"КАЙНАТАМ НЕБЕРЕСИНЕ ТАРТУУ КЫЛГАН ҮЙҮН ТАЛАШЫП ЖАТАТ"

"КАЙНАТАМ НЕБЕРЕСИНЕ ТАРТУУ КЫЛГАН ҮЙҮН ТАЛАШЫП ЖАТАТ"

Окурмандардан келген суроолорго «НАСА» юридикалык компаниясынын башчысы, юрист Нурбек Абдалиев жооп берет.

– Уулум 12 жашта. Кайнатам уулума 1 бөлмөлүү үйдү тартуу кылып, мыйзамдуу түрдө документтештирип берген (келишимге мен кол койгом). Кайненем да макул болгон. Уулум 18ге чыга элек болгону үчүн үйдү карап, күтүү, кыймылсыз мүлк салыгын төлөө жоопкерчилигин мен алгам. Эми кайтыш болуп калган күйөөмдүн бирөөлөргө болгон качанкы карызы үчүн үйдү кайнатамдар кайра алып, сатып жиберүүнү көздөп жатышат (карызды кимден, канча өлчөмдө, эмне максатта алганын мен билбейм). Алардын ушундай кылууга укугу барбы? Менин уруксатымсыз сата алышабы?

Азиза, 36 жашта, Ош

– Урматтуу Азиза, эгерде бир бөлмөлүү үйдү тартуулоо келишими мамлекеттик каттоо органдарында катталган болсо, сиздин уруксатыңыз жок үйдү сата алышпайт. Ал эми кайтыш болуп калган карызкордун милдеттенмелери мыйзам боюнча эч кимге мурас болуп өтпөйт жана карыз тууралуу доомат токтотулат. 18 жашка толбогон жарандар карыз милдеттенмелерин өз моюнуна албайт, мыйзам жол бербейт. Кайната-кайненеңиздин талабы негизсиз, мыйзамсыз. Тартуулоо келишими бир себеп менен жокко чыгышы мүмкүн, эгерде тартууланган нерсени алган адам берген адамга материалдык чыгым же денесине залака келтирген болсо, сот аркылуу кайра тартып алганга укугу бар.

"ЧАТЫРЫНАН ЖАМГЫР, КАР БИЗ ЖАККА ТҮШКӨНҮ ҮЧҮН КОШУНАМДЫ СОТКО БЕРЕ АЛАМБЫ?"

– Биз жер тилкесин сатып алганбыз. Оң тараптагы коңшубуз дал чекке пайдубал куруп, времянка тургузуп алыптыр. Биздин жер тилке кичине болгондуктан чектен 1 метр эле калтырып үйдүн пайдубалын тургуздук. Жаан жааганда коңшубуздун чатырындагы суу биз жакка түшүүдө. Эми күз, кышта жаан-чачын көп болот. Эки үйдүн чатырынан түшкөн суу, кардан биздин үйдүн ички дубалдары ным тартып, көгөрүп кетеби деп кооптонуп жатабыз. Бул маселени кандай жол менен чечсе болот? Сотко бере алабызбы?

Айсана, 42 жашта, Бишкек

– Бул маселени чечүү үчүн сиз алгач кошунаңызга айтууңуз зарыл. Маселени өз ыктыяры менен чечпесе, жергиликтүү Жер ресурстары башкармалыгына арыз менен кайрылыңыз. Алар сизге акты түзүп, кошунаңыз менен жер тилкеси, курулуш жаатындагы талашыңызды чечип берет. Башкача айтканда, алар сиздин жана кошунаңыздын жер тилкесин ченеп, актыга жазып, коңшуңузду мыйзам боюнча жоопкерчиликке чакырат. Кошунаңыз алардын талабына да каршы чыкса анда сотко кайрылуу укугуңуз бар.

"ЖАРАКАТ АЛГАНЫМ ҮЧҮН КОМПАНИЯНЫ СОТКО БЕРЕ АЛАМБЫ?"

– Мен жакында курулуш материалдарын сатуучу жеке компаниянын кампасынан металл черепицасын сатып алгам. Компаниянын менеджери "жүк жүктөгүчтөр жетишпейт, өзүңүз жүк машинанын кузовуна чыгып, аларга жардам беришиңиз керек" деди. Айла жок макул болдум. Жүктөп жатканда жүк жүктөгүчтөрдүн бири мага айтпай 1 лист темирди мен жакка кескин жылдырып ийгенде санымды темир лист оюп кесип кетти. Алардын аптечкасы да жок экен, "Тез жардам" чакырып, ооруканага бардым. Ал жерден жаракатымды 8 жеринен тигишти, дарыларды да сатып алууга аргасыз болуп, жарам айыккыча ишке чыкпай үйдө жаттым. Кампанын жетекчилиги менден кечирим сурап да коюшкан жок. Мен аларды сотко бере аламбы?

Алишер, 42 жашта, Бишкек

– Тилекке каршы, сиз түздөн-түз сотко кайрыла албайсыз. Анткени айтып кеткен компания менен сиздин ортоңузда мыйзамдык эмгек келишими жок. Сиз өзүңүз макул болгонуңуз үчүн кырсыкка да өзүңүз жоопкер болуудасыз. Бирок бул жагдайды Мамлекеттик экотехинспекциясына кайрылып, болгон окуя боюнча акты (форма-Н1) түздүрүп, андан соң сотко кайрылып, ошол компанияны мыйзам алдында жоопко тарттырып, сизге келтирилген зыянды толугу менен өндүрүп алууга укугуңуз бар.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 883, 3-9-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан