Жеңишбек Жумакадыр, төкмө акын: "КАЗАК АЙТЫШЫНА БАЙГЕ ҮЧҮН БАРГАН ЭМЕСМИН”

"Сөз баккан адам менен баарлашуу көңүлгө гүл өстүрөт" деген чын. Бул жолку маектешим төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр болду. Кыргыз-казак айтышындагы чырлар, талант, төкмөлүк өнөрү, автобуста таанышкан сүйүүсү, айтышта тапкан “сүйүүсү”, айтор, кызыктын баарын бул маектен табасыз.

– Жеңишбек мырза, эл аралык айтышка Казакстанга барып келдиңиз. Социалдык тармактарда уу-дуу кеп болду, өз оозуңуздан угалы, кандай барып келдиңиз?

– Кыргыз-казак айтышына Аманжол деген акын агабыз чакырган эле. 31-августта Бишкекте болгон айтыштан мурун эле макулдугумду бергем. Ошентип барып келдим. Монголиядан, Кытайдан келген 2 казак акыны жана Кыргыз өлкөсүнөн жалгыз мен бардым. Айтышта байге мага буюрбады. Казактарга болгон сыйыбызды баарыңар көрүп жүрөсүңөр, төбөбүзгө көтөрүп урматтап кош байге сайып жүрөбүз. Бирок бизден баргандар көп учурда байгеге илинбей келишет. Казак акындарда эч күнөө жок, уюштурган бирин-экин адам эле бул нерсеге жоопкер. Ошол адамдын абийиринде.

Чынын айтсам, байге үчүн деле барган эмесмин, эки элдин ынтымагы үчүн баргам. Төкмө болгондон кийин чоң-чоң айтыштарга катышкың келет. Жыйынтыгын баракчама жазып койдум эле, эл казактар тууралуу жаман сөздөрдү жазышыптыр. Эки элдин ынтымагына доо кетпесин деп билдирүүмдү өчүрүп койдум. Жалпы кыргыздын атынан барган үчүн бул жерде эл нааразы болду. Казактардын бизге келип жүргөн акындары ыңгайсыз болуп, “өзүбүз демөөрчү таап айтыш уюштурабыз” деп аракет кылып жатышат.

– Казак акындарын биз дайыма жакшы кабыл алабыз, эмнеге алар мындай мамиле жасашат болду экен?

– Уюштуруучулардын бири Эрман Жүрсүн деген адам башынан эле кыргыздарга терс көз карашта экен. Казак акындары бизге келгенде залда отургандар уу-дуу болуп сүрөп, кол чаап укмуш колдошот. Биз барганда андай атмосфера жок. Менин оюмча, ал жакка аз барабыз.

Казак акындары биз өткөргөн айтыштарга акыйкат жана кызыктуу өтөт деп суктанышат. Анткени бизде чүчү кулак кармашып, ким менен айтышарыңды аягына чейин билбейсиң. Аларда чүчү кулак жок, ким менен ким бет келишерин алдын ала билип алып, көбүнесе жаттап алышат экен. Сөздүн гүлүн терип жазып, жаттап чыгышат. Анан укмуш колдоо табышат. Мен “жазбай эле дароо төкпөйсүңөрбү?” десем, “финалда төгө беребиз, бирок телевидениеге тартып жатышат, камера турат, бир аз кооз болсун деген далалат” дешти. Аларда чапан жаап, гүл берип ийип, домбраны коё салып кара сөз менен айтышып, бир аз шоуго жакындаштырып элди тартышат. Бул казактарда төкмө жок деген нерсе эмес, бизге келип төгүп эле жатышпайбы, болгону ушундай нукка түшүп калыптыр.

– 31-августта өткөн айтышта жеңишке жетиштиңиз, сыйлык кут болсун!

– Күлүк маарага жетем деп чуркайт эмеспи, жеңишке жетсем деген ой болгон. Бирок бул эл аралык чоң айтыштагы биринчи жеңишим эмес, ошондуктан көкүрөк керип, толкунданып деле кеткен жокмун. Эмнегедир эл айтышты сагынып калганбы же мени сагынып калганбы биринчи жолу байге алгандай куттуктап эле жатышты. Өнөрүмө күйөрман болгондордун баарына ыраазы болдум.

– Саяпкер чабышка күлүк таптайт, мүнүшкөр кушун таптайт. Ал эми төкмө акын айтышка өзүн-өзү кантип таптайт болду экен?

– Эл аралык айтыш болсо, кимдер катышары белгилүү болсо, алардын таржымалын толук билип чыгыш керек. Кыргыз-казактын тарыхын билиши керек, сахнада эки элдин саясаты сөз болушу, тамашалуу кептер айтылышы мүмкүн. Акын эл алдына айтышка көп чыгышы керек. Мисалы, Барпы акын алдына куурайды сайып алып айтышчу экен. Анан өзүнүн ордуна кайра куурайды сайып туруп жанагы айткан сөздөрүнө өзү жооп кылчу экен. Бул өзүн-өзү таптоо. Бизде болсо чоң айтыш бир жылда бир болот. Айтышты көбүрөөк өткөрүшүбүз керек.

– Финалда казак кызы Айнур менен айтыштыңыз, кызыктуу болду, ээ?

– Финалда казак төкмөлөрү Жандарбек же Мухтар менен чыгам деп ойлогом. Анткени финалда эки эркек акын айтышат го деген ой кеткен. Бирок Айнур туш келип калды. Анан сүйүү пайда болуп кетти (күлүп). Тамаша, экөөбүз 20 жылдан бери таанышпыз. “Опытный келин окшойсуң” деп мен тамашалап айткандай ал “опытный акын”. Кайсы жерде тамашага кантип жооп беришти билет. Аял менен эркек айтышканда баары бир махабат темасы козголуп кетет эмеспи. Тийишип айтышасың. Эркек менен айтышкандай чоң темаларды айта албайсың. Эгерде элге жакса биздин жеңишибиз ошол.

– Аялыңыз кызганган жокпу?

– Аялым эчен айтышты башынан өткөрдү, кызганбайт. Ошол күнү бардык акындарды сыйлап түштөнүүгө чакыргам. Ошондо аялыма Айнур кымбат баалуу бриллиант шакек белек берди, аялым ага камдап жүргөн белегин тартуулады. Ортодо чоң сый, урмат бар.

– Төкмөлүк кыргыз-казакка гана тиешелүү дешет...

– Мурун бардык элде болгон экен. “Араб” деген сөз “чечендик” дегенди билдирет тура. Арабдарда, түрктөрдө, өзбектерде, тажиктерде, ал тургай орустарда деле бар экен. Учурда казак менен кыргыздарда гана сакталып келе жатат. Казак менен кыргыздын түбү бир эле эл да, бизде сөзгө баа берилет. Адам өлсө да ырдап угузган, сүйүнсө да ырдап жеткирген. Биз ушундай сөзгө маани берген, тез илип алган жаратман калкпыз. Ошол үчүн айтыш сакталып калса керек.

– Кыргыздын дагы бир өзгөчөлүгү тилге жатыктыгы. Орусча, англисче, кытайча деле бардык тилде тез жана сапаттуу сүйлөп кетебиз го. Бул жакшы нерсе эмеспи. Бирок сиз кыргыз тилин гана билишиңер керек дегендей айтып жүрөсүз.

– Ооба, кыргыз тили тууралуу көп айтам. Улут катары сакталып, бирок тилин жоготуп койгондор көп. Элестет, кыргыз деген мамлекет бар, бирок өз тили унутулуп кеткенин. Ошон үчүн тил сакталып калсын деген аракетим. Түркияга барсаң бардык жерде түркчө гана жазылган. Бизден чыныгы кыргыз тилинде жазылган жарнама көрбөйсүң же башкасын көрбөйсүң. Ошентип кедейленип бар тил жок болот. Бирок бул көп тил үйрөнбөгүлө деген түшүнүк эмес. Балдарымдын баары чет тилди жакшы билишет. Бирок эч бири “киргиз” эмес, кыргыз! Өзүм кыргызча жана нарынча билем (күлүп).

– Кесибиңиз актёр экенин билем, акындыкка качан ооп кеттиңиз?

– Мен мектепте окуп жүргөндө эле жамактатчумун. Көбүнчө жазчумун, сатира жакка шыгым бар эле. Тагдыр экен, төкмө акын болуп элге кызмат кылып калдым. Москвадан актёрлукту бүтүп келип, Бишкекте иштеп жүрдүм. 2005-жылдан кийин акындык талантымды өркүндөтөйүн деп театрдан уруксат алып, эл алдына чыга баштадым. Устаттарым Ашыраалы Айталиев,
Тууганбай Абдиев, Эстебес Турсуналиев, Замирбек Үсөнбаев болду. Устаттарым ушул төрт акын, шакирттерим азыр чыгып жаткан акындардын көбү.

– Устаты менен шакирти финалда кездешип калса кандай болот?

– Финалда Аалы менен кездешип эле жүрөм. Азамат, Баян, Идирис, айтор, көбү менен эле кездешип калам. Бул эми өнөр да, тартынбай эле айтышып жүрөбүз. Бирок өзүм жогоруда санаган устаттарым менен айтышка чыккан жокмун.

– Төкмөлөрдүн көбү эрте үйлөнүшөт экен, ээ?

– Баары үчүн жооп бере албайм. Өзүм 17 жашта үйлөнгөм. Атам кайтыш болуп чоң атамдын тарбиясында болдум. Ошол үчүнбү мен нарктуулукту, салтты, сөздүн маанисин эрте түшүнүп, жоопкерчиликти да эрте алдым. Жубайым да 17 жашта болчу, Кыргызстанда 10 бактылуу үй-бүлө болсо, ошонун бири меники деп коркпой эле айта алам. Колуктум экөөбүз бири-бирибизди жакшы түшүнүшөбүз, катуу сүйөбүз, сыйлайбыз. Көбү суктанып өкүл апа, өкүл ата коюп алышат же жөн эле катташып жүрөлү деп калышат. Мунун баары эле жубайымдын иш билги, сыр билги болгонунан деп ойлойм. Кызым турмушка чыгып жатканда да кудама “кызыма 1000 пайыз кепилдик берем, жакшы бүлө болуп берет” дедим. Шүгүр, күйөө балам да жакшы чыкты.

– Мындай бактылуу үй-бүлөнү куруу үчүн эмне керек экен?

– Ыйман менен жуурулушкан сүйүү керек. Сүйүүнүн жолун билбей туруп сүйүү мүмкүн эмес. “Мен аялымды ушунчалык сүйөм” деп туруп аны тепкилеп сабап койгондор бар. Же “кетирип жиберейин дейм, бирок сүйөм” деп калышат. Мен аларды сүйүүнүн жолун билбей эле сүйөм деп өзүн алдап жүргөндөр деп ойлойм.

– Чоң сүйүүңүз менен кантип таанышып калдыңыз?

– Автобустан таанышкам. Кубан Алиев деген куудул жигит бар го, ошол экөөбүз келе жатсак бир кыз да түшүп калды. Ошол кездеги тазалыкты карабайсыңбы, колуктума биринчи жолу айран алып бергем (күлүп). Ал кезде кола-фанта деген нерсе сатылчу эмес, жолдо жарма, айран сатылчу эле. Мага жагып калды, оокатка тың, карапайым кыз экен. Апамды сүйүнтөйүн деп да ойлодум, экинчи чети бирөөлөр алып кетчүдөй сезилип туруп алды. “Үйлөнөлү” десем “коё турбайлыбы” деди. Таарынып кетип баратсам, колумдан кармап калды. Азыр “өзүң чуркап келдиң эле го” деп тамашалап калам.

– Кээ бир адам жолун тез таап кетет. Кээ бири чалынып мүдүрүлүп жатып араң жолун табат эмеспи. Сиздики баары шыдыр кеттиби?

– Шүгүр, шыдыр эле кетти. Азыр демөөрчү тиги-бу колдоду дешет го. Мени эч ким колдогон жок. Өз аракетим менен эле болду. Үй-бүлөмдү келинчегим экөөбүз түптөдүк. Келинчегим мугалим, бирок иштеткен жокмун. Мен тамашалап калам “чыныгы эркектер аялына маяна төлөгөндөр” деп. Эне үйдө болсо баланын тарбиясына жакшы көңүл бурулат. Эң орчундуу нерсе баланын тарбиясы тура. Турмушумда атагы таш жарган атанын баласы анча эмес чыгып калганын көп көрдүм. Бул тарбия берилбей калгандан деп ойлойм.

– Акын элдин деми дейт, демибизди өчүрбөй комузуңуз менен жүрө бериңиз!

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Nevestkaa
2019-09-30 11:28:47
Кандай гана сонун маек.Кыргызымдын жигиттери үлгү алгыла төкмө акындын жашоо тартибинен.Ар бир кызга ушундай күйөө туш болсун ылайым.
+15
jemile
2019-09-30 12:05:27
Мына, ушундай адам болуш керек, аракет кылыш керек, кыргыз депда күйгөн дин ыйман деп да күйгөн, билим да деген жана негизгиси аялга болгон урмат сый!!

+12
karona12
2019-09-30 18:36:14
Байге учун барбасаныз эмнеге байге берген жок деп жазып чыктыныз баракчанызга.
-2
Aimani
2019-10-01 00:40:20
karona12,байге бербесе берген жок деп жазат да
+1
adiletik
2019-09-30 19:01:24
Биринчи орунда тарбия экенине мен дагы кошулам.
Тарбия эч нерсеге алмашкыс, акчага сатып алгыз.
+7
bond02
2019-10-02 21:38:59
Туура айтат Женишбек, адамга эмес адамдын оноруно куйорман болуш керек.
+1
Skarlett-Skarlett
2019-10-05 22:26:08
Мынча асыл создор,суктандым
+1
№ 882, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан