып (кийим-кече, тамак-аш), орточо өмүр сүрүү мөөнөтү узарган.

Үй-бүлөсү менен жумуш таппай жүргөн жарандарга ишке орношууга көмөк көрсөтүү, жыл сайын медициналык кароодон өткөрүү, айыл жергесинде 3 жыл ичинде баштапкы билимди бекер берүү, көчмөндөр жана айыл эли үчүн турак жай курулуш иштерин жүргүзүү, жергиликтүү жашоочулардын саламаттыгын камсыздандыруу системин түзүү, шаар жана айыл тургундарынын жашоо шартын жакшыртуу иш-чаралары жүргүзүлөт.

Бул өңдүү бир катар демилгелер Шиңжаңдын өсүп-өнүгүүсүн, жарандардын коопсуздугун, бакубат жашоосун камсыздоо үчүн, элдин кызыкчылыгы үчүн иштелип чыккан. Шиңжаңдын түштүк аймагында чакан жана орто ишканалардын түзүлүшү жакырчылык менен күрөшүүдө байкаларлык натыйжаларды көрсөттү. 2014-жылдан 2018-жылга чейинки мезгилде жакырчылыктан толугу менен чыккан жарандардын саны 23 миллион 147 миңге жетсе, айыл жергесиндеги жакырчылыктын көрсөткүчү 19,4 пайызга төмөндөгөн, ага чейин бул көрсөткүч 6,1 пайыз болчу.

УЛУТТУК БИРИМДИККЕ ҮНДӨӨ

Калкты улуттук биримдикке чакыруу максатында жүргүзүлгөн иш-чаралар, ошондой эле «Шиңжаңдагы Улуттук биримдик жаатындагы прогресс жөнүндө» кабыл алынган жобо, мунун баары Шиңжаңдагы улуттардын биримдигин, бири-бири менен тыгыз байланышын камсыздоого багытталган демилгелер.

СУАРдын жетекчиси Шохрат Закир белгилегендей, автономиялык райондор Кытайдагы негизги саясий системдердин катарына кирет. Мында этникалык элдер улуттук, аймактык автономия системин ишке ашырууга катышууга тийиш.

2018-жылга карата Шиңжаңдагы мамлекеттик органдарда жана ишканаларда эмгектенген улуттук азчылыктардын мүчөлөрүнүн саны 428 миң адамды түздү. Бул – Шиңжаңдагы башкаруу органдарынын кызматкерлеринин 50,3 пайызы.

Улуттук азчылыктын өкүлдөрү болгон 233 миң аял Шиңжаңдын жалпы аялдарынын 51,8 пайызын түзөт. Шиңжаң этникалык элдердин маданиятын, каада-салтын, тилин урматтайт жана алардын кызыкчылыгын мыйзам чегинде коргойт. Ал жакта жашап жаткан ар бир улут өзүнүн маданиятын өнүктүрүүгө укуктуу. Ар улуттун каада-салты элдерди жуурулушууга, бири-биринин маданиятын сыйлоого түрткү болууга тийиш. Бул жаатта Шиңжаң миллиондон ашуун кызматкерлерден турган топторду түзүп, алар улуттар аралык достукту бекемдөө боюнча иш-чараларын жүргүзүп, айрыкча алыскы айыл жергесиндеги жакырчылыкта жашаган этникалык элдер менен иш алып барышат.

Шохрат Закир: – Шиңжаң 70 жыл аралыгында абдан өзгөрдү. Жакырчылыктан бардар жашоого, артта калуудан өнүгүүгө. Бул процесстин баары мен жана менин кесиптештерим аркылуу өттү. Андыктан биз ушул убакта жашап өткөнүбүз үчүн сыймыктанабыз. Анан дагы Шиңжаң күндөн күнгө жакшырып, кулпурат деген терең ишеничтебиз,- дейт.

Жаңы Кытай түзүлгөндөн бери ККП Борбордук комитетинин жалпы бюджети 2,35 триллион юанды түзгөн, анын ичинен 1,61 триллион юань 2012-2018-жылдар аралыгында түшкөн каражат. 2018-жылы Кытайдын улуттук банкы Шиңжаңды каржылоого 302 миллиард юань бөлгөн. Бул сумма Шиңжаңдын бюджеттик чыгашаларынын 60,3 пайызын түзөт.

2010-жылдан бери өлкө боюнча 19 облус жана муниципалитеттер жалпы суммасы 103,5 миллиард юань жана 1,8 триллион доллар өлчөмүндө каражатты Шиңжаңды колдоо максатында чогултуп беришкен.

АЗЫРКЫ ШИҢЖАҢ ЧЕТ ӨЛКӨЛҮКТӨРДҮН КӨЗҮ МЕНЕН

2018-жылдын декабрь айынын соңунда бир канча мамлекеттин Кытайдагы атайын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, БУУнун чиновниктери, Женевадагы дипломаттар, андан сырткары коомдук уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер, диний топтун өкүлдөрүнөн турган 1000ден ашуун адам жана 40тай саясий топ Шиңжаңга келишкен. «Миң уккандан, бир көргөн артык» дегендей, келген адамдар Шиңжаңдын чыныгы «жүзүн» өз көзү менен көрүп кетишкен.

Сербиянын Социалисттик партиясынын төрагасынын орун басары Предлаг Маркович билдиргендей, Шиңжаңдын көчөлөрүнөн шайыр, ынтымактуу, бири-бирин бөлүп-жарбаган адамдарды көрүүгө болот. Ал бул көрүнүштү «улуттук биримдиктин жүздөгөн гүлдөрдүн түрү өскөн бакчасы» деп атаган.

Предлаг Маркович ар кайсы аймактын элин кыдырып, Шиңжаңдагы «улуттук биримдик» саясий демилгеси канчалык деңгээлде ишке ашып жатканына көз салган. Ар кайсы улуттардын биримдигине, бири-бири менен тыгыз байланышына, ар кимиси өзүнүн улуттук баалуулуктарын сактап калганына жогору баа берип, «улуттарды биримдикке чакырган сонун демилге» деген.

Перунун Коммунисттик партиясынын башкы катчысы Луис Вильянуэва:

– Биз кары адамдардын дээрлик бардыгынын жүзүнөн бактылуу жылмаюуну байкадык. Жаш-кары дебей бардык адам, улуттар бакубат жашоодо жашап, ар тармактуу билим алып, сапаттуу медициналык кароодон өтүп, пенсия курагында тынч жашоосу зарыл. Жамааттарда алгачкы билим берүү борборлору, текстиль устаканалары жайгашкан. Каалоочулар өзү жашаган аймактан алыска узабай эле аталган борборлорго кайрылышса болот. Бул Коммунисттик партия жана Кытай өкмөтү элдин бакубат жашоосуна терең маани берерин билдирет,- дейт.

Луис Вильянуэва буга чейин Чжухай сыяктуу шаарларга барууга да жетишкендиктен Шиңжаңга келгенде таң калуусун жашыра алган эмес: «Кытай бир гана жээктерде жайгашкан аймактарды өнүктүрүүгө көңүл бурбастан, алыскы аймактардагы улуттук азчылыктардын да сапаттуу жашоо шартын камсыздоого чоң маани берет. Мен мурда көрүп, окуп жүргөн такталбаган маалыматтар менен азыр өз көзүм менен көргөн маалыматтардын айырмасы асман менен жердей. Мен азыр гүлдөп-өсүп келе жаткан Шиңжаңды көрүп турам»,- дейт ал.

Орусия Федерациясынын Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин мүчөсү Алексей Лескин Шиңжаңга алгачкы иш сапары менен келип, улуттардын достугуна, тыгыз байланышына таң калган. Алексей Лескин билдиргендей, Кытайда 56 этникалык топ болсо, Орусияда алардын саны 200гө жетет. Көп улуттуу мамлекеттерде улуттук биримдикти сактоо маанилүү иш.

– Ар бир улут мамлекеттин таажысында жаркырап турган бриллиант сымал өзүнө тең жана сый мамилени күтөт. Шиңжаңда улут аралык иерархия конституциялык жана юридикалык укуктарга ээ болгону кубандырат. Элдин кызыкчылыгы үчүн иштелип чыккан демилгелер көрүнүктүү жана пайдалуу жыйынтыктарга алып келгени үчүн улуттар ортосунда биримдик, достук сактала бермекчи,- дейт Алексей Лескин.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
tular
2019-10-01 09:12:43
Кытайдагы кайдагы улуттар биримдигин жазып жатасынар?! Кытайлык кыргыз, казак, уйгурларды түзөтүү лагерлериндеги кыйноолорду эмне деп айтабыз? !
Андан көрө ошол боюнча жазгылачы кыйноолор боюнча. ..
0
tular
2019-10-01 09:15:10
Бул макаланын негизги маанаси эмне? Бизге да акырындык менен кытайдын идеологиясын жайылтуу эмеспи? !
0
№ 882, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан