(Башы өткөн сандарда)
Калыс карыя бийик дарбазанын жанына келип, киргенге даай албай туруп калды. Ушунча жол басып келген соң кириш керек эле. Бак-шагы, короо-жайы жакшы каралган, чоң үй экен. Тапчанда эркек менен аял отуруптур. Кирип келген ак сакалчан жылдыздуу кишини карап туруп калышты.
– Ассалом алейкум,- деп үн сала салам берип Калыс ата тигилерге жакындады.
– Алейкум салам, келиңиз.
Ал-жай сурашып төргө отургузуп экөө тең таң кала тиктей беришти. Адашып келип калдыбы деген кыязда.
– Ии, алыс жолдон келе жаткан окшойсуз.
– Ысык-Көлдөн келе жатам. Алдыңыздарга бир ирет келип өтөлү десек, ушул дарбазадан киргизбей койгон экенсиздер. Арадан 11 жыл өтүп, кайра ушул жерге келип отурам. Мен кызыңар Асиянын күйөөсү Эрнистин жакын тууганы болом. Жубайым кайтыш болуп кудага мен келген эмесмин, бирок Эрнистин ата-энеси келишкен экен.
Асия! Эрнис! Бул үйдө бул ысымдардын айтылышына тыюу салынганына эчен жыл болду. Аял күйөөсүн коркуп тиктеп калды. Тигил болсо азыр бакырып жиберчүдөй абалда чыңалып турганын байкай койду.
– Тынч болуңуз, бул тууганы экен, эл сыйлаган адам экени көрүнүп турат,- деп шыбырай салды.
– Келген себебим...- деп баратып Калыс ата ойго чөмүлүп кетти.
– Жашым 78де. Бул жашта деле ден соолук болбой калат экен. Бирок көзүмдү жумуп келген себебим – бала. Силердин небереңер!
– Менин кызым да, неберем да жок!- деди Асиянын атасы. Сакалдары дирилдеп кетти. Кызын эстегенде көзүнүн жашы каканактап кетти. 5 уулдун арасында жалгыз өскөн, “жалгыз кызым, жалама тузум” деп эркелеткен кызы эле. Мектепти бүтө электе эле сөз айттыргандар көп болчу. Өзү “мен окуйм” деп болбой туруп алганынан макул деп борборго жиберген. Эрнис менен ошол жактан табышып калып сүйүшүп, биринчи курсту бүтө электе эле баш кошуп алышкан экен. Аны да кийин билишти. Кудалар келгенде ичи күйгөн ата киргизбей койгону да чын. Кызы аркасынан жиберген кишилерге “мен калам, атам мага таарынбасын” деп койгон экен. Ошол боюнча кабар албай койгон. Кийин күйөөсү менен ажырашып, чет өлкөгө кеткенин билишти. Эми канча жыл өткөн соң...
– Антип айтпаңыз. Небереңизди бир көрсөңүз. Алла ар кимге эле ата болууну насип эте бербейт экен. Таята болушту дагы. Небереңиз Айдар бир айыл кеп кылган, акылы, күчү, зээни менен айырмаланган бала. Кызыңызга окшош. Тагдырды биз сурап албайт экенбиз. Атасы экинчи аялын капыстан өлтүрүп алып түрмөдө жатат, чоң энеси болсо өтүп кетти. Тырмактай бала эч кимиси жок калып балдар үйүнө өткөрүлдү. Мен алайын десем жакын туугандарына гана берилет экен. Ошончо жол басып мен бир үмүт менен келдим. Айдардай балдар төрөлө бербейт. Балдар үйүндө калса бузулуп жаман жолго түшүп же жаман тарбияга туш болот,- деди Калыс ата. Адамды уютуп, дилин жумшартып сүйлөй турган сапаты бар эле. Атасы ийге келгендей үн катпай калды. Апасы ыйлап жиберди.
– Кагылайын кызым, ай, эмне мынча жолуң татаал болдуң экен?
– Асиянын бир уулу бар экенин билчү белеңер?
– Ооба, бирок кароосуз калганын билген эмеспиз,- деди Асиянын апасы. Калыс ата ушул жерден болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берди.
ххх
– Ушундай татынакай балдарды кантип таштады экен, ээ? Балдар үйүнүн тарбиячысы улутунуп алды. Аруукенин уктаганда апакай бети нурданып, узун кирпиктери капкара болуп созулуп калар эле. Асмандагы периште жерге түшүп келип калгандай өзгөчө кыз болчу.
– Муну бат эле багып алышат. Көрөсүң го, бир айга да жетпей алып кетишет.
– Байкеси жанынан карыш жылбайт экен.
– Төшөккө сийип койгону эле болбосо сонун кыз бойтойгон.
Тарбиячылар ушинтип сүйлөшүп жатышты. Бир күнү короого чыгып ойноп жатышкан. Айдар бир нерсеге алаксып кеткен экен. Чырылдаган карындашынын үнүн угуп чуркап жетти. Тентек балдар анын үйдөн алып келген куурчагынын буту-колун жулуп салышкан экен. Каткырып шылдыңдап жатышыптыр. Жетип келген Айдар колуна тийген бирин бет талаштыра муштады.
– Эй, келесоо го могу,- деди жанындагы сары бала коркуп чегине берип.
– Эмне тиесиңер, ыя?- деди жулуна берген Айдар экинчисин ичке тээп. Тигил балдар жатып калганда үчүнчүсү качып жөнөдү. Чачы жулунуп жаткан куурчакты алып ыйлап жаткан карындашынын башынан сылады.
– Аруш, мына буларды өзүм кайра оңдоп берем.
– Абака...- муңкана жаштуу көзүн көтөрүп карай берген каректер Айдардын өмүр бою эсинде калды. Жамгырдан кийинки карагаттай жаштуу көздөр өзүнөн жардам сурап кайрылып турду. Бул көз караш эч бир убак көкүрөгүнөн өчпөй тургандай сакталып калды. Кичинекей денесин кучактай калып жүзүнөн өпкүлөп жиберди.
– Кетебиз, Аруш, аз калды кетебиз.
– Кайда?
– Билбейм, бирок бир жолун табабыз, бул жактан качабыз.
– Кетпе, абака, менин куурчагымды карачы, буту жок калды.
– Мен сага жаңысын сатып берем. Сен ыйлабачы, болгону сен ыйлаба. Мен...- байкаса, өзү дагы көзүнөн жаш агып бара жаткан экен. Шаша-буша сүртө салды. Чырмалыша кучакташып экөө балдар үйүнүн чет жагындагы бакта көпкө отурушту.
ххх
Ойноп жаткан балдардын арасынан четте турган кызга көзү түштү кишинин. Куурчагын бооруна кысып, колун оозуна салып туруптур. Жаңы эле ыйлап сооронгондой кебетеси жүрөгүн тешип кете жаздады. “Ушул кыз” деди жүрөгү. Элеп-желеп болуп кетти. Жанына барып сүйлөшкүсү келди. Бооруна кыса кучактап керек болсо ушул турган желден да коргогусу келди. Бирок өзүн токтотуп калды. Эч кимге билинбеши керек. Эч кимдин эсинде калбашы керек.
ххх
Калыс атасы келди. Айдар менен Аруукенин чоң атасы деп билип калышкан булар. Өзү менен кошо жайкы алмалардан ала келет.
– Калыс ата, бул жерде жашай албайбыз. Куду түрмөдөгүдөй. Эгерде атам чыкпаса мен Аруукени алып бул жерден качам,-деди Айдар.
– Шүк, ошол да болчу беле.
– Мен чыдабайм, Калыс ата.
– Мен сенин таята-таенеңе бардым. Баткенге барып келдим,- деди карыя аргасыз сырын ачып.
– Бул жерден качып кетсең алар сени кайдан табышат?
– Таятамбы?
– Ооба, апаңдын ата-энеси. Аларга баарын түшүндүрүп айттым.
– Анан?
– Бир аз чыдагыла, балам.
– Эмне дешти алар?
– Эч нерсе дешкен жок. Азырынча эч нерсе дешкен жок. Бирок алып кетишет. Сени да, Аруукени да алып кетишет.
– Алып кетпесечи...
– Айдар, эгерде алып кетпесе мен алам силерди.
– Сага беришпейт бизди,- деди баш чайкаган Айдар. Бул жактагы балдардан баарын билип калган эле. Балдар кимге берилет, мыйзам боюнча кимдер ала алат баарын билип бүтүшкөн экен, айтып беришкен. Бирок таята-таенең бар экен деген кепке көкүрөгү жибип турду. Чын эле, балким, алып кетишет, балким, апасы да табылып калар. Үмүт жылт этти.
Так ушул маалда Айдардын таята-таенесинин ортосунда айыгышкан күрөш жүрүп жатты...
(Уландысы кийинки санда)