СҮЛӨӨСҮН – ЖАРАТЫЛЫШ САНИТАРЫ

Кыргызстандагы сүлөөсүндөр Түркстан тобундагыларга кирет. Сүлөөсүндөр жер бетинде мындан 4 миллион жыл мурун пайда болгон деген маалыматтар бар. Денесинин узундугу 82-105 сантиметр, салмагы 8-20 килограммдын тегереги. Эң чоңдорунун салмагы 30-32 килограммга чейин жетет.

АСКАЛАРДЫ БАЙЫРЛАЙТ

Токойлуу бийик тоолордо кездешет. Көбүнчөсү ийне жалбырактуу токойдо жашоого басым жасашат.

Сүлөөсүн 1986-жылдан баштап атууга тыюу салынып, Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген. Жайлоого чыккан мал жана малчылардын санынын көбөйгөнүнөн улам сүлөөсүндөргө азык болчу жаныбарлар орун которуп, саны да азайып кеткен. Бул менен кошо баалуу териси үчүн аңчылыкка чыккан браконьерлер да сүлөөсүндөрдүн санынын кыскарышына таасирин тийгизүүдө.

Байырлоочу түнөгү аскалардын жаракасы, кулап, тамыры омкорулуп калган дарактардын коңулу. Аскаларга мыкты чыгат. Кышында -55 градус суукка дейре туруштук берет.

Жырткыч жаныбар болгондуктан азыгы болуп коён, чычкан, каракур, кереңкур, элик, түлкү, кемчет, каман (балдары) эсептелет. Жолунан чыгып калса ит, мышыкка да кол салат. Аңчылыкка түнкүсүн чыгат. Азыгы кенен учурда бир жерди байырлайт да, азыгы азайганда башка жакка оойт. Жем издеп 1 суткада 30 чакырымга чейин жол жүрөт. Эски дүмүр, кулаган дарак, таштарга жашынып туруп олжосу тушуна келгенде кол салуу – адаты. Кээде дарактардын туурасынан өскөн бутактарына чыгып алып, олжосунун үстүнөн 4 метрге чейинки бийиктиктен секирип түшүп кармайт. Курмандыгын 60-80 метрге чейин катуу кубалап барат. Угуусу абдан өнүккөн, коёндун талдын кабыгын кемирип жаткандагы дабышын 100 метр аралыктан угуп коёт.

БИР КҮНДӨ 3 КИЛОГРАММГА ЧЕЙИН ЭТ ЖЕЙТ

10-15 метр аралыкка катуу чуркап барып, анан күүлөнүп 2-3 метр аралыкка секире алат. Курмандыгынын кекиртегин тиштеп, жулууга аракеттенет. Жаракаттан өлмөйүнчө жемин бир топ жерге сүйрөп да барат. Жегенден калганын коңулга, далдоо жерге же карга көмүп коёт. Бирок ал кайра кайрылып келгиче көбүнчө башка жырткычтар жеп койгон болот. Бир күндө 1-3 килограммга чейин эт жейт. Мисалы, бир коёнду 2-4 күндө, эликти 2 аптада жеп бүтөт. Адамга оңой менен кол салбайт, бирок атып жарадар кылганда канкордугу ашынып, адам өмүрүнө коркунуч туудурат. Токойдо санитардын кызматын аркалайт, себеби көбүнчө ооруган, алсыз, карыган жаныбарларды жейт.

Жупташуу мезгили — жаз. Ургаачыларын талашып “жекеме-жеке” чыгышат. Табышкан жуптар мурдуларын тийгизишип, бири-бирин тилдери менен жалашат.

Ургаачылары балдарын курсагында 63-70 күн көтөрүп, анан жарыкка алып келишет. Адатта 2-3тү туушат. Жаңы туулгандардын көздөрү 12 күн дегенде ачылып, кулактары уга баштайт. Бир жыл ата-энеси менен чогуу болуп, анан өз алдыларынча кетишет. Жашоосунун узактыгы 15-20 жыл.

Душмандары адам, анан карышкыр. Карышкырлардан көбүнчө жаштары качып кутула албай калат. Ар тарабынан кол салган бөрүлөр аны тытып кетишет.

Кыргызстан Токой чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо агенттигинин маалыматына караганда, 2008-жылы өлкөдө 1023 баш сүлөөсүн болсо, алардын саны 2016-жылы 1154 башты түзгөн. Аларды аткандарга 50 000 сом айып пул салынат.

2017-жылы 2 сүлөөсүн мыйзамсыз түрдө атылгандыгы катталган. Аларды аткан жарандардын бири Жалал-Абаддын Чаткал районунан, экинчиси Ысык-Көлдүн Түп районунан кармалып, айып пул төлөшкөн. 2018-жылы сүлөөсүндөрдү атуу фактысы катталган эмес.

Канымжан Усупбекова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
ainura220888
2019-10-08 10:03:50
Биз жакта сулоосун кыйрагыдай. Тундо жаш балага окшоп ыйлайт. Корого чейин келетго. Ошол 1115 биздин коронун айланасында эле болсо керек)))
0
knk
2019-10-09 14:10:26
Ал чөө болсо керек да.
+1
adilet_3234
2019-10-10 09:15:03
сулоосун ыйлабайт, ал чоо
+1
№ 883, 3-9-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан