Буга чейин Сауд Арабияга чет элдик турист айымдар күйөөсү менен гана чогуу кире алса, эми өлкө бийлиги ал талапты алып салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жарыялашты.
Маалыматка таянсак, Сауд Арабия АКШ, Япония, Кытай жана башка 49 өлкөдөн туристтерди кабыл алуу чечимине кол койгондон кийин чет элдик айымдарга жеңилдик берүү максатында ушундай кадам жасалган. Мындан сырткары турист аялдар эми өлкөдө сөзсүз узун, кең көйнөк кийип жүрүүгө милдеттүү эмес. Болгону тизени, ийинди жапкан кийим кийип жүрүү, ичимдик ичпөө талабы калтырылган.
Дамира Арстанова
koom@super.kg