ДОСТУККА КЫЯНАТ (Кыйышпас достор, достуктун бузулушу, сүйүү үч бурчтугу тууралуу сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Эржан коркуп кетти. Кайрат менен абдан ынак болбосо да, экөө анда-санда сырдашып калышчу. Бирок Кайратта кандай дарт бар экенин билбейт эле. «Тез жардам» унаасында Кайратты ооруканага алып барышты. Дарыгер Кайраттын ата-энесине кабар берип, чакыруу керектигин айтып, обочо чыга бергенде «оорусу олуттуу» деди. Көрсө, Кайрат көптөн бери дары ичип, өз алдынча дарыланып жүрүптүр.

Кайраттын ата-энесине кабар берилди. Алыскы райондордун биринде турушат экен. Эржан үйүнө келип, тынч отура албай кайра ооруканага жөнөдү. Кайраттын азыркы абалы оюнан кетпей койду. Ооруканага келсе ал эсине келиптир.

– Кандайсың? Коркутуп жибердиң го.

– Жакшы элемин. Эмне болуп кеткенин өзүм деле билбей калдым. Башым тегеренип, көзүм караңгылай түшүп эле... - энтиге оозун кыбыратты Кайрат.

– Дарыгерлер көпкө ачка жүргөндүкү дешти,- көптөн бери ооруп жүргөнүн айткысы келбеди. Эржан да унчукпады.

Экөө сүйлөшкөн кыздары, боло элек үйлөнүү тойлору тууралуу кобурашып бир топко отурушту. Эртең эмне болуп кетерин, ширин кыялдар заматта кыйрап каларын экөө тең сезишкен жок. Эржан Бишкекке бармак, бирок Кайраттын жакындары келгиче анын жанында болуп турушу керек болду. Андан бөлөк шаарда Кайраттын туугандары деле жок болчу, сүйлөшкөн кызы да башка шаарда турат экен.

ххх

– Турчу, бирдеме жеп алсаң боло,- курбусу Аселди тургуза албай убара. Коңшу бөлмөдөгү Максат кызга тынчтык бербей койду. Күндө келет, жолугушууга чакырат. Ар кандай шылтоо айтып, эптеп Аселдин көңүлүн тапкысы келет. Бирок кыз «Эржандын башка сүйгөнү бар» деген кабарды уккандан кийин Эржанга таарынып, ал жаман кабарды угузганы үчүн Максатты да жек көрүп калган. Эржан келсе баарын ачык айтып, мамилени ары же бери кылыш керек болчу.

Бир маалда эшикти бирөө каккылап калды. Бурулай каалганын тешигинен караса Максат экен.

– Тур, дагы келди тигиниң.

– Ким?

– Максат.

– Уфф, тажатты…- ордунан туруп эшикти ачты. Колуна гүл кармап алган Максаттын эмне айтарын кыз жаттап бүткөн.

– Максат, түшүн, маанайым жок.

– Төрт дубалды тиктеп, камалып отура берсең кайдагы маанай?

– Анан эмне кыл дейсиң?

– Жүрү, дискотекага барып келебиз.

Өмүрү дискотекага барып көрбөсө да, Максаттын сунушунан кийин Асел негедир ойлоно түштү. Күндөгүдөй «сейилдеп келебиз же киного барабыз» десе, балким, баш тартмак. «Барса барып, бийлеп, бугумду чыгарып келсемби» деди оюнда. Кыраакы Максат кыздын оюн дароо окуп, аны шаштырып калды.

Дискотекада Асел биринчи жолу сыра ичти. Башында бир аз жагымсыз сезилип жаткан, бара-бара көнүп кетти. Жаңы келгенде тартынып жаткан Асел сыранын күчү менен аябай бийледи. Тегерегиндегилерди көзгө илген да жок. Бир убакта Максат топтон жетелеп чыкты.

– Асел, кетели, кеч болду.

– Мен бийлеп бүтө элекмин. Шашып жатсаң бара бер, мен анан...

ххх

Уйкудан ойгонсо, башы жарылып кетчүдөй лукулдап жатыптыр.

– Эмне кылдым?- дискотека үзүл-кесил эсине келип жатты. Максатка арманын айтып ыйлап жатканын бир билет. Жатаканага таксиде келип, вахтадагы эжеден уруш угуп жатканын да чала-була эстеди. Өзүнөн-өзү уялып кетти. Эптеп туруп өзүн күзгүдөн көрүп, кебетесинен жийиркенип кетти.

– Ушул сага керек беле? Сага сүйүүнү ким коюптур, алыңа жараша иш кылчы!- деди акылы.

– Эржанчы? Сен аны чындап сүйөсүң, бирөөнүн сөзүнө ишенип, баары бүттү дебе,- деди жүрөгү. Акыл менен жүрөктүн согушу башталды.

– Эржаның кана? Кат-кабарсыз кетти. Балким, үйлөнүп алып жүрбөсүн? Тигил Максат деле жаман жигит көрүнбөйт, көзүңдүн кареги менен тең айланып жүрөт,- акылы ушинтип жатты.

– Балким, жалгандыр. Мен билген Эржан мени күттүрүп таштап кетип, жашырынып үйлөнбөйт болчу,- деп Эржанды актайт жүрөк.

ххх

Бир жалганды жашыруу үчүн Максатка он жалган айтууга туура келди. Колуна Эржандын Аселге жазган он чакты катын кармап отурган Максаттын мээсин «Эржандын бетин эми кантип карайм?» деген суроо жеп жатты. Бирок артка кайтууга кеч. Аселди ал Эржандан кем эмес жакшы көрөт, үйлөнсө бир өмүр сыйлап өтүүгө даяр эле. Эң башкысы, Асел чындыкты билип калбашы керек. Эржан тууралуу калп айтканын, анын каттарын бербей катып жүргөнүн билип калса Асел эч качан кечирбейт. Бир айласын таап Эржанды Аселге жолуктурбаш керек.

Ушинтип көп жылдык достукту сүйүү тепселеп баратты. Убагы келгенде кечирер, таптакыр кечире албаса анда көп достун биринен ажырайм деди ичинен. Ал эми Аселден кол үзүп кетүү, аны унутуп кадимки жашоого кайтуу эми мүмкүн эместей. Азыр эң башкысы – Аселдин жүрөгүн жибитүү, акырын өзүнө имерип, көңүлүнө жол табуу. Бир күнү Эржан келсе, калпы ачылып каларын билсе да Максат артка кайтпас жолду тандады.

ххх

Бул күндөрү Эржан тайпалашы Кайраттын жанында болуп, ага каралашып жатты. Кийин зарыл жумуштары чыгып, айылында жүрүп калды. Ошентип Бишкекке бара албай калды. Бир күнү Орусияга иштегени кеткен досу Нурландын карындашы Айгерим арттан чакырып токтотуп калды.

– Эржан, токтосоң.

– Ээ, Айгерим, сен кайдан адашып?

– Жумуштар менен келгем. Сени көрүп калып, учурашып өтөйүн деп...

– Аа, жакшы.

Экөө бир топко сүйлөшүп турушту. Өткөн-кеткенди, бала кездеги күлкүлүү окуяларды эскеришти. Көптөн бери көрө элек болчу, баягы тентек Айгерим бой тартып, сулуу кыз болуптур. Экөө кошуна болгондуктан бала кезден бирге өсүштү. Оюн ойносо да чогуу болушчу. Экөөнүн абышка-кемпир болуп ойногонун айылда азыркыга чейин сөз кылып, күлкүлүү окуя катары көп эстешет. Эржандын классташтары да Айгерим жөнүндө сөз болуп калса «баягы Эржандын кемпириби?» деп сөзгө кыпчый кетишет.

– Бишкекке качан кайтасың?- деди коштошордо Эржан.

– Эртең, буюрса.

– Сенден кат берип жиберейин, ээсине тапшырып койчу, ээ?

– Макул.

Эржан бул жолу Айгеримден кат жазып берип жиберди. Ал Максатты тааныгандыктан катты ошого бер деп дайындады. Карышкырга кой кайтартып жатканын Эржан билген жок.

ххх

Жашоодо күтүүсүз, бирок атайын жасагандай окуялар болот эмеспи. Бул жолу да так ошондой болду. Асел сабактан чыгып, бөлмөсүнө келе жаткан. Узун коридордо бараткан бейтааныш кыз Максаттын бөлмөсүн көздөй бурулуп, эшикти такылдатты. Асел ал туштан өтүп барып токтоп, сөз тыңшай калды. Бул кыз Максаттын кимиси деген ойдо. Эшикти ачкан Максат тиги кыз менен жакшы учурашып, аркы-беркини сүйлөшө кетишти.

– Эржан сага берип жиберди,- Айгерим төрт бүктөлгөн кагазды сунду.

– Кайсы Эржан? Аа, абышкаңбы?- деди Максат тамашалай.

– Ооба, абышкам,- кыз да күлүп койду.

Аселдин денеси дүр эте түштү. Барып тигил кызды суракка алгысы келди, бирок намысы жол бербеди. Көптөн бери күмөн санап жүргөнү үчүнбү, айтор, башына дароо эле «Максаттын айтканы чын тура» деген ой келди. Бөлмөсүнө шашып кирип, керебетке кулады.

ххх

Күндөр куушуп өтүп жатты. Өткөнкү коридордогу окуядан кийин Асел Максаттан «баягы келген кыз ким?» деп сурагысы келип, бирок батынбады. «Эржаныңдын сүйүктүүсү ошол» дегенди угам деп коркту, андайды угууга даяр эмес болчу. Жүрөгүнүн түпкүрүндө Эржанга деген бүлбүл үмүт биротоло өчпөй, жашай беришин каалады. Бул арада Эржан өзү сыркоолоп, узакка жол жүрүүгө мүмкүнчүлүгү болбоду. Ошентип Асел экөөнүн ортосу алыстай берди. Бир күнү Бишкекке жолго чыкты.

ххх

«Эржан Бишкекке келе жатыптыр» деген кабар Максатка бир күн мурун жетти. Абийирдин иши жеңил эмес. Шаштысы кете баштады. Эмне кылуу керек? Аселди алаксытып бир жакка алып кетүүнү, ал жактан түнгө чейин келбей турууну ойлоду. Эржан Аселди баягыдай күтүп-күтүп кетет, жатаканада түнөп калбаса керек деп ойлоду. Аселдин курбулары да Максаттын өжөрлүгүнө таң берип, аны Аселге ылайык көрүп калышкан. Эптеп бул күндү өткөрө турсам, эртең дагы бир айласын табармын деди Максат ичинен. Ошентти да Аселди жатаканадан алып чыгып кетти.

Эржан бул жолу да Аселди бөлмөсүнөн таппай калды. Эшикти ачкан Бурулай курбусунун башка жигит тапканын, аны менен бактылуу экенин айтып «сураныч, анын тынчын албай эле койчу» деди. Бул сөз Эржанга катуу тийди, ишенгиси келген жок. Ошентсе да Аселге жолукмайынча кетпейм деп чечти. Күңүрт коридордун эң башына барып, отура кетти. Максаттын бөлмөсүндөгү балдар батирге чыгып кетишип, бөлмөдө ал жалгыз эле жашачу. Түнкү саат 1ге чамалап калган маалда Асел менен Максат жатаканага кирип келишти. Экинчи кабат, экөө коридордо жетелеше келе жатты. Аселдин үнүн Эржан дароо таанып, ордунан тура калды. Тигил жетелешкен экөөнү көздөй басты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
temirov76
2019-10-07 12:29:23
Биротоло жолуктуруп койбойт беленер.
+1
bekov01
2019-10-09 13:44:04
Башталышын кайдан окусак болот
0
admin_portal
2019-10-09 15:35:36
bekov01
2019-10-09 16:03:08
Рахмат!
0
№ 883, 3-9-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан