«КЕЛИНИМЕ КАТ»

Колума дайыма гезит ала жүрөм. Келин-уулум үйдө жокто эрмегим ушул китеп, гезит-журнал окумай, неберелерим менен алаксып ата-энеси жумуштарынан келгиче тамак-ашын даярдап үй жумуштарын да жасап бүткөнгө жетишем. Мендей кайнене келин үчүн олжо эмей эмне? Пенсиямды алып чып-чыргасын коротпой «балдарга таттуу алып бер» деп келиниме өткөрүп берем. Үй тиричилиги менин моюнумда. 3 баланын кир-кечесин да жууп, айтор, үй кызматчыдан кем иш кылбайм. Бирок канчалык төбөм менен жер казып иштесем да келинге жакпас болдум. Экөөбүз башынан эле ээрге кыйшык отуруп, ит-мышыкча тытышып, бетибиз ачылып калган. «Кемигинде да бар, керкисинде да бар» дегендей, мен дагы келиним жаңы келгенде кабыл албай бир топ жыл жеригеним чындык.

Адатымча гезиттин жаңы санын барактап калдым. Беттеринин биринен «Кайненеме кат» деген бакыйган баш сөз көзүмө урунду. Үңүлүп окуп баштадым. Кудум менин келиним жазгандай. «Балаңызды сүйдүм, ал да мени тандады, анын тандоосун сыйласаңыз, мени башында эле кабыл алмаксыз» деп жазыптыр.

Жалгыз уулум бар. Ушул чүрпөмдү жарыкка алып келем деп эмне деген азаптарды тартпадым? Билбейм, башка энелер бул азапты кандай көтөргөн, менин төрөтүм оор болуп, кан кетип, эс-учумду билбей бир нече күн жатып, доктурлар көрдүн оозунан бери тартып алгандай болушту. Ошондон кийин төрөй албасымды айтып, дарыгерлер жатынды алып салышты. Мындан соң күйөөм «мага сендей оорукчан аялдын кереги жок» деп таштап кетти. Ошентип жалгыз уулумду эш тутуп, ушуга шүгүр кылып кала бердим.

Оозунан чыкканын аткарып, «жок» деген сөз айтпай каалаганын жасап жүрүп баламды эрке кылып алдым окшойт. 15 жашында эле «унаа алып бер» деп кыйнай берип ал максатына да жетти. Таякелеринен акча алып, өзүм иштеп, карыздап жатып унаа сатып бердик. Ошол эле жылы уулум дал ошол унаасы менен кырсыктап 1 жыл бою ооруканада жатты. 1 жылда карып кеттим, саамайларымды ак басты, күнү-түнү баламдын өмүрүн тилейм.

Үнүм Кудайга жетип балам сакайып кетти. Ал ооруп жатканда каражат жагынан кыйналып карызга батып кеткем. Экөөлөп иштеп карыздардан кутулалы деп сүйлөштүк. Билими жок боз уланга жумуш табылыш оор да. Дагы жакшы Азаматым бойлуу, кең далылуу, өз курагынан кыйла улуу көрүнгөндүктөн, борбордогу чоң мейманканалардын бирине күзөт кызматкери болуп кирди. Келиним ошол жакта официант болуп иштечү экен. Азаматымдан 6 жаш улуу. Көк бет балам адатынча тежиктигине салып баягы кызды алам деп чыкты. Айла жок, алып кел дедим.

Босогону аттаганда эле жаккан жок. Баламды кыйбагандан гана макул болдум. Бирок ичим такыр жылыган жок. Баягы гезиттеги катта: «Бул үйгө кандай келин келери тууралуу эбак чечим чыгарып койгонсуз. «Жаркыраган күндөй баламдын жанында ушул эле болуп калабы?» деген өксүк ойлоруңузду ачык эле айтып жүрөсүз»,- деп жазылган жери бар болчу. Ооба, мен ошол күндөн тарта өксүктө жүрдүм. Оңтою келгенде аны айтып да алчумун. "Баламдан улуусуң, башын айлантып эле алгансың" дечүмүн. Сен да тикенектей болуп тилдүү чыктың. Көкүрөктөгү ансыз деле айыкпаган жарамды көсөө менен чукугандай ырбатып, тилиңди тартпай өкүттү күчөтө бердиң. Экөөбүз бири-бирибизге душман болуп чыга келдик.

Сен да күчтүү экенсиң, "кетпей жүрүп кегимди алам" дечү элең, ошону аткардың, удаа 3 бала төрөп орун-очок алып алдың. Кайнене-келин ушунча кагылышып жатса, баласы байкабай кайда жүрөт деп жатасызбы? Экөөбүздүн уруш ал жумушта жүргөндө башталчу. Куулугун айтпа, балам келгенде андан жумшак, андан сылык адам жок. Баягы ажаан аял жок, ашата сөккөн ачуу тилинен уулум келгенде апалагандан башка эч нерсе чыкпай калчу. Азаматыма арыздана берип ал да мени жаман көрүп калган. "Келиниңиз көзүңүздүн агы менен тең айланып эле турат го" дечү.

Келинимди кабыл албай, кыялымдагы келинди эңсеп, талашып-тартышып жүрүп акыры жеңилип бердим, алдан тайдым, 12 жыл айыгышуу менен өттү. Азыр башта айтып өткөндөй, оту менен кирип, күлү менен чыгып жашап жаткан чагым. Дагы деле сени үйүмө киргизгениме өкүнөм. Ысыгыраак чай ичейин деп сага күнүм түшөрүн түшүнүп, жеңилип бердим. Бирок сен аял катары мени түшүнүп, мамилеңди өзгөртүп жиберген жоксуң. Баса, сенин да жалгыз уулуң бар. Азыркылар аз төрөйт эмеспи. "Эки кызым менен жалгыз уулум жетет" деп эч ким менен кеңешпей эле ушинтип чечип койгонсуң. Жашоо бумеранг, мага кылганыңды келиниңден көргүң бардыр. Ошондо сенин да мага окшоп айга-күнгө теңебеген уулуң бир күнү өзүңө окшогон бирөөнү ээрчитип келгенде көрөм.

Бурма

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
Paprikafm
2019-10-07 09:50:45
Эми келинден жооп кутобуз
+5
KaGaH
2019-10-07 10:52:01
Азыркы келиндер кыйын,бир тааныш байке Москвадан аялы менен таанышып,Кыргызстанга алып барып үйлөнгөн экен,ага чейин Москвада орус менен,андан кийин чоң эле бир киши менен жашап жүргөн бузулган кыз имиш,барып никеде колун кесип кыз кылып аркасын жаап, Москвага кайра келип жашап жүрүшөт,тиги болбогон жерден эле уруш чыгарып,үйдө болгон нерсени үйүнө айта берип,бир шүмшүк жеңеси да аралашып акыры Кыргызстанга качып кетип,барып өзүнүн районунан бирөөгө тийип алыптыр,кызын апасына таштап,тозоко ту-р
-2
Nevestkaa
2019-10-07 11:46:15
KaGaH,күйөөсү аппак бекен тим эле үлпүлдөк.Кеткен келинди эч ким иииии ушу келин жакшы эле дебейт.Төбөң мн жер казсаң да баары бир келин келин боюнча калат.
+6
janym_balam
2019-10-07 12:19:27
Nevestkaa,болгон окуяны жазды да, силерди айткандай чычалайсыңарго
+4
KaGaH
2019-10-07 20:04:38
Nevestkaa, Жөөлүбочу мен болгон окуяны жаздым,ал байке менен мамилебиз жакшы,автобус айдап иштейт, кааласаң аялынын аты жөнүн сурап ушул жака жазам,өзүң сурап аласың калганын.
0
meni_kut
2019-10-10 14:27:15
KaGaH,Бироонун жашоосунун эмне кызыгы бар
+5
Nevestkaa
2019-10-07 11:47:14
Бизде кайнене келин мамилеси кандан канга сиңип калган.Келин өлбөйт житбейт робот .
+12
melissa-ba
2019-10-08 11:13:26
Nevestkaa,ошону айтсан кичине сыркоолоп калып бир эки ишин кылбай калсан башкача козу менен карайт
+3
Luna15
2019-10-07 12:30:35
Кайнэнем экообуз подружкадайбыз анча мынча досторго Караганда туболук ойдо сырдашабыз,чогуу магазин кыдырып кийим алганыбыздан бери окшош,ар кимдин мамилесинен деп ойлойм,эки уулум бар келиндерим да мени мн сырдаш,курдаш болсо экен деп тилеп отурам
+8
rahali
2019-10-07 15:26:11
Келин болуш деле оной эмес,Оз уйунон жакындарынан алыстап,болок уйго конушуп було болуп кетуу.Башында кайнене жакшы мамилесин созун аябай,билбегенин уйротуп тарбиялап алса,Келин деле жаман болбосо керек.
+10
Hadyja
2019-10-08 10:53:00
Эне менен уулдун ортосун бузган аялды Аллах Таала эки дуйно жыргатпайт.Бул дуйнодо бактысыз болуп,тиги дуйнодо деле жыргап кетпейт.Кээ бир аялдар эгоист суйуу десе эле,куйоосу аны эле суйуп,башкаларды жек коруп,ошондо озун бактылуу сезет.Бирок апасынын коз жашы менен эч качан бакыт курулбайт.
Мен дагы келинмин,кыйраткан деле келин эмес болушум керек.Бирок,апабызды биринчи орунга коем.Апабыз кубанса,ыраазы болсо куйоом бактылуу болот.Бактылуу адам гана,тугойун бактылуу кыла алат
+10
Dushabolna
2019-10-08 17:45:46
Катасы болсо тарбиялап бири биринерди ондоп, конулуно́рго карап душман болбой эле жашаса не болот экен деп коп ойлоном да.
0
raia
2019-10-09 17:46:21
Келиндер дайыма мен кулмун келген жериме дешет.Кылган кызматына милдет кылышат....
Ал эми турмушта кул болгон кайненелерчи ?
Алар санаалуу болсо да жабылуу аяк жабылуу бойдон калганы канча....
Аттин небересин бапестеп багып,чонойтсо да билбеген келиндер бар.Отту менен кирип кулу менен чыгып кызмат кылган кайненелерчи,заар тили менен чагып кайнене шордууну ойго салып,кан басымын которуп,корго тируулой турткону канча...
Атты жаман кайнене,тууган баласы жакшы,салган уйу жакш
+6
raia
2019-10-09 17:54:59
Бир кана кайнене жаман...
Бир кезде бироонун алпечтеген кызы,бир жандын арзуусуна жараган,агартып уул торогон,азыр тордун корку билгенге,билбегенге шумшук кайнене...
Кары байбиче да сулкулдогон жаш келин да аял заты.
Аял заты бир биририн тушунуп,бири бирин сыйлап,ынтымактуу доор сурсо ортодогуу каныбыздан буткон,жаныбыздан буткон балабыздан бактылуу ким болмок...

+4
Isikkolumkeremet
2019-10-11 15:32:16
Ушуга чейин озгорбогон эми озгормок беле.сый бололучу.чектен чыкпай.сиз биз деп туруп уйду коздой тайып кетем.кенээн кенээн дем алып #болунгондор жыргааал ээ#
0
№ 883, 3-9-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан