КЫТАЙ: ШИҢЖАҢДАГЫ ДИН ТУТУУ ЭРКИНДИГИ

Кытайдын диний саясатты коргоосунун алдында Шиңжаң – бир канча динди карманган, ар түрдүү диний маданиятка ээ улуттардын кызыкчылыктары корголуп, жарандардын динге болгон ишеними сыйга ээ болгон аймак. Жарандардын диний ишеним тандоо укугун сыйлоо диний маданиятты коргоонун мыкты көрсөткүчү болуп саналат.

Кытай ар кайсы динди карманган жарандарынын муктаждыктарын эске алып, ислам адабиятын, христиан, буддизм жана башка чет тилде жазылган диний адабияттарды которуп, басып чыгарат. Шиңжаңда классикага айланган бир нече диний китептер, анын ичинде Куран китеби кыргыз, кытай, уйгур, казак жана башка тилдерге которулуп, басылып чыккан. Мусулмандар үчүн кытай жана уйгур тилинде атайын сайт ачылган. Диний китептерди саткан соода түйүндөрүнөн Куран баштаган көптөгөн ар тармактуу диний китептерди табууга болот.

Шиңжаңдын диний тарыхы узун, ал эми диний маданий мурасы ар түрдүү. Бул да болсо өкмөттүн диний маданиятка чоң маани бергендигинин далили. Азыркы учурда Шиңжаңда 109дан ашык улуттук, диний, маданий объекттер бар. Алардын катарына Кашкар мечити, Жаосю районундагы ламалардын ибадатканасы, кечилдердин үңкүрлөрү жана башка эстеликтерди кошууга болот. Булардын баары Маданий мурасты коргоо Улуттук борборунун тизмесинде турат. Жогоруда айтылган маданий объекттердин 46сы бүтүндөй мамлекеттин, 63ү Шиңжаң автономдуу аймагынын ичинде жайгашкан. Борбордук өкмөт жана Шиңжаңдын өкмөтү бул маданий жайларды оңдоп-түзөө үчүн ар дайым каражат бөлүп турат. Диний маданий мурасты коргоо, сактоо жана аны муундан муунга өткөрүүгө өкмөт чоң маани берет.

Шиңжаңдын диний башкаруу жаатындагы саясаты туура жолдо баратканын көп убакыт сакталган тарыхый салттардын мурасынан билсе болот. Мамлекет диндерди азыркы заманбап жашоого сиңирүүгө багыт берип, диний коомчулукка динге байланыштуу изилдөө иштеринде көмөк көрсөтөт. Бул өз кезегинде улуттарды социалдык гармонияга жеткирип, маданияттуу, билимдүү, дени сак муундун өсүшүнө алып келет. Ар кайсы диндердин маданиятынын өнүгүшү Кытай мамлекетинин өнүгүүсүнө салым кошот.

ДИНИЙ ЭКСТРЕМИЗМДИ ЖОЮУ ТУУРАЛУУ МАЕК: КЫЛМЫШ ЖАСААРДАН МУРУН МЫЙЗАМ ЧЕГИНДЕ ЖАЗА АЛАРДЫ УНУТПА

1848-жылы Нарбаго көчөсүндө курулган Каман мечити Хотан шаарындагы эң чоң мечит болуп саналат. Хатифтин (мечиттеги окутуучу) орун басары журналисттер менен маектешти.

Вубули Айшандын жүзүнөн жылмаюу кетпей, учурдагы жашоосуна ыраазы болуп жүргөнүн көрөсүң. Бирок 10 жыл мурун бардыгы башкача эле. Вубули Айшандын айтымында, 10 жыл мурун Хотанда радикалдык идеология өкүм сүрүп турган. Ал убакта көпчүлүктүн мыйзам тууралуу жетишерлик түшүнүгү жок болгондуктан, ар кимдин дин тууралуу билип-билбей айткандарына бат эле ишенип алышчу. Ал эми өзүн «имам» атагандар жарандарды туура эмес диний агымга үгүттөп, мечиттин диний кызматкерлерине чабуул жасап турушкан.

«Алар айткан сөздөрдүн бирин мисалга алсак, аялдын статусу өтө төмөн, эркексиз эч нерсеге жөндөмү жок, коомго аралашпай, ишке чыкпай үйдө отуруш керек. Кыздар окуп-билим алгандан көрө эртерээк күйөөгө тийиши зарыл деген ойду жайылтышчу»,- дейт Вубули Айшан.

Мындай ойлорго берилген миңдеген жашоочусу бар айылдан 1-2 эле кыз университетке тапшырганы менен, аларды ата-энеси окууга жибербей коюшчу. «Чынында, мен өзүмдү дайыма күнөөлүү, коргоочусу жок адам катары сезчүмүн» дейт Вубули Айшан. Ал бул ойго каршы чыгып, ата-энеси жибербей жаткан 3 кызга университетке тапшырууга жардам бергенин айтат. «Азыр ошол кыздар менен бат-баттан байланышып турабыз, алар мага атасындай мамиле кылышат. Мен аларга дайыма экстремизм менен күрөшүп, аялдарга эркектикиндей эле тең ата укук алып берген өкмөткө ыраазычылык билдиргиле деп айтам».

Вубули Айшан айткандай эле, 2017-жылдын 29-мартында СУАРдын 12-Элдик конгрессинин дайымкы комиссиясы 28-жыйын өткөрүп, «Шиңжаң автономдуу аймагын экстремизмден арылтуу боюнча жобо» кабыл алышкан. Жобого ылайык, «балдарга билим алууга, билим алуу системасын жайылтууга болбойт» деген түшүнүк жокко чыгарылган. «Экстремизмден арылтуу боюнча жобо» конституциялык, кылмыш жана антитеррордук мыйзамдар менен катар терроризм, экстремизмге каршы күрөштө күчтүү юридикалык курал болуп эсептелет.

«Азыр мен өзүмдү ушунчалык жеңил сезем» дейт өткөнүн жылмаюу менен эскерген Вубули Айшан. Автономдуу аймактын мыйзам бардыгынан бийик турушу керек деп экстремизмге каршы чара көрүүсү менен Хотан шаарынын тургундарынын мыйзамдуулук тууралуу аң-сезими бекемделе баштаган. «Азыр кайсы бир кыйынчылыкка туш болгондо жарандар Коммунисттик партияга же болбосо өкмөткө барып маселесин айтып, мыйзам чегинде чече алышат. Менин оюмча, бул эң сонун көрүнүш»,- дейт Вубули Айшан.

ДИНИЙ ИШМЕРДҮҮЛҮКТҮН МЫЙЗАМДУУ КЕПИЛДИГИ: ӨКМӨТ МЕЧИТТЕРДИН ШАРТТАРЫН ЖАКШЫРТТЫ

Шиңжаң «мыйзамдуулукту коргоо, мыйзам бузууларга бөгөт коюу, экстремизмди токтотуу, анын жайылышынын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү» принцибине ылайык, жарандарынын диний эркиндигине чек койбой, алардын ишмердүүлүгүн коргоп, муктаждыктарын канааттандырып келет.

Вубули Айшан журналисттер менен маегинде күнүгө орточо эсеп менен ага 50-60тай адам келип даават угарын, ал эми жума күндөрү алардын саны 800гө жетерин айтат. Мечиттин китеп окуй турган бөлмөсүнөн Вубули Айшандын китеп коллекциясын көрүүгө болот. Китептердин мазмуну жөнөкөй жана реалдуу турмуштан алынган мисалдар менен берилген. «Мен аяттарды чечмелеп жатканда улуттук биримдикке чакыра турган, адамдарды жакшы жакка үндөгөн мисалдар менен түшүндүргөнгө аракет кылам. Мисалы, жакында эле даават угуп жаткандарга баңгизатынын зыяны, кесепеттери тууралуу айтып бердим». СУАРдын мыйзамына ылайык, экстремизмге каршы күрөшүү менен бирге, мыйзамдуу диний ишмердүүлүктү коргоо күчөтүлдү.

Журналисттер менен маектешүү мезгили жайдын июль айына туш келип, Хотан шаарында аба ырайы абдан ысык болчу. Бирок мечиттин бир катар бөлмөлөрүндө кондиционерлер орнотулганын байкабай коюу мүмкүн эмес эле. Окуу бөлмөсүндө классификацияланган диний, илимий жана юридикалык китептерди табууга болот. Мечиттин тазалыгы да тыкыр көзөмөлгө алынат.

Жалпыга белгилүү маалыматка ылайык, акыркы жылдары Шиңжаң «жети жана эки» (суу, электр тармагы, жол, газ, жаңылыктар, радио, телевидение, китепкана) иш-чарасын жүргүзүп келген. Жогоруда аталгандардын бардыгы, андан сырткары ажатканаларды тазалоо, таза суу менен камсыздоочу жабдыктар да мечитте бар. Мечиттеги медициналык кызмат көрсөтүү, медициналык жабдыктар, электрондук дисплей, компьютер, электровентилятор, кондиционер, өрт өчүрүүчү жабдыктар, табигый газдын болушу диний иш-чараларды өткөрүүдө бир кыйла жеңилдиктерди тартуулайт.

Вубули Айшан журналисттерге өзү сыяктуу диний ишмерлер ай сайын мамлекеттен 1800 юань жөлөк пул аларын айтты. Өкмөттүк эмес уюмдар менен бирге чет өлкөлөргө диний окутуучу катары бир нече ирет барып келгенин билдирди. «Ажылыкта жүргөн адамдарга айрым тоскоолдуктардан өтүүгө жардам берүү үчүн, мисалы, тил маселеси жана башка маселелер боюнча өкмөт атайын окутуучу адамдардын тобун түзөт. Бул партия менен мамлекеттин калктын диний ишеним эркиндигин сыйлоосунун конкреттүү көрсөткүчү болуп саналат. Мамлекет биздин диний кызматкерлердин да жашоо-шартына көңүл бурат. Биздин коомдогу абалыбыз жакшырды. Негизгиси коопсуздугубузга кепилдик бар»,- дейт Вубули Айшан.

Анын айтымында, динге берилген адам болгондон кийин башкаларды туура жолго салууга, жамандыктан алыс болуп, жакшылык кылууга, улуттук биримдикке жана коомдун гармонияда жашоосуна үндөөгө тийиш. Анан да жакырчылыктан чыгып, бардар жашоого жетүү үчүн позитивдүү маанай жаратып, жагымдуу атмосфера түзүү керек.

«Эгер ден соолугум болуп турса, жакшы жашоого өзүмдүн салымымды кошкум келет. Андан сырткары менин кичинекей неберем аман-эсен чоңоюп, коом үчүн, бүтүндөй мамлекет үчүн керектүү адам болот деп үмүт кылам»,- дейт
Вубули Айшан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 883, 3-9-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан