ЧЕК АРА КӨЙГӨЙҮН КӨТӨРҮП ЧЫККАН АКТИВИСТ КЫСЫМГА АЛЫНЫП ЖАТАБЫ?

Кыргыз-тажик чек арасында 16-сентябрда чыккан жаңжал боюнча нааразычылык акциясына катышкан активист Урмат Жаныбаев күч түзүмдөрүнүн кысымына кабылдым деп чыкты.

Бул тууралуу 1-октябрда өзүнүн социалдык түйүндөгү баракчасында жазды. Айтымында, жарандык кийимчен милиция кызматкери анын кызы тарбияланып жаткан бала бакчага келип, маалымат алууга аракет кылган. Тагыраагы, Урмат Жаныбаевдин үй-бүлөсү тууралуу маалымат сураган. Бирок бала бакчанын кызматкерлери бирөөнүн үй-бүлөсү тууралуу маалымат берүүгө укуктары жок экенин айтып, баш тартышкан. Жаныбаевдин билдиришинче, буга чейин өзүнүн апасы жашаган үйдө да ушундай окуя болгон. “Мурда апамдын үйүнө барып, алардан биздин үй-бүлө тууралуу маалымат алууга аракет кылышкан. Кийин да апамдын үйүнө барып, кандайдыр бир көз боёмочуну издеп жатышканын айтышып, “үйдө канча киши жашайт” деп сурашкан экен. Алар адамдын эң талуу жерине – балдарым менен жакындарыма тийишип жатышат, мен муну менин үй-бүлөмө карата ачык эле коркутуу катары баалайм”,- деп жазды Жаныбаев.

Укук коргоо органдары бул боюнча комментарий берише элек.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда Баткенде Кыргыз-Тажик чек арасында жаңжал чыгып, 1 адамга ок тийип каза тапкан. Окуянын эртеси бир топ жарандык активисттер Бишкекте "Ала-Тоо" аянтына чогулуп, бийликтен чек ара маселесин чечүүнү талап кылып, нааразычылык акциясын өткөрүшкөн. Алардын арасында Урмат Жаныбаев да болгон. Ал бул күнкү митингди социалдык баракчасы аркылуу түз чагылдырып берген. Бул күнү митингге чыккандарды милиция кармап кетип, кайра коё бергени белгилүү.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 883, 3-9-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан