БООРДУ ЖАЗДА ЭМЕС, КҮЗДӨ ТАЗАЛОО КЕРЕК

Боорду тазалоонун натыйжасы – сергектик, энергиянын кошулушу, ойлоонун, эс-тутумдун жакшырышы, жакшы уктоо, теринин, чачтын абалынын оңолушу. Андыктан боорду тазалап туруу кажет. Бул жаатта аюрведа боюнча эки ыкманы сунуштайбыз.

ДЕНЕДЕГИ ЫСЫКТЫ ЧЫГАРБАСА БООРДУН ИШТЕШИ БУЗУЛАТ

Күз мезгили боордун ишин жеңилдетип, аны тазалап алууга ыңгайлуу учур. Анткени жайы менен организмде топтолгон ысыктан көптөгөн оорулар козголот. Боор — биздин денебиздеги жылуулуктун да булагы. Демек, ысык боордо көп топтолот. Ал эми ички органдардагы сезгенүү боордун иштешинин бузулушунан келип чыгат. Көптөр боорду жазында тазалашат, бирок жаз өттүн мезгили (өт көп иштелип чыгып, организмде былжырлардын көбөйүп кетиши, былжыр болсо пассивдүү энергия) болгондуктан, жазында боорун тазалагандар жыл бою илең-салаң, бошоң жүрүшөт. Андыктан боорду күздө тазалоо керек.

Күздө кайсы өнөкөт оорулар козголот?

  • Тамак сиңирүү органдарынын оорулары — ашказан, 12 эли ичегинин жарасы, гастрит жана башка
  • Заара жолдорунун оорулары — нефрит, аднексит, цистит, пиелонефрит
  • Шакый
  • Боор жана өт баштыкчасынын оорулары — холецистит, панкреатит
  • Өпкө оорулары — бронхит, астма жана башка

Рациондон кыскартабыз:

  • Жаныбар белогу. Жеңил вегетарианчылыкка өтүңүз. Бирок торпок, уй, козу, тооктун семиз эмес этин 1 аптада 2 иреттен ашык эмес колдонсо болот.
  • Май. Зайтун, каймак майын гана аздан колдонуу керек.
  • Ачуу татымалдар. Калемпир, майдаланган мурч, имбирь, горчица, сарымсак, хрен. Ал эми тоголок мурчту калтырыңыз.
  • Ун азыктары, туз, кант, сүт жана сүт азыктары (өзгөчө майлуу быштак, йогурт, каймак), жаңгак, семичке, кант жана таттуулар
  • Уксус, ачытылган капуста, туздалган жана маринаддалган помидор, бадыраң жана башка

Басым жасайбыз:

  • Буурчак өсүмдүктөрүнө — чечевица, маш. Аларды сууга бышырып, жашылча же күрүч менен жылуу кезинде жеңиз.
  • Жашылчаларга. Айрымдарын бышырып, айрымдарын чийки боюнча жесе болот.
  • Акшактарга (сулу, күрүч). Булар денедеги ысыкты чыгарат. Лидери – күрүч. Мунун ичинде жыттуу, даны узун жасмин жана даны майда басмати күрүчү артыкчылык кылат.
  • Боорду тазалоо мөөнөтү — 1 ай.


БООРДУ ТАЗАЛОО ЖАНА ИЧТЕГИ МАЙДЫ ЭРИТҮҮ ҮЧҮН 3 МЫКТЫ СУУСУНДУК

Жогоруда айтылгандай кылып боорду тазалап алып, ортодон 2 апта өткөн соң төмөнкү ыкмалардын бирин боорду кошумча тазалоо жана ичтеги майдан арылуу үчүн 7 күн колдонсоңуз болот.

  • Ромашка чайы. Бул уктаар алдында ичилет. Анткени ал жакшы уктоого жардам берип, жоон ичегини тазалайт, боордун иштешин жакшыртат.
  • Сулу. Чакан кеседеги сууга сулуну чылап, андан соң сүзүп, блендерге салыңыз. Үстүнө 1 чай кашык корица жана 1 стакан ысык суу куюлат. Муну жылуу кезинде ар күнү кечинде ичиңиз. Сулу тамак сиңирүү системинин ишин жакшыртат.
  • Имбирь жана лимон суусу. Имбирдин бир кесимин жана лимондун жарымын сууга салып, 5 мүнөт кайнатып, анан муздатыңыз. Мындай кайнатма кечинде ичилет.

Эскертүү: бул кеңештерди колдонор алдында дарыгер менен кеңешүү талап кылынат!

Канымжан Усупбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
ainura220888
2019-10-19 17:48:17
Мен кундо лимон суу ичем аябай женил жакшы журом. 10кундой ичбей калсам сезем
0
№ 884, 10-16-октябрь, 2019-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан