Өмүрбек Курманбеков, темир уста: «ЗАМАН ТАЛАБЫНА ЖАРАША КЕСИП ТАНДОО КЕРЕК»

Ысык-Көл облусунун аймагында иш алып барып жаткан «Кумтөр Голд Компани» каржылаган долбоорлордун бири Борбор Азиянын Евразия фонду (FECA).

Аталган фонд калктын социалдык жактан өнүгүшүнө салым кошуп, эл анын кызматынан ар түрдүү багыттарда пайдаланып келүүдө. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай калкты ар кандай тармактарда тейлеп келе жаткан жаштардын иштери менен тааныштырабыз.

«ЧАТЫРДА ИШТЕСЕК ДЕЛЕ КАРДАРЛАР ИЗДЕП КЕЛИШЕТ»

Эламан Жолдош уулу Каракол шаарындагы базарда стоматологиялык кабинет ачкан. Ал «Кумтөр» компаниясы каржылаган FECA`нын долбоору алкагында 5000 доллар грант алып, стоматологиялык кресло жана рентген аппаратын сатып алган.

– Өзүм стоматологмун, буга чейин Бишкек шаарындагы клиникаларда иштеп келгем. Өзүмдүн жеримде стоматологиялык кызмат көрсөтүү кыялым болчу. 2 жыл мурун ушул жерден кеңсе алып кабинет ачтым. Аппараттарды тааныштардан алып иштеп баштагам, 5 айдан кийин «Кумтөр» тарабынан каржыланган фонд калкты туруктуу өнүктүрүү жана чакан бизнестерди колдоо боюнча грант берип жатканын угуп калдым. Ысык-Көл облусу боюнча 140ка чамалаган ар кандай долбоордун арасына менин дагы кыялым кошулду десем болот. 140 адамдын ичинен грант берүүгө татыктуу деп 10 адам тандалып, анын ичине мен да кирип калыптырмын. Керектүү жабдыктарды сатып алып калкка, кызмат көрсөтө баштадык. Өзүңүз көргөндөй, кабинетим соода орундарынын чатырында жайгашкан, ичи бир аз тардык кылат. Бирок буга карабай чатырга чейин чыгып кардарларым издеп келишет. Жакын арада бөлмөнү дагы кеңейтейин деп жатам, маңдайдагы бош жерди сатып алдым. Жаз алды менен, буюрса, чоңураак кеңседе иштеп калабыз. Учурда бул кабинетте 5 адам иш менен камсыз болуп жатабыз.

«ТЕМИР УСТАЧЫЛЫК КИРЕШЕЛҮҮ КЕСИП»

Ишкер Өмүрбек Курманбеков 27 жашта. Ал Каракол шаарында темир устачылык, ширетүүчүлүк менен алектенет. Курманбеков иштеткен цехтен чыккан буюмдарды шаардын бардык бурчунан тапса болот. Ширетүү иштеринен тартып, темирди көркөмдөп ийүү, кооздоо, дарбазадан тартып кийим илгичке чейин жасаган балдар чыныгы таланттын ээлери экенине күбө болдук.

– Башынан эле өзүм кызыккан кесипти тандап алгам. Окуу жайда окуп жүргөндө эле ширетүүчүлүк менен алектенчүмүн. Акыркы 3 жылда темир иштетүүгө кызыгып, темирди ийүү, жалпайтуу, ар кандай формага келтирүү өнөрүн өздөштүрүп алдым. Ал үчүн атайын станок керек. Бул станокту сатып алуу үчүн мага каражат керек болду. Ага жетүүнүн жолун издеп, «Кумтөр» каржылаган долбоор тууралуу угуп калдым. Жазган долбоорумдун арты менен 5000 доллар грант уттум. Анын 4200 долларына атайын Орусиядан станок алынып келинди. Калган каражатка дагы керектүү жабдыктарды алып, ишибизди кыйла жеңилдетип алдык. Толук кандуу быйыл жаз айларында ишке кириштик. Кыска убакыт ичинде кардарлардын санын көбөйтө алдык. Бизде бош отуруу жок, буюртмалардан кол бошобойт. Темирди ийип же ширетип, керектүү гана буюмду жасап койбостон, биз анын сырткы көрүнүшүнө да көңүл бурабыз. Ар бир чыгарган буюмубуз 100 пайыз сапаттуу болушу үчүн боёк чачып, колдонууга даяр кылып чыгарабыз. Мисалы, сооттолгон эшиктер, дарбазалар, ар кандай кооздоочу бөлүкчөлөр, оюу-чийимдер, кийим илгичтин түрлөрү, бут кийим тизүүчү текче сыяктуу буюмдардын баарын жасоо колдон келет.

Учурда цехте мени кошкондо 4 бала жумуш менен камсыз болгонбуз. Мындан тышкары шаардагы кесиптик окуу жайдын студенттери да келип практика өтөп кетишет. Кесиптик техникалык окуу жайдан келген студенттерге теориялык жактан да, практикалык жактан да билим берүүгө кудуретим жетет. Анткени биздин цехте экөөнү айкалыштырып үйрөнүү мүмкүнчүлүгү бар. Ширетүүчүлүк жана темир устачылык замандын талабына шай келген мыкты кесип. Баары эле азыр юрист, экономист, финансист болгонду самашат. Ал билимди жогорку окуу жайдан бүтүп алып ширетүүчүдөн аз айлык алган кызматтарда иштеп жүрүшпөйбү. Азыркы жаштарга айтарым, кесипти тандаардан мурун ага карата талап кандай болорун анализдеп алган туура.

«АЗЫР АР БИР ЭКИНЧИ ҮЙДӨ УНАА БАР»

Ушул эле долбоордун арты менен унаа оңдоочу жай ачып иштетип жаткан Канат Иманалиев Саруу айылында жашайт. Ал жеңил унааны бийик көтөрүп алып оңдой турган заманбап жабдыкка ээ болгон.

– «Кумтөр» компаниясы жана FECA`нын биргелешкен долбооруна чейин көптөгөн уюмдарга, фонддорго долбоорлорду жазып эле келгем. Бирок аларда талаптар абдан татаал болуп, бир эле түшүнүксүз жагдай болсо суроолорду берип, мөөнөттү созо беришчү. Ал эми бул фонддун долбоору карапайым элге жеткиликтүү, биз тараптан да суроо жаралбайт, ал эми FECA тарабынан сенин долбооруңа суроо жаралса жүктү сага салып койбой, кандай кылуу керек экени боюнча багыт беришет. Ошентип 5000 доллар грант утуп алдым. «Кумтөрдүн» каражатына аткарылган долбоордон жеңем деген ой жок эле унаа оңдоочу жайдын имаратын тургуза баштаганбыз. Грантты алгандан кийин дубалды бийиктетип жаңы алган жабдыгыбызга ылайыктап куруп чыктык. Азыр ар бир экинчи үйдө унаа бар. Андыктан бизде унаа оңдоочу жай иштетүү талабы чоң.

Гүлжан Асанкожоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан