Абдылас Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын директору, Кыргыз Эл артисти Керим Турапов Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовдон кечирим сураганын "NewTV" жарыялады.
Маалыматка ылайык, экөөнүн пикир келишпестигине Керим Тураповдун буга чейин гезиттердин бирине берген маеги себеп болгон. Анда Турапов журналисттин “Филармонияны жетектеп турганыңызда сизди мамлекеттин акчасын жеди деп айтып чыгышты эле…” деген суроосуна “Ал учурда ШОСко даярдыктар башталып, Филармония убактылуу оңдоп-түзөө иштерине жабылган. Жумушту убагында сапаттуу бүтүрөлү деп эки сменде иштегенбиз. Душман алыстан келбейт экен. Жанымда жүргөн достордун ичи тардыгынан эле болду. Убагында Адахан Кимсанбаевич экөөбүз аны депутат кылдык, министрге чейин көтөрдүк. Биздин колдообуз менен чоң-чоң кишилер менен алака түзүп, коюн-колтугуна кирип, дагы көтөрүлдү. Ал жигит – Ибрагим Жунусов болчу. Экөөбүз бир аз айтыша кеттик эле, артымдан текшерүү жөнөттү. Абийирим таза болгондуктан "билгениңди кылып ал " дедим. Эсеп палатасынан текшерүү жөнөтүп, алар кынтык таба алган жок. “Мындай жарабайт, Керимди кармай турган ишин тапкыла”,- дептир. Алар “мыйзам буза албайбыз” деп баш тартышыптыр. Ошондо жеке аудиторлорду жалдап, коллективден айрым адамдарга “наам алып берем” деп кызыктырып, мага каршы тукуруп баштады. Кийин уксам, мага мыйзамсыз иш баштаган аудитор да, мага каршы арыз жазган коллективдеги киши да каза болуп калыптыр. Экөөнүн өлүмү Ибрагим Жунусовдун абийиринде” деп жооп берген.
Мына ушул сөздөрү тууралуу Керим Турапов “Гезитке чыккан маегимде такталбаган маалыматтардын негизинде Ибрагим Жунусовдун дарегине мен тараптан ачуу сөздөр айтылып кеткен болчу. Ошондуктан Ибрагимге “ак чөп башта” деп айтмакчымын. “Ачуу-душман, акыл-дос” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Ибрагим Кожоназарович экөөбүздүн мамилебиз дайыма сый болгон жана боло бермекчи” деп билдирген.