(Башы өткөн сандарда)
– Сен аны көрсөң дароо сенин кызың экенин сезмексиң. Сания, бул биздин кызыбыз.
– Мен түшүмдө колума куш кондуруп жатыптырмын, демек, бул кыз...
Телефондогу сүрөттү тиктеп турду. Тептегерек жаштуу көздөрү менен тиктеп турган наристе периштедей көрүндү. Дароо бооруна кыскысы келди. Бала деп зарлашкан экөө ийин тийиштире сүрөттү тиктеп турушту. Андан кийинкиси тез чечилди. Мурун эле документтери даярдалып коюлган эле, балдар үйүнүн директору менен иш чечилип калган болчу.
ххх
– Ал биздин каныбыз, Асиянын баласы, кантип сен ошол бала балдар үйүндө чоңоюшун каалайсың?- деди Айдардын таенеси.
– Мен аны кайсы бир аты-жыты жок кайсарга тийип ал деген эмесмин. Мына, биздин сөзүбүздү укпай тийип алды эле, баласы бир жакта, өзү экинчи жакта калды.
– Мен борборго барам, баары бир неберемди алып келем.
– Мен сага алып келбе деп жатамбы? Ушул жумуштар бүтсүн, чогуу барып алып келебиз.
Абышкасынын жумшарып калганына кубана түштүбү, аял чогуу барабыз дегенине дем байлай түштү. Күйөөсүн билет эле, дагы качан деп сураса кыжырланып кетиши мүмкүн болчу. Акырындап көндүрөм деп ойлоду. Бирок убакыт аз эле.
ххх
– Эч бир адам билбесин, атын да башкача которуп алабыз, чет өлкөгө алып кетип гипнозчу психологдор менен сүйлөшүп мурунку жашоосунун изин жоготобуз. Бул биздин кызыбыз болот! Канча убакыт өтсө өтсүн, бирок кыз тууралуу эч ким билбеши керек.
Кыргызстандагы аты белгилүү искусство адамы эле. Таасири, күчү бар болчу. Башын ийкегилеген балдар үйүнүн директору Аруукенин агасы бар экенин айта албады. Агасына жакын экенин, ал ар дайым агасынын жаагына колун коюп жатпаса уктабасын айтпады. Булар 10 жыл бою күткөн наристеси эле Арууке. Өздөрүнүн кызы 4 жашында каза болуп калып, андан кийин Саниянын боюна эч бүтпөй койгон. Үмүттөрү үзүлгөндө бала багып алууга чыгынышкан эле. Айдардын Аруукеси мына ушундай адамдардын колуна бармак.
Түндө уйкудан ойгонуп кетти Айдар. Чоң балдар өзүнчө бир корпуста, кичинекейлер өзүнчө корпуста жатышчу. Бутунун учу менен басып Аруукенин жанына келди. Ал төшөгүндө соксоюп отуруптур.
– Аруш, эмне болду.
– Абака...
Ыйламсыраган кыз төшөгүн көрсөтө берди. Түн ичинде дагы сийип койгон экен. Тарбиячыдан корксо керек, соксоюп отуруп алыптыр.
– Коркпо, азыр мен...
Айдар карындашын жерге түшүрө коюп, бош турган керебеттеги төшөк менен шейшепти алып карындашыныкына салып, тигилерди башка керебетке жыйып үстүн тегиздеп койду.
– Мына, эч ким билбей калды.
– Менин жаныма жатасыңбы?
– Бизди урушат көрүп калышса, андан көрө мен сен уктаганча отуруп турайын.
– Жатчы жаныма.
Айдар кыйбай кетти. Кичине керебетке батпаса да бүрүшүп Аруукенин жанына жатты. Ал адатынча колдорун бетине коюп кобурап койду.
– Биз үйгө кетебиз, ээ, абака,
– Кетебиз, аз калды.
Кучакташып жаткан бул түн экөөнүн тең чогуу болгон акыркы түнү эле. Экөө тең билишкен жок. Түн ичинде уктап калган карындашын жылуулап жаап жатып, чачтарынан сылап, маңдайынан өөп жатып да Айдар эч нерседен шек албады. Эртеси дароо Аруукеге бара турган болду эле улуу тарбиячы башка корпуска бир жумушка жиберип ийди. Тапшырган ишин бүтүп келе калса башкасы дагы бир ишке жумшады. Ошентип эки көзү төрт болуп жатып түштө араң Аруукенин тайпасына келди. Бардык балдар жүрөт, бир карындашы жок!
– Аруукени көрдүңөрбү?
– Жок.
Ийин куушурган баары көздөрүн ала качып ушул жоопту айтышты. Чымын-куюн болуп эки кабат имараттын баарын карап чыкты. Жок! Ансайын жүрөгү дүкүлдөп кетти. Директордун кабинетине атып кирди.
– Эже, Арууке жок!
– Аруукени багып ала турган ата-энеси алып кетти.
– Эмне-е?!
Оозу айттыбы, жүрөгү айттыбы, жердеби же асмандабы бала билбей турду. Көз алдындагы кабинеттеги бардык нерселер калкып кетти.
– Айдар, ишенип кой, Арууке үчүн бул жакшы. Бул жерде калганы туура эмес, анын аябай жакшы көргөн ата-энеси болот. Баарын сатып берет, жакшы тарбиялашат. Атаң азыр түрмөдөн чыкпайт, Айдар.
Директор көп сөздөрдү айтып жатты. Айдардын кулагына үзүл-кесил гана угулуп жатты. Эч нерсени ойлоно албады. Күп эте жыгылып кетти.
ххх
Көзүн ачканда бөлмөдө экен. Ак халатчандар жүрөт.
– Мына, өзүнө келди,- деди бири.
– Арууке кана?- деди. Тили батпай кеткенсип, тамагы кургап чыкты. Анын үмүттүү көздөрүн карап туруу мүмкүн эмес эле, көбү көзүн ала качышты. Жалгыз калтырып чыгып кетишти. Жалгыз калган бала шыпты тиктеп жата берди. Көздөрүнөн жаш куюлуп жатты. Кулагына атасынын “Кандай болсо да Аруукени жаныңдан чыгарба” деген үнү жаңырды. Чоң энесинин “карындашыңа көз бол, көлөкөм, жарык дүйнөдө экөөңдүн бири-бириңден башка эч кимиң жок” деген каргылданган үнү угулду. Апасынын башынан сылаган жумшак колдорун эстеди. Өзүнүн кыялдарын эстеди. Кунан чабышта байге алып, аттын алдына Аруукени өңөрүп алып айылдын көчөлөрүн аралап бараткан кыялын эстеди. Базарга барганда дайым чупа-чупс же сагыз сураган быйтыйган колдорду эстеди. Карындашын аркасына көтөрүп, эмгегине акча алган күнү чуркап келе жаткан талааны эстеди. Мунун баары эми болбойт!
– Аааа-аа!
Бакырып ыйлап жатты. Апасы кеткенде, чоң энеси өлгөндө, атасы түрмөгө түшкөндө да мынчалык жүрөгү күйүп, айласы кетип жаздыкты муштагылап ыйлабаса керек эле. Мынчалык муштумдай жүрөгү канабаса керек.
Бир жума бөлмөсүнөн чыккан жок, тамак да жарытылуу ичпеди. Күндөн-күнгө алы кетип, көзүнүн нуру өчүп бара жатты. Колуна Аруукенин куурчагын алып, терезени тиктеп отура берген адат тапты. “Мен сени баары бир табам, Арууке. Чоңоюп эр жетейин, мен баары бир сени табам. Мен сени өлгүчө издесем да табам. Чоңойсом эле...” Анын жашоосу эми тек гана күтүүгө айланды. Өзү да билбей жашоодогу эң сабырдуу адамга, күткөндү билген адамга айланды.
ххх
– Сени директордун кабинетине чакырып жатат,- деди бир бала жүгүрүп келип. Айдар туруп көңүлсүз гана кадам шилтеди. Кабинетинде бир сакалчан киши жана жоолук салынган орто жаштардагы аял отуруптур.
– Кел, Айдар. Бул адамдар сага келишти?
– Магабы?
– Булар сенин апаңдын ата-энеси. Сенин таене-таятаң!
Айдар көздөрү жашылданган аялды, каштары түйүлгөн адамды тиктеп турду. Жөн гана тиктеп турду. Көкүрөгүнө эч бир жакындык сезилген жок. Айлар бою бул жолугушууну күтүп жүрсө да экөөнө кайдыгер гана тиктеп турду. Ата-эне да ичтен сыза беришти. Жашоону жашап койгондой, чарчаган, бардык адамдардан көңүлү калган көз караш менен тиктеп турган баладан бул кабинетте турган үчөө тең көздөрүн ала качышты. Өздөрүн күнөөлүү сезишти. 10 жаштагы бала минтип карабашы керек эле! Жадырап, жайнап, ишенип тиктеш керек болчу бул бала. Канаты сынып калган куштай илкип басып, араң баш ийкеп сүйлөбөшү керек эле. Таята менен таенеси алып кете турган болуп чечилгенде Калыс атасы да борборго келип калды. Айдарды көргөндө эси ооп отуруп калды. Көздөрү курч тиктеген, зээндүү, жароокер бала жалдырап калган экен...
(Уландысы кийинки санда)