Акыркы жылдары пальма майы дүйнөгө 2 себеп боюнча дүрбөлөң салууда. Бири – пальма плантацияларынын аянты улам кеңейип, тропик токойлорунун аянты кыскарып жатканы. Экинчиси – майдын адам организмине тийгизген таасири. Бул боюнча май организмге керектүү дешсе, айрымдары зыяндуу дешет. Кайсынысы чындык?
МАЙДЫ ЭҢ КӨП ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨР ИНДОНЕЗИЯ МЕНЕН МАЛАЙЗИЯ
Пальма майы башка өсүмдүк майларына караганда бузулбай узакка сакталат. Ошондуктан аны бузулбай, катпай, даамы жоголбой турушу үчүн азыктарга кошушат. Майлардын 80 пайызы тамак-ашка колдонулат, ошондой эле техникалык май катары да пайдаланылат. Өндүрүлгөн майдын 60 пайызын Азия, 10 пайызын Европа өлкөлөрү сатып алат.
ДҮЙНӨ ЧУРУ-ЧУУ ТҮШКҮДӨЙ ЗЫЯНЫ ЭМНЕДЕ?
«Пальма майындагы 3-МСРД заты эркектердин жыныстык клеткасына оңой кирип, сперматозоиддерди зыянга учуратат, эркек тукумсуз болуп калат» деген окумуштуулар да бар. Пальма майы каныккан жана каныкпаган май кычкылдарына бай болгондуктан аны ысытканда ого бетер канцерогендүү (уулуу) болуп калат. Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кирген өлкөлөрдө пальма майын колдонууга тыюу салынган эмес. Кыргыз өлкөсү аны ташып келүүнү максималдуу токтотуу сунушу менен ЕАЭБдин экономикалык комиссиясына кайрылган. Бирок азырынча жыйынтык жок. Сунушту ЕАЭБдин башка мүчөлөрү да колдоп, атайын мыйзам кабыл алынмайынча жыйынтык чыкпайт.
«САПАТТУУ АЗЫК ЭЧ КАЧАН АРЗАН БОЛБОЙТ!»
Мамраим Жумабаев, Улуттук кардиология борборунун гастроэнтерология жана нефрология бөлүмүнүн жетекчиси:
Пальма майын атайын иштетүүдөн өткөргөндө витаминдер жок калат. Ошол эле кезде курамында рак, атеросклероз, инсульт, инфарктты чакыруучу заттар болот.
Пайдасы барбы деген суроого келсек, пальма майы Тутанхамон заманында эле колдонулган, бирок таза, табигый түрдө. Иштетүүдөн өтпөгөн нукура пальма майынын курамындагы A, E витаминдери жана кератин, көзгө, чачка, териге оң таасирин тийгизип, алардын абалын жакшыртат. Майдын антиоксиданттык (кычкылданууга каршы, эрте картаюунун алдын алуучу) касиети да бар. Ошол эле учурда таза майдын курамында каныккан май кычкылдары 44 пайызды түзөт. Андай кычкылдар чочконун майында 30, каймак-майда 25 пайызды түзөт. Ушунун өзү пальма майы жүрөк-кан тамыр жана рак оорусун пайда кыларын айтып турат.
Бизге таза май келбейт, анткени тазасы кымбат. Ташып келүү чыгымдарын кошкондо баасы ого бетер өсүп кетет.
Пальма майын азык-заттарга жана балдар азыктарына кошкон уяттуу бирин-серин гана өндүрүүчүлөр азыктын этикеткасына анын бар экенин жазышат. Калгандары товар өтсүн үчүн жашырып «өсүмдүк майы», «өсүмдүк катуу майы», «пальма олеини» деп жазышат. Балдар азыгына кошулган пальма майы кальцийди сиңирбей, баланын сөөгү кеч өсөрү аныкталган. Мисалы, сырдын сыртында «сыр» эмес, «сыр азыгы» деп жазылып турса, анда пальма майы колдонулган болушу мүмкүн.
Андыктан азык аларда курамын окуңуз. Дүкөндөгү мөөнөтү узакка сакталуучу печенье, момпосуй жана башка азыктарды албай, экологиялык жактан таза каймакты, сүттү колдонуңуздар. Булочка, торт, сыр жана башкаларды үйдөн жасап жеңиздер. Сүт азыктарынын мөөнөтү кыскаларын алган оң. Баасынын арзан экендигине эмес, кымбат болсо да сапаттуусуна басым жасаңыз. Анткени товардын баасынан дагы өзүңүздүн, балдарыңыздын ден соолугу кымбат.
Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg