Тилек Кубанычбек уулу, чач тарач: “ЧЕТ ӨЛКӨГӨ АГЫЛБАЙ ӨЗҮБҮЗДҮН МЕКЕНДЕ ДЕЛЕ ИШТЕСЕ БОЛОТ”

Ысык-Көл облусунун калкын туруктуу өнүктүрүүгө багытталган “Кумтөр Голд Компани” компаниясынын бир катар долбоорлору учурда жемиштүү жыйынтыктарын берип жаткан чагы. Алсак, “FSDS” коомдук фондунун долбоорунун алкагында облустун бир нече районунда кичи жана орто бизнестер ийгиликтүү иштеп жатат.

14 АЯЛДЫ ИШ МЕНЕН КАМСЫЗ КЫЛГАН ТИГҮҮ ЦЕХИ

Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну Венера Бактияр кызы 29 жашта. Ал жолдошу Руслан Бошкоев экөө 14 кыз-келинди жумуш менен камсыз кылып, тигүү цехин иштетип жатышат.
Венера Бактияр кызы мындан 4 жыл мурун жалгыз машинасы менен үйдө отуруп бычылган материалдарды алып келип тигип баштаган. “Жалгыз өзүм иш арбыта албарымды түшүнүп, жаныма жардамчыларды алып цех ачууну ойлодум. Тигүүчү машинадан дагы 5ти алдык да, жолдошум Бишкектен буюртмаларды алып келе баштады. Кичи бизнести чоңойтуу аракетинде “FSDS” коомдук фондунун долбоору иштеп жатканын угуп, ага бизнесибизди өнүктүрүү максатыбыз бар экенин жазып жөнөттүк. Учурда баары жакшы, аталган долбоордун колдоосу менен 14 аялды жумуш менен камсыз кылып жатабыз. Долбоордун бизнес жаатындагы атайын окууларына бардык. Бизди келишим боюнча комиссия келип текшерип турат. Жумуш токтобойт, ал тургай айрым учурларда буюртма берген кардарларыбыз дагы бычылган кийимдер бар, келип алып кеткиле деп шаштырып турушат. Учурда күзгү жана кышкы кийимдерге буюртма алып тигип жатабыз”,- дейт Бактияр кызы. Чакан бизнесин кеңейтүү үчүн үй-бүлөгө "Кумтөр Голд Компанисинин" каржылоосу менен ишке ашкан долбоордон 151 миң сомдук грант берилген.

“УНААНЫ КИШИ БОЮ МЕНЕН ТЕҢ КӨТӨРҮП ЖЫРГАП КАЛДЫК”

Сапарыбыз ушул эле айылдагы унаа оңдоочу жай ачып иштетип жаткан Дөөлөтбек Табалдиевдин ишканасында уланды. Табалдиев мурда иштетип келген унаа оңдоочу жайын заманбап жабдык менен жабдуу максатында долбоор жазган. “FSDS” коомдук фонду анын жасап жаткан иши канчалык деңгээлде реалдуу жана калкка пайдалуу экендигин карап чыгып, 151 миң сомдук грант берген. “Бизнесиме өзүм 25 миң доллардай каражат жумшагам. Унаа оңдоочу жайга канатташ унаа тетиктерин сатуучу дүкөн да иштейт. Кардарлар машинасын оңдотууга алып келгенде зарыл тетиктерди издеп карайлап калбайсың. Өзүм таап дүкөндөн алып келип салып берем. Баарынан бизге жумуштун оордугун унаанын астындагы чуңкурга түшүп чыгуу жаратчу. Азыр “Кумтөр” берген гранттын акчасына жеңил унааларды киши боюнан да бийик кылып көтөрүп берген жабдык сатып алгам. Унаанын алдына жатып алып карала болуп оңдогон учур артта калды”,- дейт Дөөлөтбек Табалдиев.

КАЖЫ-САЙДАГЫ ЖАЛГЫЗ ЧАЧ ТАРАЧКАНА

Тилек Кубанычбек уулу Кажы-Сай айылындагы жалгыз чач тарачкананын ээси. Ал айылдын ичине темир күркө коюп айылдыктардын чачын тегиздейт. Мындан тышкары сулуулук салондо көрсөтүлүүчү кызматтарды дагы кошумчалап, жумушчуларды көбөйтүүнү көздөп жатканы белгилүү болду.

“Азыр кыздардын чачын кырккан 1 кыз иштейт. Мен эркектердин, балдардын чачын тегиздейм. Буга чейин Орусияга барып иштеп келгем. Азыр бул жактан деле Орусиядан тапкандай каражат табам. Ал жакта айлык канчалык жогору болгону менен, чыгашалары да ошончолук көп. Өз жеримде иштегенге жетпейт экен. Азыр иш жок деп жата бергендерди же чет өлкөгө кеткендерди түшүнбөйм. Иш толтура, башты иштетиш керек. Анан, албетте, кандай ишти баштасаң да бир аз каражат керек болот. Мен бул жайды ачарда 2000 доллардай каражат сарптагам. Анан "Кумтөр" компаниясы каржылаган долбоор тууралуу угуп фондго кайрылып көрсөм колдоого алып, 114 миң 650 сом каражат алдым. Ага керектүү жабдыктар алынды. Азыр биздин айылда менин бизнесиме атаандаштык кылган эч ким жок”,- дейт Тилек Кубанычбек уулу.

“ИДЕЯ КӨП, АНЫ ИШКЕ АШЫРУУНУН ЖОЛУН ТАБУУ КЕРЕК”

Долбоор тууралуу маалыматтарга кызыгып, ага эмгектерин тынбай жиберип, бизнестин көзүн тапкан Ысык-Көл аймагындагы жаштар 25 жаштан 32 жашка чейинки тургундар. Дал ушул муундун тер төгө иштеп жатканын көрүп эмгекчил жаштардан элдин уучу куру эмес экенин байкадык. Кийинки каарманыбыз Бактияр Бейшеев пластик терезе-эшиктерди жасап, буюртмадан кол бошобой жатканын айтат. Ара-чолодо бизге убактысын бөлүп, 3 адамды жумуш менен камсыз кылып жатканын билдирди: “Кумтөр” берген грант менин өз алдымча бизнес баштоомо жакшы шык берди. 124 миң сом алып керектүү шаймандарга ээ болгом. Келечекте муну менен эле токтоп калбай бизнестин башка түрлөрүндө дагы өзүмдү сынап көрөйүн деп жатам. Жумуш толтура, идея андан көп. Аны ишке ашырган адам гана эмгектин автору боло алат. Бир гана ага баруунун жолун табыш керек. Мыкты иштерди ишке ашырууга жардам кылган “Кумтөр Голд Компаниге” ыраазычылык билдирем”.

Кызыл-Суу айылында элди жумуш менен камсыз кылып, анын арты менен үй-бүлөлүк киреше таап жаткандар көп. Буга мисал катары Алтынбек Камбар уулу ачкан тигүү цехин да айтсак болот. Аталган цехте учурда 5 адам эмгектенет жана үйдө отуруп буюртма алган тигүүчүлөр да бар. Биз барган учурда кыз-келиндер эркектердин спорттук кийимдерин жана май куюучу, унаа оңдоочу жайдын кызматкерлери кийген форма тигип жатышыптыр. Ошондой эле Алтынбек Камбар уулуна атаандаш Кызыл-Сууда жалюзи тигип даярдаган бир да цех жок. Иштин көзүн тапкан ишкер "Кумтөр" компаниясынын каржылоосу менен “FSDS” коомдук фондунан 162 миң сом алып, жабдык сатып алган.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
munduz2016
2019-10-08 21:54:34
1000 000 эл агылып келсин Россиядан каяктан жумуш табылаар экен
0
Altyn10076
2019-10-10 00:19:43
Калптан эле жомок токуй бербегилечи четте акча барган үчүн Кыргызстан оңолуп атат.
0
№ 883, 3-9-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан