МЕГАКОМ №3 БАЛДАР ООРУКАНАСЫН ЖАШЫЛДАНДЫРУУНУ БАШТАДЫ

21-сентябрь – бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү. MegaCom компаниясы бул күндү утурлай 20-сентябрда Бишкектеги №3 шаардык медициналык “Тез жардам” жана балдар клиникалык ооруканасына бак-дарактардын көчөттөрүн отургузушту.

100ГӨ ЖАКЫН ПАВЛОНИЯ ЖАНА ИЙНЕ ЖАЛБЫРАКТУУ КӨЧӨТТӨР ОТУРГУЗУЛДУ

Өлкөдөгү ири мамлекеттик компаниялардын бири MegaCom социалдык багыттагы ишкана болуп саналат. Аталган компания өлкөнүн социалдык абалын жакшыртууга чоң салымын кошуп, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана башка тармактарга колдоо көрсөтүп келет. Бул ирет ишкана Бишкек шаардык балдар клиникалык ооруканасына дарактардын көчөттөрүн отургузуу иш-чарасын жүргүздү. MegaCom компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов, аталган оорукананын башкы дарыгери Гүлнара Жанабилова, компаниянын кызматкерлери жана оорукананын дарыгерлери биргеликте жалпысынан 100гө жакын павлония жана ийне жалбырактуу бак-дарактардын көчөттөрүн отургузушту. Павлония дарагы кадимки дарактарга караганда 10 эсе көп көмүр кычкыл газын сиңирип алгандыктан, пайдасы абдан чоң.

Оорукана шаардагы транспорт көп каттай турган чоң жолдо орун алгандыктан, бул зонада абанын булгануусу жогору. Андыктан тигилген көчөттөр кичинекей бейтаптардын тез сакаюсуна өбөлгө түзүп берет.

Көчөт отургузуу демилгесине оорукананын кызматкерлери кубанып жатканын Бишкек шаардык балдар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлнара Жанабилова жашырган жок. “Эми биздин кичинекей бейтаптарыбыз, ата-энелери менен ооруканага келгенде бакта эс алууга шарт түзүлөт. Биз дарактарды кууратпай өзүбүз көзөмөлдөп турабыз. Алардын өсүшүн балдарыбыз (бейтаптар) менен чогуу карап, суктанабыз. Оорукананын администрациясы MegaCom компаниясына ыраазычылыгын билдирет”,- деди Жанабилова.

Акылбек Жамангулов: “БУЛ БИР КҮНДҮК АКЦИЯ ЭМЕС”

MegaCom компаниясынын башкы директору Акылбек Жамангулов ооруканага колдоо көрсөтүү көчөт отургузуу менен эле токтоп калбасын, келечекте оорукананын инфраструктурасын жакшыртууга жардам берилерин билдирди.

– MegaCom – бул мамлекетке салык төлөөчү коммерциялык компания гана эмес, социалдык компания. Андыктан биздин ишкана өлкөнүн социалдык абалын жакшыртууга дайым колдоо көрсөтүп келет. Бул ирет уюштурулуп жаткан иш-чаранын негизги максаты – кичинекей бейтаптарга, алардын ата-энелерине жана оорукананын кызматкерлерине ыңгайлуу шарт түзүп берүү. Эмне үчүн биз бул мекемени тандап алдык? Анткени бул Бишкектеги жалгыз эң чоң балдар ооруканасы. Ал эми балдар – биздин келечегибиз жана байлыгыбыз.

Көчөттөрдү отургузуу – оорукананын администрациясы менен узак мөөнөттүү кызматташуунун башаты гана. Биз бир күндүк гана акция уюштуруп коюп токтолуп калбайбыз. Биз бул жердин инфраструктурасын оңдоп, отургучтарды орнотуп, жолдорду жаңылап, мыкты эс алуучу жайга айлантууну максат кылдык,- деди Акылбек Жамангулов.

Кубан Жумамидинов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 882, 26-сентябрь - 2-октябрь, 2019-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан