Арген экөөбүз жөн гана баш кошуп бактылуу болгубуз келген. Ал үчүн бизге ата-энебиздин батасынан башка эч нерсе керек эмес болчу. Үйлөнүү той, калың, сеп.... Жадакалса үлпөт көйнөгүнүн да кереги жок эле. “Эл эмне дейт?” бизге ошол жөнөкөй мүмкүнчүлүктү да берген жок.
Анын ата-энеси “аркалыгыңды кой. Сага өзүбүз жактык эле кыз алып беребиз” дешсе, меникилер “башка жигит табылбай калдыбы? Ошко эмне бар, таластык жигитке тиесиң” деп бир топко оюбуздан кайтарууга аракет кылышты. Бир өлкөнүн ичиндеги бир элдин арасындагы сүйүшкөндөр баш кошуу үчүн ата-энебизди көндүрүүгө эки жылыбызды короттук. Сүйүү жеңди. Бирок кийинки этаптагы маселеге кезек келди. Эч нерсе боло электе ата-энелерибиздин ортосунда пикир келишпестиктер орун алды. Ага себеп- калың, сеп, той... Буларды бакытка байлаштын кажети барбы? Каражатты ушул нерселерге сарптап, кайрадан акча топтоо үчүн жан сабап иштөөгө чет жакка кетүү канчалык маанилүү? Пайдасыз ысырапкорчулуктан арылып, каражатты жаңы түптөлүп жаткан жашообуздун пайдубалын куруу үчүн жумшасак болбойт беле?
“Ошончо эле калың берет бекен? Эне сүтүнөчү? Эл эмне дейт, ботом”, “Септи уят болбогондой берели”, “Той беришсин дейли, туугандардын баарынын кыздары күркүрөгөн той менен күйөөгө узап жатышат”. Уфф! Тажадым!
– Ата, апа, суранам силерден, мен анын баарын каалабайм. Арген экөөбүз эч кандай ызы-чуусу, мына, ушунун баары жок эле үйлөнгүбүз келет. Үйлөнүп алып Орусияга барып карызыбызды төлөйбүз деп кара жаныбызды карч уруп иштегибиз келбейт. Олчойгон карыз менен үй-бүлөлүк жашоону баштагым келбейт, апа, түшүнсөңөр. Акчаңар ашып-ташып жатса, бергиле бизге, батир алганга акча чогулталы. Үйлөнгөндөн кийин жашай турган жерибиз жок.
– Жөн турчу кайдагыны айтпай. Элдин баары эле ошентип үйлөнүп, ошентип насыя төлөп оокат кылып жатат. Каада-салт деген бар. Аны аттап өтө албайбыз. Эртең эле урук-тууган, кошуналар эле сөз кылбайбы, ботом, Саке кызын жөн эле берип коюптур деп.
Таанышып, көрүшүп, бири-бирине жүзү жарык жолугуп, бир чайнек чайды жылуу маанайда ичишсе эмне?! Болочок куда-кудагыйлардын мындай эсептешүүсүнөн канча адам башын мыкчып, канчасы белчесинен карызга батып, канчасы чылымын тумандата түтөтүп, жашоого нааразы болуп бир бурчта ойго чөмүлүп отурат?
Уул-кызын ортого салып сүйлөшүп жаткан ата-эненин узакка созулган талаш-тартышы эртең бирге түтүн булатып, үй-бүлө болуу алдында турган кыз-жигиттин мамилесин солгундатып, арага бир заматта алай-дүлөй түшүрөт деп ойлонгон адам жок.
Миң ирет кайталап, каалоолорубуз, тилек-максаттарыбызды ар кандай жол менен ата-энелерибизге түшүндүрүп көрдүк, болбоду. Аларды “эл эмне дейт?” деген саздан сууруп чыга албадык. Акыры көнүп бердик. Той үчүн чынында эки тарапта тең ашып-ташкан акча жок болчу. Эки үй-бүлө тең насыя алды. Аргендин ата-энеси той өткөрөбүз деп насыянын баткагына тыгылса, меникилер кыз узатуунун чыгымдары үчүн олчойгон карызга батып отуруп калышты.
Ошентип, биз каалабаган кыз узатуу той, калың, сеп, чоң куда, кийит кийгизүү, үлпөт той, ырчы-чоорчу, баары болду. Чынында бул жөрөлгөнүн баарына адамды чарчата турган, ашыкча убаракерчилик менен коштолгон ысырапкорчулук деген гана баа бере алдым. Жан дүйнөнүн, өзүбүздүн каалообузду эмес, ата-энебиздин каалоосун орундаттык.
Ушуну менен баары бүтсө кана. Той – көз ирмемде, калың – бир сүртүмдө, шыпты тиреген жууркан-төшөк, оокат-кече Кыргызстанда кала берди. Биз болсо Новосибирскке келдик. Бал айын өткөрүүнүн ордуна “насыя төлөш керек” менен турмуштун жаңы барактарын ачтык.
Азыр Орусияда он чакты адам менен бир батирде жашайбыз. Бир жыл өттү. Карыздарыбызды төлөп бүтө элекпиз. Биздин уруш эмнеден чыгат, билесиңерби? Дал ошол биздин эркибизге каршы алынган насыянын айынан.
Үмүт