ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 14-ОКТЯБРДАН 20-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН



КОЙ (21.03-20.04)

Жумуш учурунда бирөөгө ишенип же боорукерлик кылсаңыз, ишиңизге тескери таасирин тийгизиши ыктымал. Аптанын аягын досторуңуздун же жакындарыңыздын жанында өткөргөнүңүз оң. Түгөйлүү болсоңуз, анын пикирлерин жакшылап угуңуз. Бул ортодогу гармониянын бекемделишин шарттайт.

БУКАЧАР (21.04-20.05)

Бул жумада сапарга чыгарыңыз күтүлүүдө. Даярдыкты тыкыр иштеп чыгыңыз. Графикке карабай иштерди эрте бүтүрүп алганыңыз оң.

Сүйүктүүңүз менен конфликт жаралат. Өз ара сүйлөшүп алган соң жылуу сөздөр ашыктык кылбайт. Ден соолугуңузга кам көрүңүз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Чала тааныш адамдар менен иш алып барып, аларга ишеним артууга ашыкпаңыз. Бул жеке жашооңузга да, ишиңизге да тескери таасирин берип калышы ыктымал. Айланадагыларга берген сөзүңүздү иш жүзүндө далилдеңиз. Бул сиздин кызматтык потенциалыңызды көтөрөт.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Апта сизди бир нече тандоого туш кылган оор жумалардан болмокчу. Жакшылап ойлонуп, логика, билим багажыңызга таяныңыз. Тобокелчиликке баруу ашыктык кылбайт. Акча жаатында маселелер жаралышы ыктымал. Бул сизден көз каранды эмес, кыжалат болбоңуз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Бул жумада жылдыздар сизге сюрприз тартууламакчы. Жаңы жумуш орду сунушталып, кызматка ээ болушуңуз күтүлүүдө. Бирок сүйүү жаатында чыңалган мамиле чырт үзүлүп кетүү коркунучунда турат. Жаңы таанышуулар же кайрадан элдешип жаңы сезимдерди тутандыруу маселеси күтөт.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Апта абдан динамикалуу иштер менен башталат. Туш тараптан түшкөн сунуштар, туугандардын тапшырган иштерин аткаруу. Эмоцияга алдырып, жеңилип бербеңиз. Ачуулануу жумушуңуздун келечегине таасирин тийгизип калышы мүмкүн. Жан дүйнөнү азыктандырууну да унутпаңыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Бул жумада жылдыздар сизди сабырдуу болууга чакырат. Аптанын башында эле кыжырды кайната турган кырдаалдарга туш болосуз. Мындайда четке чыгып, “сеники туура” деген тактиканы колдонуңуз. Кызыктуу адамдар менен баарлашуу сизди алаксытып, жуманын тез өтүшүн шарттайт.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Көптөн бери маани бербей жүрүп аягына чыкпай калган иштериңиз маселе жаратат. Анын алдын алуу үчүн эптеп-септеп колдун учу менен иш кылбай, көңүлдөнүп жасаңыз. Адамдар менен баарлашууда да абайлап сүйлөңүз. Ден соолукту ойлоп, учурунда тамактанууну унутпаңыз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Жуманын башында жаралган маселени чечем деп ар кай жакка чуркап жатып энергияңыздын баарын коротуп салбаңыз. Жакын досторуңузду жардамга чакырыңыз. Жылмайыңыз, кайрымдуулук кылыңыз, жардам сураңыз, бирок жардам кылууну да унутпаңыз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01))

Көп киреше табам деп көп иштөөгө умтуласыз. Ден соолукка оордук келе турган иштерди жасап калышыңыз мүмкүн. Кырсыктардын алдын алып, коопсуздук эрежелерин туура аткаруудан эринбеңиз. Иш көп болгондуктан эс алууга жетишпей калышыңыз ыктымал.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Сизди тажатып жиберген чөйрө, маал-маалы менен кыжырыңызга тийип турган адамдардан арылууга ылайыктуу жума. Бирок адамдардын көңүлүн оорутуп алуудан сак болуңуз. Күнүмдүк нерселерден алыстап, жаңы чөйрө, жаңы таанышуулар менен алаксыганга аракет кылыңыз.


БАЛЫК (20.02-20.03)

Материалдык кызыкчылыктын баары экинчи планга чыга турган маал. Сиздин жан дүйнөңүз азыктанууну жана адаттан сырткаркы нерселерди талап кылмакчы. Жакын деп эсептеген адамыңыз менен жан дүйнөңүздү ачып сүйлөшүңүз. Өзүңүздүн ички туюмдарыңызга кулак түрүңүз.

 Кыстарылган видео 
Жылдыз төлгө. 14-20-октябрга чейин
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан