Адамдын мүнөзүн анын бутун көбүнчө кандай алып отуруусуна жараша да аныктоого болот. Анда, кымбаттуу окурман, төмөнкүнү окуп, өзүңүздүн мүнөзүңүздү байкап көрүңүз...
Тизелерди бириктирип, чыканактарды белге тийгизе колдорду сандын үстүнө коюп отуруу – Уяңдык, өзүнө-өзү ишенбегендик, жашоодогу ар кандай кыйынчылык, тоскоолдуктарга моюн бере албагандык.
Кайчылаштырылган буттардын башын ары-бери кыймылдатып ойноктотуу – Көп нерсеге көңүлкоштук менен мамиле кылып, кол шилтеген кайдыгерлик.
Буттарды бири-биринен алыс коюп, башты артты көздөй чалкалатып отуруу – Өтө кыялкечтик.
Бут кийимди чечип туруп, бир буттун таманын берки буттун тизесине коюп отуруп алуу – Шамдагайлык, элпектик, спортко жөндөмдүүлүк.
Жерге отурганда эки бут бирдей сунулуп, баштары бирикпеген абалда болсо. Буга кошумча, адам бир аз артка чалкалап же алдыга эңкейип, колдору менен жерди таянып алса – Бардык нерседеги тактыкты, тартипти сүйүүчүлүк. Таза жана тыкандык.
Эки тизени бириктирип, буттарды параллелдүү түрдө алып, тамандар катар жайгашкан болсо – Жакшы тарбиялуулук, оор басырыктуулук, токтоо мүнөздүүлүк.
Буттарды эч качан түз, бирдей алып отура албоо – Мүнөздүн татаалдыгы,туруксуздугу, жеңил-желпилиги.
Кайчылаштырылган буттарды бир аз артты көздөй коюп отуруу – Өзүн дайыма тең салмакта алып жүрө алуучулук, өзүнө абдан ишенгендик. Аткарган ишинен, сүйүүдөн жана башкалардан да ырахат ала билгендик.
Колдорду артка алып, денени бир жакка кыйшайтып же бүкчүйтүп, буттарды кайчылаштыруу. Ошону менен катар эле тынч отурбай тынымсыз кыймылда боло берүү – Бул адамдын эч нерседен коркпогон, өзүн турмуштун бардык сыноосунан өтүүгө даяр сезген эрктүүлүгү, турмуштук тажрыйбасынын молдугу.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
Asulbek
2011-02-09 23:37:26
мага жакпады
0
almagul_aravan
2013-08-08 16:08:03
жакшы кенештер экен рахмат!
0
Aigerim4545
2018-01-05 17:12:24
мен өзүмү таппай калдым
0
Peri.00
2018-07-25 22:52:45
Мен өзүмдү таптым,акыргысы экен.☺Блокто дайым ошентип отурчумун, кыздарым менин отурганыма уктанышчу, эмнеге суктанганын эми түшүнгөндөймүн.
0
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.