Кыргыз жигитине ашык болгон орус кыздын тагдыры тууралуу 8 сериядан турган “Идентификация” аттуу сериалды тартуу иштери аягына чыгууда. Тасманын сценаристи жана режиссёру – орусиялык Владлена Санду. Сериалда башкы ролду жараткан актёр Анвар Осмоналиев буларды билдирди.
– Сериалды тартуу иштери бир жумадан кийин бүтөт. Менин атамдын ролун Эрнест Абдыжапаров, апамдын ролун актриса Сайра Эсенбаева ойношту. Актриса, модель Мээрим Атантаева, ырчы Курал Чокоевдин да ролдору бар. Гонорарды биздин өлкөбүзгө караганда жакшы төлөп беришти. Сериалда көптөрдү ойлонткон маселелер камтылган. 2020-жылы эфирге чыгат деп жатышат. Биз болсо мекенибизге кетүүгө даярданып жатабыз,- дейт актёр.