БУГУ АЙДАП, БОРООН ТЫНШАГАН ЧУКЧАЛАР

Түкүрүк жерге түшпөй тоңгон суукта мергенчилик менен алектенишкен, ээн талаада компасы жок эле шамалдын багыты менен конуштарын тапкан чукчалардын жашоо-турмушу баарыбызды эле кызыктырса керек. Андан да кызыгы, эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин алар тууралуу келеке кептер айтылып келет? Келгиле, ушул суроого жооп издеп көрөлү.
Баштапкы аталышы – «чаучу», «чавчу» («бугуга бай эл»)
Отурукташкан аймагы –
Саха Республикасы, Чукотка жана Коряк автономиялык округдары, Камчатка крайы
Калкынын саны – 16 миң (2002-жылга карата)
Тили – Чукот, орус
Дини – Православдар, шамандар

СОГУШЧАН ЧУКЧАЛАР
Окумуштуулар чукчалардын ата-бабалары биздин эрага чейинки төртүнчү кылымдарда эле жашап келишкендиктерин далилдешкен. Орустар менен чукчалардын алгачкы жолку байланышы 1641-жылдарга барып такалат. Чукча эли туурасындагы маалыматты орус падыша сарайына алгачкылардан болуп жеткиргендердин бири – казак Михаил Стадухин болгон. Мына ошол жылдардан тартып чукчалар менен орустардын ортосунда жүз элүү жылга чукул айыгышкан катуу кармаштар маал-маалы менен болуп турган.
Таяк, жаа жана мергенчиликке колдонуучу учтуу найзалар менен куралданган чукчалар кармаштардын көпчүлүгүндө жеңишке ээ болушкан. Чукотка тарапта Англия жана Франция экспедициялары булак этип көрүнө калышканынан улам, 1776-жылы Екатерина II «чукчаларды орус курамына киргизүү үчүн бардык аракеттерди көргүлө» деген буйрук чыгарат. 1778-жылы Гигижин чебинин коменданты – капитан Тимофей Шмалевдин кийлигишүүсү менен чукчалардын башчысы Омулят Хергынтовду ийге келтиришип, «он жыл орустарга салык төлөбөйсүңөр» деген чечим менен орус курамына кошулушкан.

ЧУКЧА МАДАНИЯТЫ
Алар биз сыяктуу эле 1931-жылга чейин латын алфавитин, 1937-жылдан тарта кириллицаны колдоно башташкан. Бүгүнкү күндө чукча тилинде радио жана телекөрсөтүүлөр уюштурулуп, гезит, журнал жана китептер чыгып турат. Алардын белгилүү жазуучулары делип Ю.Рытхеу менен А.Кымытваль эсептелет.
Кейиштүүсү – чукчалардын жашоо шарттары жакшырып, балдары жатак-мектептерде окушканы менен, өз тилин, дилин унутуп, орусча сүйлөп калышканы. Муну «мен чукчамын» дегендердин дээрлик көпчүлүгүнүн ысымдары орусча аталып калганынан баамдаса болот.
Негизги майрамдары катары бугулардын, иттердин күзгү-кышкы жарыштары, жаныбарларды курмандыкка чалуу шааниси, уруу башчыларынын урматына уюштурулган атайын салтанаттар эсептелинет. Мындан сырткары маркумду акыркы сапарга узатуу күнү «чын дүйнөгө кетти» деп кызуу майрамдашат.

ЯРАНГА – УЛУТТУК ҮЙҮ
Чукчалар көчмөн турмушуна ылайык бир канча бурчтан турган, жабуусу бугу терисинен жасалган ярангаларда (чатыр) жашап келишкен. Катуу шамал учуруп кетпеши үчүн түбүнөн бир канча таштар менен бастырылат. Коломто үйдүн так ортосунан орун алат. Бугу териси жылуулукту абдан жакшы сактагандыктан жана от жагылгандыктан, кай бирде белинен өйдө чечинип отурушканын да көрүүгө болот. Чыракка көбүнесе деңиз жаныбарларынын майын колдонушат.
1950-жылдардан тартып совет өкмөтү чатырларда жан сакташкан чукча элин отурукташтыргандан кийин кадимкидей эле үйлөрдө жашоо кечире башташкан. Бирок буга өз кезегинде жергиликтүү калк арасынан каршы чыккандары да болгон.
Кийим-кечектеринин дээрлик бардыгын бугунун, тюлендин, морждун терилеринен тигишет. Эмчектеги балдардын кийимдери да бугунун терисинен жасалып, шымынын алаасына атайын заара ушатуучу кичинекей мүшөкчө коюшчу. Мына ушундан улам эл арасында «памперсти чукчалар ойлоп табышкан» деген кептер айтылып калган.

БУГУНУН МЭЭСИ – СҮЙҮШКӨНДӨРДҮН ТАМАГЫ
Бүгүнкү күндө Чукотканын дүкөндөрүндө бардык тамак-аштын түрү болсо да, чукчалар дале бугунун жана деңиз жаныбарларынын этинен танышпайт. Эттен түрлөп кыкватоль, нувкурак, мантак деген тамактарды жасашат. Мисалы, эртең менен муздак эт менен ысык шорпо ичишсе, түштө тоңдурулган эт же балык (строганин) менен чай ичишет. Кечкисин бугунун канына эт жана ун кошулуп жасалган ботко (рилькын) жешет.
Мындан сырткары жаңы үйлөнгөн жаштарды нике түнүндө бугунун мээсинен жасалган тамак менен сыйлашат. Анткени бугунун мээси эркекке дем-күч берет деп ишенишет.
Ал эми деңиз жээктей отурукташкан чукчалар морж, кит, тюлень, нерпалардын эти менен азыктанышат. Эки аймакта отурукташкан эл бири-бирине алыш-бериш кылууну да унутушпайт.

ЧУКЧАГА БИР АЯЛ АЗДЫК КЫЛАТ
Чукчанын канча үйүр бугусу болсо, анын ошончо аял алууга укугу бар. Карт бойдоктор эл ичинде өтө баркталбай, «жалкоо, жатып ичер» деп шылдыңга алынат. Күйөө бала кайын журтуна чабан катары бир жыл иштеп, кайнатасынын сынынан өтөт. Эгер ал жакпаса, кыздын ата-энеси жигитти кууп сала алат.
Эки жаш үйлөнгөндө сөзсүз бугу курмандыкка чалынып, канын алардын жүзүнө жана колдоруна сүйкөшөт. Бул кыздын өз туугандарынан баш тартып, жигиттин уруусуна кирүүсү деп эсептелинет. Мындай ырым-жырымды бүгүнкү күнгө чейин колдонуп келишет.
Чукчалардын арасында ажырашкандары саналуу гана. Алар үч себеп менен гана ажыраша алышат. Жубайлардын бири жалкоо болсо, оорукчан болсо, уруксатсыз ойнош күтсө. Ортодогу байлык ким күнөө кетирбесе, ошол тарапта калат.
Мындан сырткары достор, жакын туугандар аялдарын алмаштырып, бири-бирине сый көрсөтүшөт. Бирок буга бойдок жигиттер кошула алышпайт.

ЧУКЧАЛАР – АНЕКДОТ КААРМАНЫ
Чукчалар тууралуу анекдоттор 1960-1970-жылдары, тагыраак айтканда, «Чукотканын башчысы» деген тасма тартылгандан кийин кеңири тарай баштаган. Тасмадагы каармандын «однако» деген сөзү анекдотторго мода катары кошула баштаган. Анекдоттордо чукчалар кем акыл, жашоодон артта калган адам катары сүрөттөлөт. Бирок алар буга арданышпайт. Тескерисинче, өзүлөрү тууралуу анекдотторду кызыгуу менен чогултушат. Арданышпаганынын себебин «биз шайыр калкпыз» деп түшүндүрүп келишет. Чындыгында, чукчалардын арасынан көңүлү суз адамды кезиктирүүгө болбойт. Алар «күлкү адамга дем-күч берет» деп куудулдарын чакырып, бат-баттан күлкү кечелерин уюштурушат. Анан да бул эл комедия жанрындагы фильмдерди, юмордук китептерди көп талап кылат. Ал эми кайгылуу ырларды такыр ырдашпайт.


Жылмайып коюңуз

Москвага поезд менен келген чукчанын денесинин баары көк ала. Досу: – Ай, сага эмне болгон, көк ала болуп?!
– Ордум поезддин үстүңкү бөлүгүндө экен. Келгенче кулай берип...
– Астыңкы орундуктагы адам менен сүйлөшүп, алмашып албайт белең.
– Ал жерде эч ким жок болсо, ким менен алмашмак элем?!- дептир.

Дамира Арстанова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 406, 13-19-август, 2010-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан